Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Бишкектик жаштар басмырлоого каршы


Феминисттердин жөө жүрүшү. Бишкек, 25-март.
Феминисттердин жөө жүрүшү. Бишкек, 25-март.

“Сообща” кыймылы баштаган 40ка жакын ар кандай бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кыз-келиндерге жана кумсаларга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктарга каршы жөө жүрүшкө чыгышты.

“Адам укуктары бар болсун, зордук-зомбулук жок болсун!”, “Ксенофобия, улутчулдук фашизмге жол ачат!” “Транссексуалдарды жектөөнү токтотобуз!” - мына ушул сыяктуу ураандарды бир нече плакатка жазып алган активисттер башкалаанын Жибек жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинен Ак үйгө чейин жөө жүрүш жасашты. Алар мындай акция аркылуу соңку мезгилдерде күч алган кыз-келиндерге жасалып жаткан зордук-зомбулуктарга, айрым улутчул топтордун кумсаларга (гомосексуал) карата куугунтугуна каршы коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөшкөн.

Жөө жүрүштөн бир көрүнүш,Бишкек, 25-март.
Жөө жүрүштөн бир көрүнүш,Бишкек, 25-март.
Жөө жүрүшкө 50 чакты феминист жана жарандык активист катышты. Алардын бири Сыйнат Султаналиева акыркы убакта Кыргызстанда кумсаларга милиция тарабынан зордук-зомбулук күчөгөнүн айтууда.

- Сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө, тагыраагы гей, лесбиянкаларга карата Кыргызстанда жек көрүүчүлүк күчөп баратат. Алардын укугу да башкалар сыяктуу эле корголушу керек. Бизде аларга каршы керек болсо милиция кызматкерлери өздөрү зордук-зомбулук көрсөтүп келет. Коомчулукта “Калыс” кыймылы сыяктуу айрым улутчул маанайдагы топтор гомосексуалдарды жектеп, кодулап келишет. Биз буга жол бербешибиз керек. Алар да биз сыяктуу тең укуктуу болушу керек.

Жарандык активист Илья Лукашты гейлерди пропаганда кылат деп айыптап, сүрөтүн өрттөп, анын өлкөдөн чыгып кетишине себепчи болгон “Калыс” саясый кыймылынын башчысы Жеңиш Молдокматов жөө жүрүш уюштургандарды чет өлкөдөн акча алгандар деп сыпаттады.

- Кудай буюрса парламент жакында гомосексуализмди пропаганда кылууга тыюу салган мыйзам кабыл алганы жатат. Булар ошол мыйзамды кабыл алдырбаш үчүн чыйпылыктап башташты. Бир катар бейөкмөт уюмдар гомосексуализмди пропаганда кылуу үчүн тийиштүү жерлерден акча алышкан. Эми алар ошол каражатты акташ керек да.

Деген менен Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов кумсаларга карата милиция кызматкерлери зомбулук көрсөтөт деген сөздү жокко чыгарууда:

- Кумсаларды милиция кызматкерлери кодулап жатат деген куру доомат. Ушу кезге чейин алардан бир дагы расмий кайрылуу түшкөн эмес. Бир эле далил көрсөтүшсө күнөөлүүлөргө чара колдонмокпуз да. Булардын артында кызыкдар күчтөр бар. Ошолор ушундай акцияларга шыкактап жатышат.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Кыргызстанда кумсаларга карата зомбулуктан да үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күч экенин айтууда. Анын маалыматына таянсак, 2012-2013-жылдары үй-бүлөдөгү жаңжалдан улам Бишкек шаарында эле 23 адам өлүм тапкан.

Акциядан бир учур, Бишкек, 25-март.
Акциядан бир учур, Бишкек, 25-март.
- Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өтө көйгөйлүү маселе болуп турат. Аял менен эркектин урушунан балдар да жабыркайт. Алар жаштайынан психикалык травмага тушугат. Былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 8 миңден ашык адам арыз менен кайрылган. Биз үй-бүлөдөгү зомбулуктун экономикалык чыгымдарын да изилдеп чыктык. Эгер аял-эркек жаңжалынан бирөө өлүм тапса мамлекет 1 млн. 600 миң сомдон ашык чыгым тартат экен.

Жөө жүрүш соңунда жарандык активисттер коомчулуктагы ар кандай азчылык өкүлдөрүнүн укугун коргоп берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Уюштуруучулардын айтымында, аталган акция мындан ары ар бир айдын 25инде салттуу түрдө улантылат.
Зомбулукка каршы жүрүш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG