Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Футбол: чечүүчү мелдеш


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Рашид стадиону. Дубай шаары.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Рашид стадиону. Дубай шаары.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаcы Филиппиндин курама командасын жеңсе, Азия кубогунун кийинки баскычына чыгышы мүмкүн. Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну 16-январда, Дубайдагы "Рашид" стадионунда өтөт.

Азия Кубогунун тайпалык баскычтагы жыйынтыктоочу оюндары башталып, мыктылар иргелип, алсыз командалар мелдештен четтеп жатат. Азия кубогунан четтеген алгачкы командалар "А" тобунан - Индия, "В" группасынан Сирия курамалары болду.

Бүгүн "С" тайпасындагы эки команда Филиппин менен Кыргызстандын мелдештеги тагдыры чечилет. Бул оюндагы жеңген команда кийинки баскычка чыкса, жеңилгени мелдештен четтейт.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин 15-январда журналисттерге билдиргенине караганда, Филиппин менен боло турчу оюн Кыргызстан үчүн өтө маанилүү.

​- Албетте тайпадан чыгабыз деп жүз пайыз айта албайм. Бирок башка командаларга караганда мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Эгер биз Филиппин курама командасын жеңсек, тайпадан чыгабыз, - деди башкы машыктыруучу.

Александр Крестинин кошумчалагандай, "ак шумкарлардын" даярдыгы жакшы:

- Тайпадагы үчүнчү оюн – негизи эле көп нерсени чечет эмеспи. Биз үчүн да чечүүчү оюн болуп турат. Ага жалпы команда чечкиндүү түрдө даяр. Оюнчулардын маанайы жакшы. Бардык күч-аракетибизди жумшап, жеңишке жетүүгө аракет кылабыз.

Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну 16-январда, Бириккен Араб Эмирлигинин Дубайдагы "Рашид" стадионунда өтөт. 15-январда футбол боюнча улуттук курама команда аталган стадиондо беттеш алдындагы машыгуусун өткөрдү. Ага 23 футболчу катышты.

Учурда "С" тайпасында Кытай менен Түштүк Корея командаларынын алтыдан упайы бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде упай жок. Андыктан Филлипин курама командасы үчүн да бул беттеш өтө маанилүү экенин улуттук курама команданын жарым коргоочусу Фархад Мусабеков белгиледи.

- Бизди аябай кыйын беттеш күтүп турат. Утуп, кийинки баскычка чыгышыбыз керек. Бирок Филиппин курамасы да жеңип, кийинки баскычка чыгууну каалайт. Андыктан эки команда үчүн оор беттеш болот. Биз даярбыз. Баарыбыз оюнду күтүп жатабыз, - деди жарым коргоочу Фархад Мусабеков.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин кураманын оюн тактикасына да өзгөртүү киргизе турганын белгиледи. Ал эми өзбекстандык спорт журналисти Шахбоз Бегамов кыргызстандык командага жогору баа берди.

- Филиппин курама командасында мыкты, тажрыйбалуу оюнчулар бар. Свен Ёран Эрикссен аттуу машыктыруучу жетектеп турат. Техникалык жактан да жогору. Бирок комадалык оюн жагынан Кыргызстан курама командасы алдыга кетти. Анткени буга чейинки эки оюнда өзүнөн алда канча күчтүү командалар менен ойногонуна карабай, өзүнүн чеберчилигин гана көрсөтө алды. Андыктан чечүүчү оюнда жеңишке жетип, өз тарыхында алгачкы жолу Азия Кубогунун кийинки баскычына чыгат деп ишенем.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнда "ак шумкарлар" Кытай курамасына 2:1 эсебинде, экинчи оюнунда Түштүк Корея курама командасына 1:0 эсебинде жеңилди.

Азия Кубогунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында, ар бир тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 12 команда жана үчүнчү орунду ээлеген, эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команда 1/8 финалына чыгат. Учурда кийинки баскычка үчүнчү орун менен Бахрейн курамасы мүмкүнчүлүк алды. Тайпалык баскычтын оюндары 17-январда жыйынтыкталат.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG