Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:40

Коомдук жайларда сөгүнгөн жана спирт ичимдиктерин ичкен жарандарга жоопкерчилик күчөдү.

Эгер 3 миң сомго чейинки айып төлөй албаса, сегиз сааттык коомдук жумушка тартылат же беш күнгө камалат. Адистер статистика боюнча бул мыйзамдын негизинде көчөдө сөгүнгөнү же мазактаганы боюнча жазага тартылгандар жокко эсе экенин белгилешет.

Cурамжылоо учурунда шаар тургуну Хашимжан Абдраманов учурда кыргыз коомчулугу өтө орой болуп кеткенин белгиледи:

- Ушундай чаралар менен коомду тартипке чакырбаса, таптакыр бузулуп кеттик. Элибиздин өзүн алып жүрүү маданияты түшүп кетти. Этикалык, эстетикалык чен-өлчөмдөргө сыйбай калдык.

Бирок Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр шаар тургундарынын баарына эле жага берген жери жок. Шаар тургуну Талант Сапаров:

- ИИМдин кайгуул күзөт кызматына мындай мүмкүнчүлүк берип койгону жакшы деле көрүнүш эмес. ППС менимче көчөдөгү элдин коопсуздугун карап, көзөмөлдөп, аларга жардам бериш керек. Анан көчөдөн сөгүнүп бараткан кишини баса калып, чөнтөгүн аңтарып, акчасын алып коюу максат эмес. Анын сөгүнбөй жүрүүгө башка жолдор аркылуу үндөйлү. Сөгүнгөн адамды кармап алып беш күнгө камап, беш миң сомун алып коюу жакшылык деле алып келбейт. Бул ППС үчүн коррупциянын жаңы булагын ачып берген мыйзам деп эсептейбиз.

Анткен менен Жогорку Кеңеш коомдук жайларда бейбаштык кылгандарга жазаны катаалданткан эреже кабыл алды. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү парламентте көпчүлүк депутаттар колдоду. Демилгечи депутат Мирлан Жээнчороев “Азаттыкка” мыйзам тууралуу буларды айттып берди:

- Бул мыйзамдын эң башкы багыты – балдардын коомдук жайларда жүрүү жоопкерчилигин арттыруу. Ошол эле учурда жаштардын коомдук социалдык тартибин күчөтүү. Айып көбөйгөндөн кийин эл аны төлөйм деп тартибин оңдой баштайт деп ойлойм.

Жээнчороев билдиргендей, бойго жете электер жасаган майда бейбаштыктар үчүн алардын ата-энеси же жооптуу кишилер айып төлөйт. Мекеме-ишканаларда, көчөдө, стадиондо, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда маңзат чегип, мас кылуучу ичимдик ичкендерге да ушундай ыкма колдонулат.

Элүү жылдан ашык сот тармагында иштеген Султанказы Касымов узак мөөнөттөгү иш тажрыйбасында коомдук жайда сөгүнгөнү же бирөөнү мазактаганы үчүн кимдир бирөөнүн иши сотко жетип, айыпка жыгылганын эстей албайт. Демек айып пулдун көлөмүн көбөйтүү коомчулуктун маданиятын калыптандырууга эмес, милиция кызматкерлеринин чөнтөгүн калыңдатууга кызмат кылышы мүмкүн:

- Эми аны көбөйтүү менен эле көчөдө сөгүнгөндөр басылып калбайт. Административдик жазанын статистикасын алганда практикасында эч ким деле айып пул төлөгөн учур жокко эсе. Бул менимче мыйзам кабыл алдык деп атын чыгаруу үчүн эле керек болбосо, андан башкага такыр пайдасы жок. Кээ бир мыйзамдардын кабыл алуу тартиптерин сактабай эле өткөрүп жиберишүүдө. Мен кесипкөй адис катары айыптын көлөмүн чоңойтуу менен элди тартипке чакырганга болбойт деп айтам.

Касымов ошол эле учурда жарандарды бул мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартууда анын механизмдери да түшүнүксүз болуп турганын айтты. Мисалы, күнөөлөнүп жаткан атуулдун сөгүнгөнүн кантип, эмне менен далилдөөгө болору нормативдик актылар аркылуу бекемделбегенин кошумчалады.

Өлкөнүн эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев Жогорку Кеңеш кабыл алган бул эреже адистерди, коомчулукту ынандыра албай жатканы менен, аны кабыл алуу учур талабы экенин белгиледи:

- Албетте, жалаң коркутуу, административдик жазалардын негизи менен элди тарбиялоо - бул утопия. Андан мурда бала бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларында кадимки жоопкерчиликти пайда кылуу керек эле. Бул өтө керектүү нерсе болчу. Бирок учур өтүп кетти. Убагында андай мүмкүнчүлүктү эч ким пайдаланган жок. Ошондуктан аргазсыздыктан азыр административдик жазаны күчөтүү керек болуп калды. Мен муну кыйынчылыктан чыгуу жолу катары көрбөйм, бирок кандайдыр бир жеңилдиктерди алып келет го деген ойдомун.

Административдик жаза мыйзамынын жаңы редакциясында эми эл көп жерде сөгүнгөн, башкаларды мазактаган сөздөрдү колдонгондорго миң сомдон 3 миң сомго чейин айып салынат. Төлөй албаса сегиз сааттык коомдук жумушка тартылат же беш суткага камалат. Мурда мындай бейбаштык үчүн жаза 100 сомдон 200 сомго чейин болгон.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү тилемчиликке, ичимдик ичүүгө же тамеки-маңзат чегүүгө түрткөн кишилерди да сегиз саатка камоо жазасы киргизилди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG