Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Жарылуудан жабыркаган эки баланын абалы оор


Жарылуудан кийин жараат алып, Баткен облустук ооруканасында жаткан бала. 18-апрель.
Жарылуудан кийин жараат алып, Баткен облустук ооруканасында жаткан бала. 18-апрель.

Кечээ Баткендеги Зардалы айылында тестиер балдар таап алган белгисиз зат жарылып, эки өмүрдү алып кетти.

17-апрель күнү кечке жуук Баткендин эң алыскы айылдарынын бири, Зардалы айылында белгисиз заттын жарылуусунан 5-8 жаштагы 2 жаш бала каза болуп, төртөө ооруканга жеткирилген. Балдардын бирөө ооруканага келаткан жолдо үзүлгөн. Төрт бала учурда Баткен облустук ооруканасында жатат.

Облустук оорукананын баш дарыгери Тургунбай Айжигитовдун айтымында, учурда эки баланын абалы оор. Баш дарыгер жеңил жаракат алды делип жаткан дагы бир бала ооруканага алынып келинерин билдирди:

- Алгач үчөөсүн түнкү 12 жарымда алып келишти. Андан кийин дагы бирөө келди. Биздин тез жардам Таян айылында күтүп турду. Ал эми Таян айылдык ооруканасынын тез жардам унаасы Жоопая айылына чейин барып, күтүп алышты. Ага чейин балдарды ата-энелери жөө көтөрүп келишкен. Бир бала ошол окуя болгон жерден эле колу-буту жулунуп, набыт кеткен. Экинчи бала Баткен шаарына 20 чакырым калганда жан берген. Азыр ооруканада 4 бала бар. Экөөсүнүн абалы оор. Жаракат алган дагы бир баланы алып келишет. Оштон атайын адистерди чакырдык. Алар келсе, абалы оор эки баланы борборго алып баруу жагы чечилет. Азырынча керектүү дары-дармектерибиз жетиштүү.


Окуяда жабыр таркан балдардын биринин атасы Үсөн Мусаев жарадар балдарды көтөрүп, 3 саат жол жүрүшкөнүн айтып берди:

- Жарылуу болду дегенди угуп, чуркап барсам балдарды үйгө киргизишкен экен. Жакын жердеги “Коргон” чек ара тозотунун дарыгерлери да жакшы жардам беришти. Анан 3 саат 5 баланы замбилге салып алып, көтөрүп келдик да. Эл да жардам берди. Эми жаш балдар аны кантип, каяктан табышкан биз билбейбиз. Эсине келсе айтып беришер. Окуя айылдын эле ичинде болду да.

Мындан 15 жыл мурда, тагырагы 1999-жылы бул аймакка согушчан күчтөр бастырып киргени белгилүү. Жергиликтүү эл азыркы кырсыкты ошол окуянын запкысы катары сыпатташууда. Зардалынын тургуну Бадридин Нажимидинов бир айдан ашык Өзбекстан ислам кыймылынын жоочуларынын барымтасында калган айылды тыкыр тазалоо зарыл деп эсептейт:

- Ошол окуядан кийин тазалоо иштери жүргөн. Бирок алар жайык жерлерди, жолдорду гана карашкан да. Таштардын арасын, корумдарды тинтишкен эмес. Эми ошонун калдыктары минтип чыгып жатат. Мындай окуя кайталанбасын десек, айылдын айланасын дагы бир жолу тазалаш керек.

Зардалы айылынан обочорок аймактардан буга чейин да катылган курал-жарактар, ок-дары табылган. Бирок жергиликтүү бийлик аймакты тыкыр тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн эч кимге кайрылган эмес.

- Мен 1999-жылы 2 күн согушкерлердин туткуну болгом. Кызматка дайындалганыма бир жылдан ашты. Тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү кзыматтарга эми кайрылабыз, – деп билдирди айыл башчысы Сүйүнбай Убаев.

Учурда Баткенде иш сапары менен жүргөн коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жабыр тарткан балдардан кабар алып, мамлекет тарабынан керектүү колдоолор болорун билдирди. Вице-премьердин айтымында, жарылган зат кол граната болушу мүмкүн. Учурда аны аныктоо боюнча экспертиза жүрүп жатат.
Баткен: Зардалыда жарылуу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00


Зардалы айылында болгон бул окуяга президент Алмазбек Атамбаев да көңүл бурду. Ал жарылуудан каза тапкан эки тестиердин жакындарына көңүл айтты. Ар бир үй-бүлөгө президенттик фонддон 50 миң сомдон, жараат алгандарга 25 миң сомдон бөлүнмөй болду.

Баткен облусунун аймагына 1999-2000-жылы Өзбекстан ислам кыймылы тобунун кол салуусу болгон. Анда жалпысынын 54 кыргыз жоокери набыт болгон. Ошондон кийин Баткен облусу түзүлүп, ага аскер бөлүктөрү топтолуп, аймактын чек аралары көзөмөлгө алынган.

XS
SM
MD
LG