Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:17

Атамбаевдин миллиондору жана тарых


Атамбаевдин миллиондору
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:16 0:00

Атамбаевдин миллиондору.

УКМК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү менен бизнесине байланыштуу жагдайларды териштирип жатат.

Мурдагы мамлекет башчы бай экенин, алгачкы миллионун 90-жылдардын башында эле тапканын, элден озунуп "Мерседес" мингенин, китеп басып чыгарып байыганын айтып жүрөт.

Бирок мындан күмөн санагандардын катары калың, айрыкча ушул тушта анын мүлкүнө байланыштуу уу-дуу кеп күчөдү.

Бишкектеги Токтогул менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде 90-жылдары жазуучулар үчүн жети кабаттуу, көп батирлүү үй курулуп бүтмөк. Ошол кезде өкмөттөн 50 миллион рубль насыя берилген. Бул акча көп батирлүү үйдөн сырткары басмаканага да жетмек.

Бирок "үйлүү болобуз, китептерди бат-бат чыгарабыз" деп кудуңдаган ондогон жазмакерлердин үмүтү таш каап, "же уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок" деген абалда калган. Эмгиче эле "Ошол акча кайда, ким жеди?" деген суроолор тыйылбай келет.

Бул чырда негизинен Жазуучулар союзунун ошол кездеги биринчи катчысы Асан Жакшылыков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аты аталат. "Атамбаев ошол акчанын эсебинен байыган" деген сөздөр маал-маалы менен козголуп турат.

Бул акча тууралуу сөздөрдү 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Орусияга качкан мурдагы президент Аскар Акаев бир сыйра кызыткан. Ал мындан төрт жыл мурда Москвадан 7-каналдын суроолоруна жооп берип жатып, акчаны маркум залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго карматканын, ал болсо Алмазбек Атамбаевге өткөрүп бергенин, ошол боюнча акчанын дайыны чыкпай калганын билдирген жайы бар. Ал Атамбаевдин оппозицияга айланган себебин да ушуну менен байланыштырган.

Алмазбек Атамбаев бул дооматка жакында эле расмий жооп берди жана анда акчанын дайын-дареги тууралуу Жазуучулар союзунун ошол кездеги биринчи катчысы Асан Жакшылыков жооп бериши керек экенин айтты:

- Мен "Адабий фонддо" 1989-жылдан бери төрагамын, жазуучуларга жардам берип келем. Ошондон бери 50 же 60 жазуучу менден стипендия алат. Жазуучулар союзунда кол коюуга ыйгарым укугум да жок болчу. Анткени, "Адабий фонддун" төрагасы гана болчумун. Жазуучулар союзу 60 миллион насыя алган, анын 10 миллиону бюджеттен берилген. Анын 15 миллиону жаңы үй курууга, ал эми 45 миллиону төрт басмакана комплекс курууга жумшалмак. Бирок алынган насыяны Жакшылыков менен дагы бир маркум жазуучу, эми анын атын атабай эле коеюн, чакан ишканага жана бир басмакана комплексин түзүүгө жумшаган. Ал чакан ишканадан 46 миллионду кайсы бир эл аралык ассоциацияга которгон. Бул жерде Жакшылыков менен дагы бир жазуучунун кадимки эле көз боёмочулугу болгон. Ал эми каза болуп калды, атын атабай эле коеюн. Бул 1995-жылдагы маалымдама, биздин өтүнүчүбүз менен "Кыргызстан маданияты" гезитине жарыяланган. Биз ошондо эле текшерилишин талап кылганбыз. Маркум Төлөгөн Касымбеков, Жалил Садыков, азыр көзү тирүү Бексултан Жакиев, мен баарыбыз кол койгонбуз. Жазаланышын талап кылганбыз. Бирок Жакшылыковдун Акаев менен мамилеси жакшы болчу, ошондуктан бул жагдайга көз жуумп коюшкан.

Ушул жерден Жазуучулар союзуна берилген акчага байланыштуу расмий документтерге токтололу.

1992-жылы октябрда Экономика жана финансы министрлиги менен Жазуучулар союзунун ортосунда 50 миллион рубль боюнча алгач насыялык макулдашууга, андан кийин келишимге кол коюлган.

Документтерге ошол кездеги министр Шакиров жана анын орун басары Эмма Коносова менен Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Асан Жакшылыков кол койгон. Каражат жазуучулар үчүн көп батирлүү үй куруу жана басмакана комплексин салуу үчүн берилгени көрсөтүлгөн.

Эң башкысы - 50 миллион рубль кыргыз акчасына которулганда 250 миң сом болот деп жазылган. Насыяны кайтаруунун шарты менен мөөнөтүнө ылайык, Жазуучулар союзу аны үч бөлүп төлөп берүү милдетин алган. Тактап айтканда, 1994-жылы августта 80 миң, сентябрда да 80 миң, октябрда 90 миң сом төлөнүп берилген.

Жазуучулар союзу бул акчаны "Айла" деп аталган фирмага берген. Фирма 250 миллион сомдук басмаканага керектүү техниканы алып келип берген.

Асан Жакшылыковдун колундагы документтерге ылайык, акча белгиленген мөөнөттө төлөнүп берилген. Бирок Асан Жакшылыковдун айткандарына эмгиче ынабаган, "бул жагдайда Атамбаевдин аты негизсиз аталып жатат" деген жазуучулар да бар.

Жазуучулар союзу алган насыяны 1995-жылы ошол кездеги өкмөткө караштуу Финансы инспекциясы текшерген. "Бир катар каржылык мыйзам бузуу аныкталды" деген корутунду чыкканы менен кылмыш иши козголуп, кимдир бирөөнүн жоопкерчилиги каралган эмес.

Эмнеси болсо дагы бул окуя жазуучулардын ынтымагына доо кетирген жана аларды бир канча топко бөлгөн. Алмазбек Атамбаев Жазуучулар союзунун "Нооруз" адабий клубун, "Арашан" чыгармалык үйүн мыйзамсыз менчиктештирип алган, Жазуучулар союзуна баш ийбеген "Адабий фонд" түздү деген дооматтарга кабылган.

Алмазбек Атамбаев мындай дооматтарды башынан бери эле четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG