Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Беларус элчилигинин алдында кайрадан митинг


Беларус элчилигинин алдындагы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Мурдагы президент Бакиев менен анын жакындарын Кыргызстанга кайтарууну талап кылгандар бүгүн да митингге чыкты.

“Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Апрель байрагы” жана “7-апрель” кыймылдары тарабынан уюштурулган митингге жүзгө жакын адам чогулду. Элчиликтин алдына чогулгандар “Жаныш Бакиев – баш кесер”, “Эвакуация же экстрадиция” деген жазуулар жазылган плакаттарды кармап турушту.

Митингчилердин өкүлдөрүн көп өтпөй Беларустун Кыргызстандагы элчиси кабыл алды. Алар элчинин колуна Беларус президентине жазылган кайрылууну тапшырды. Кайрылуу ээлери Лукашенкодон Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевди жана анын иниси Жаныш Бакиевди кайтарып берүүнү, андай болбосо Кыргызстан менен дипломаттык алаканы үзүүнү талап кылышкан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Беларус бийлиги Кыргызстанга кайтарып берүүдөн баш тартып, ага жарандык бергени да айтылган. Ал эми анын иниси Жаныш Бакиевге кыргыз бийлиги тарабынан тагылган айыптар саясий мүнөздө деп эсептешээрин жана аны кайтарып берүүдөн баш тартыша тургандыгын Беларус прокуратурасы өткөн жумада расмий маалымдаган.

Өткөн айда беларустук активист Михаил Пашкевич Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айып тагылып, Интерпол аркылуу издөө салынган мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Минскиде көрүп сүрөткө тартып алган. Анын сүрөттөрү интернетке жарыяланып кеткен соң кыргыз коомчулугунда Беларус бийлигине нааразылык кайра жанданган.

28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына нааразылыкка чыккандар элчиликтин айнектерин талкалап салган.

Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциялары 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан соң, Беларус бийлиги Кыргызстандан качкан мурдагы президент Курманбек Бакиевди кабыл алгандан кийин да болуп турган.

XS
SM
MD
LG