Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:53

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Жума ичинде бир нече сот процесстери жүрдү. Бишкектин райондук соттору Zanoza.kg сайты жана анын негиздөөчүлөрү Нарын Айып менен Дина Масловадан 24 миллион сом, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповадан 3 миллион сом өндүрүү тууралуу чечимдерди чыгарды. Дагы бир 3 миллион сомдук доо арызды сот карай элек.

Башкы прокуратура Zanoza.kg сайтына чыккан айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди деген негизде сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген.

Нарын Айып шаардык сотко арызданышканы менен “эч кандай иллюзияга жетеленбей” турганын айтат. "Райондук соттор кандай чечим кабыл алып жатканын билесиздер, шаардык сот да анын баарын бекитет го" – деген журналист жаңы интернет сайт ачты.

4-июлда Октябрь райондук соту "Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирген деп тапты. Сот адвокаттардын ар бири 5 млн сомдон мамлекет башчыга төлөп берүүгө милдеттендирди.

6-июнда Бишкектеги Көз карандысыз журналисттер биримдиги билдирүү таратып, соттордун чечимдерин “президенттик шайлоо алдында Кыргызстандагы окуяларды бейтарап чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракети” деп баалады.

“Занозага” каршы үч иш

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 29-июнда "Заноза" сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды.

"Мунун баары эркин интернет басылмаларын жабуу аракети. Окурмандарды мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынан башка булактан маалымат алуусун чектөө. Бул шайлоо алдында медиа айдыңында ыңгайлуу гана массалык маалымат каражаттарын калтыруу аракети", - деди Көз карандысыз журналисттер союзунун төрайымы, Тамара Валиева.

Соттордун интернет басылмага, журналисттерге ири доо койгон чечимдерине жарандык коомдун өкүлдөрү да тынчсызданууда.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов ​"Нарын Айып тогуз миллион сом доого жыгылды. Атасынан калган, энеси жашаган батири да камакка алыныптыр. Нарын Айып журналистика тармагында 43 жыл иштептир, бирок ушунча жыл ичинде да тогуз млн сом чогулткан эмес" - деди жарандык коомдун өкүлдөрү өткөргөн талкууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юрист Зайнидин Курманов соттор доого жыгылган адамдын айлыгына, төлөө мүмкүнчүлүгүнө карап, чечим чыгарышы керектигине токтолот. "Сот ошон үчүн сот да. Прокуратура жана башкалар өзүнчө. Бул соттук иликтөө жасап, электен өткөрүп, бир жыйынтыкка келиши керек" - дейт окумуштуу.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ​"25 жыл ичинде массалык маалымат каражаттарында “биз баарын жаза берсек” болот дегендей ой калыптанып калганын" белгилейт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийликтеринин мындай чечимдерин сөз эркиндигине жана оппозициялык көз караштагы жарандык коомдун өкүлдөрүнө кысым деп баалап жатышат.

27-июнда Брюсселде Европа кеңеши менен Кыргызстан ортосундагы адам укуктары боюнча сегизинчи жылдык диалогдо сөз эркиндиги тууралуу маселеле дагы көтөрүлдү. Кеңеш республиканын бийликтерин ачык жана атаандаштык шарттагы шайлоо өткөрүүдө медиа каражаттарынын эркиндигин колдоп, камсыздоого чакырат.

Текебаев - Чотонов соту: күбөлөрдүн көрсөтмөсү

Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун кылмыш ишин териштирген сот процесси уланды. 4-июлда айыптоочу тараптын дагы бир күбөсү, "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов көрсөтмө берди. Ал 2010-жылдын апрель айынан кийин убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен эки жолу жолукканын айтты. "Текебаев компания тууралуу жалпы маалымат менен таанышкан", кийин "Модин менен да жолуккан" деди. Текебаев орусиялыктардан 1 млн доллар алганы тууралуу башка бирөөлөрдөн гана укканын кошумчалады.

Базаркуловдун тергөөчүгө берген көрсөтмөсүнө караганда “Мегакомдун” акцияларына ээ болууга эки топ кызыккан, алардын бири Модин баштаган орусиялыктар болгон.

Айыпталуучу Текебаев Базаркуловдон "Мегакомдун" башкы директорлугуна дайындалып жатканда өкмөттүн кайсы мүчөсү же мүчөлөрү менен маектешкенин сурады. Базаркулов маектешүүдөн өткөнүн гана айтып, калганы коммерциялык сыр деп, жооп берүүдөн баш тартты.

Судья Айбек Эрнис уулу маркум Талант Маматкеримовдун жубайы Жылдызкан Ташматованын көрсөтмөсүн кагаздан окуп берди. Тергөөдө Маматкеримов 2010-жылы Текебаев менен Чотонов орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар алганда ортомчу болгон деп аныкталган. 2014-жылы онкологиялык дарттын айынан көзү өтүп кеткен.

Ташматова күйөөсү Чотонов менен Текебаевди тааныганын, 2010-жылы алар менен “Мегакомдун" иши боюнча Москвага учуп барганын жазып берген. Ал эми эки саясатчынын орусиялыктардан 1 млн доллар пара алганы тууралуу маалымат каражаттарынан окуган.

Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев

6-июлда болсо айыпталуучулардын күбөлөрү сотто көрсөтмө бере башташты. Текебаевдин мурдагы жардамчысы Жоомарт Сапарбаев 2010-жылдын май айында Маевский, Модин алар иштеген кеңсеге келбегенин бышыктады.

"Текебаевге жолугушууга келген ар бир адам мен аркылуу жолукчу. Менин эс тутумум жакшы. Модин да, Маевский да иш бөлмөгө келсе таанып калмакмын. Бирок мен аларды Текебаевдин жардамчысы болуп иштеп жүргөндө бир да жолу көргөн эмесмин" - деди "Ата Мекен" партиясынын экс-депутаты.

Сапарбаевдин ырастоосунда Маевский менен Модинди биринчи жолу быйыл февралда интернетке видео көрсөтмөсү чыкканда гана көргөн.

Сапарбаев Модиндин видео көрсөтмөсүндөгү иш кабинет 2010-жылы алар отурган кеңсе эмес экенин бышыктады. Өмүрбек Абдрахманов “Ата Мекен” партиясы менен мамилесин эбак эле бузганын, эки айыпталуучуга “душман” болуп калганын дагы кошумчалады.

Ушул процессте Абдрахмановдун жубайы Бейил Айдакееванын кагаз жүзүндөгү көрсөтмөсү окулду. Ал Текебаевдин 1 млн доллар алганы тууралуу таанышынын уулунан укканын жазып берген.

Текебаевдин адвокаттарынын айтканы боюнча сотко күбө катары келчү элүүгө чукул адам бар. Судья күбөлөргө чек койгон эмес.

Жапаровдун соту: негизги күбө көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши каралып, негизги күбөлөрдүн бири Наристе Калчаев суралды.

Ал 2013-жылдын 7-октябрында Караколдогу митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алганы үчүн соттолуп, №8 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Калчаев 7-октябрдагы митингге чейин Садыр Жапаров менен эки жолу жолукканын, бирок Жапаров ал митингди уюштурбаганын билдирди. “Каптагаевди машиненин ичинде барымтага алгандардын арасында биздин балдар жок, баары чоочундар экен” – деди сотто көрсөтмө берип жатып.

Караколдо митингди өткөрүүгө Садыр Жапаров түз финансылык колдоо көрсөтпөгөнүн, кийин гана айрымдардан 90 миң сом бөлгөнүн укканын айтты.

Бул иштин дагы бир негизги күбөсү, абакта отурган Кенжебек Жумабаев сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. "Мен ошол кишинин арызы менен ушул жерде жатам. УКМК кызматкерлери ага жалган арызды жаздырып, эми күбө катары алып келбей жатат. Менин ага көп суроом бар" - деген Жапаров аны сотко алып келүүнү судьядан өтүндү.​

Жумабаев 2013-жылы 7-октябрдагы митингге катышып, бийликти басып алууга аракеттенгени үчүн соттолгон. Ал Жапаровдон телефон аркылуу тапшырма алып турганын жана митингди уюштурууга акчалай көмөктөшкөн деп тергөөчүгө көрсөтмө берген.

Жапаровдун ою боюнча Жумабаевдин тергөөдөгү көрсөтмөсү басым алдында коркутуу жолу менен жазылган.

Өзүнчө өтүп жаткан саясатчынын 12 тарапкеринин сотуна УКМК жана милициянын өкүлдөрү суралды.

Экс-депутат Садыр Жапаров 25-мартта чет өлкөдөн келатканда кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Гамбургда Трамп менен Путин жолугушту

Жума күнү Германиянын Гамбург шаарында өткөн “Чоң жыйырманын” саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин жолугушту. Эки чоң өлкөнүн башчылары алгачкы жолу көздөшүп, эки сааттан ашуун сүйлөштү.

Эки тараптуу жолугушууга президенттерден башка мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана эки тилмеч гана катышты.

8-июнда Гамбург шаарында “Чоң жыйырманын” саммитинин соңунда өткөн маалымат жыйында Путин​ “телевизордон көргөн Трамп чыныгысынан абдан айырмаланат. Өтө так, баарлашкан адамды туура кабыл алат. Коюлган суроого же талкуунун жүрүшүндө келип чыккан кандайдыр бир жаңы жагдайларды тез анализдеп, жооп берет” - деген баасын айтты.

Мамлекеттик катчы Тиллерсон президент Трамп сүйлөшүү маалында Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн “бир нече жолу” көтөргөнүн журналисттерге айткан эле.

“АКШнын президенти маселени көтөрдү, биз талкууладык. Бир эле суроо эмес, бир нече суроо болду. Ал [Трамп] буга көп көңүл бурду. Биздин позициябыз жакшы белгилүү. Мен аны билдирдим. Орусия Кошмо Штаттардын шайлоо процессине аралашкан деп саноого эч кандай негиз жок” - деген Путин журналисттерге маселе талкууланганын бышыктады.

Ушул тапта АКШда Конгресс менен ФБР былтыркы президенттик шайлоого Москванын кийлигишүүсү болгонбу же жокпу, Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен байланыштарын иликтеп жатат.

Колумбия университетинин профессору Роберт Легвольд орус-америка мамилесинде тоскоолдук жараткан “башкы нерсе” ушул маселе экенин белгилейт.

“Азыр Ак үй менен Кремль бул маселени чечүүнүн жолун акырын жана жылма дипломатия аркылуу табуусу керек. Анын жолун тапкандан кийин гана эки тарап башка маселелерди кароого өтсө болот" - деген профессор Москванын дагы "Вашингтондун Орусиянын ички иштерине кийлигишкени боюнча АКШга койчу кинеси бардыгын” белгилейт.

Биринчи жолугушуунун максаты – "алар бирге иштеше алабы, канчалык чын ыкластан мамиле түзүүгө кызыкдар, кызматташууга даярбы - деген жөнөкөй суроолорго жооп алып, бири-бирине баа берүү" - дейт Легвольд. “Же тескерисинче, бул жолугушуудан башкача жыйынтык чыгышы да мүмкүн. Маселен, Путин президент Трамп компетенттүү эмес, ага ишенүүгө жана алдын ала болжолдоп болбойт деген тыянакка келиши мүмкүн. Трамп Путин мамиле курса болот деп ойлогондой адам эмес экен деген ойдо калышы мүмкүн” – дейт америкалык политолог.

Ишемби күнү президент Трамп журналисттерге “жолугушуу абдан жакшы өткөнүн” айтса, Путин Кошмо Штаттардын лидери менен көзмө-көз кездешкенине кубанычта экенин билдирди. Жарым саатка пландалып, 2 саат 15 мүнөткө созулган жолугушууда Украинадагы жаңжал, Сириядагы согуш, глобалдык терроризм, киберкоопсуздук жана эки тараптуу маселелер талкууланганы кабарланды.

"Чоң жыйырманын" саммити: компромисс табылды

6-7-июлда Гамбургда дүйнөдө экономикасы чоң 20 өлкөнүн лидерлери эки күндүк саммитке чогулушту. Глобалдык финансы рыногун жөндөө, терроризм менен күрөш, климаттын өзгөрүшүнө жана эпидемияларга каршы туруу боюнча чаралар талкууланды.

Саммитте глобалдык соода жана климаттын өзгөрүүсү боюнча компромисс табылып, коммюнике кабыл алынды. АКШ лидеринен башка саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүүсүн токтотуу боюнча Париж келишимин тез арада колдоону макулдашышты.

Трамп Кошмо Штаттар бардык дүйнө өлкөлөрү колдогон келишимден чыгарын 1-июнда жарыялаган.

Канцлер Меркел ишемби күнү “Чоң жыйырманын” саммитинен кийин Гамбург шаарында туруп, "Тилекке каршы, Кошмо Шттаттар келишимден чыгуу ниетин билдирген. “Чоң жыйырманын” калган өлкөлөрү Париж келишими артка кайтарылгыс экенин белгилешет жана биз аны тезирээк ишке киргизүүнү макулдаштык” - деп айтты.

Саммиттин катышуучулары АКШ президенттин келишимден чыкпоого жана глобалдык сооданы либерилизациялоо боюнча макулдашууну чакырышты.

Ак үй Трамптын кезектеги апталык видео кайрылуусун таратты. Анда АКШ президенти ​“климат боюнча Париж келишиминен бир тараптуу чыктым. Чын эле бир тараптуу экенине ишенгиле. Биздин өлкө үчүн жаман иш болгон жок" - деп шайлоо маалында берген убадаларын аткара баштаганын элине эскертет. "Дүйнөдө ар бир өлкө өзүнүн жеке кызыкчылыктарын коргойт» деген Трамп “Америка дагы ошону кыларын” белгилейт.

Ишемби күнү Гамбургдагы саммиттин катышуучулары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Президент Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушуп, Бээжинди Түндүк Кореяга ядролук программасын токтотуу үчүн “басым көрсөтүүгө” кайрадан чакырды.

Гамбурдагы саммит жүздөгөн антиглобалисттердин каршылык акциялары менен коштолду. 8-июлда эртен менен полиция шаарда кырдаал калыбына келгенин билдирди. Ишембиге караган түнү жүздөн ашуун киши кармалып, 200гө чамалуу полиция кызматкерлери жабыркады. Шаардын бир супермаркетиндеги талап-тоноочулукка 500дөй киши катышканы маалым болду. Көчөгө чыккандар баррикадаларды тургузуп, полиция жакындап келатканда өрт коюп жатышты. Полиция аларга каршы желим союлдарды колдонуп, суу бүркүп, көздөн жаш чыгарган газ чачты. Жума күнү да шаарда машинелер өрттөлдү.

“Чоң жыйырмага” дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 19 мамлекет жана Евробиримдик кирет. Биримдиктин кийинки саммити Аргентинада жана Сауд Аравиясында өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG