Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Атамбаев азгырыктарга алданбоого чакырды


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жаңы жылдык куттуктоосунда терроризм маселесине токтолуп, бирөөлөрдү ээрчип, маңкурт болбош керектигин айтты.

Президент Атамбаев Жаңы жыл түнүндө кайрылуусунда алгач өтүп бараткан жылдагы өлкөнүн жетишкендиктерине токтолуп, Датка-Кемин электр линиясы тарыхый курулуш болгонун белгилеп өттү.

Куттуктоодо парламенттик шайлоо биометрика системасы менен өтүп, Кыргызстандын булуң-бурчунда жолдор салынып жатканы камтылды.

Президент кыргыз тилиндеги кайрылуусунда "өтүп бараткан жылда бир топ жакшылыктарга күбө болдук", - десе, орусча куттуктоосунда "эски жыл Кыргызстан үчүн оңой жылдардан болгон жок",- деп айтты. Ошол эле кезде келе жаткан жылда кандай иштер аткарыла турганын тизмектеген жок.

"Маңкурт", "ушак" жана "көралбастык"

Алмазбек Атамбаевдин кыргызча кайрылуусу орусча текстинен айырмаланып турду. Расмий тилдеги куттуктоосунда көбүрөөк коомчулукка ыраазы болсо, кыргызча кайрылуусу зекигендей мааниде айтылды.

- Кыргызстан жок болуп, эли кор болот дегендердин тилегин таш каап, саныбыз 6 миллионго жетти. Бирөөлөрдү ээрчип, маңкурт болбош керек. Кыргыз көчү эч качан үзүлбөшү керек. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегендей, жолдогу таштар, ар кайсы кыйынчылыктар, ушак менен көралбастык бизди токтото албайт. Кыргыз эли өзүнүн жолун тапкан, кудайга шүгүр. Эми көчүбүз түзөлүп, токтобой келечекке баратат.

Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосундагы “бирөөлөрдү ээрчип, маңкурт болбош керек” – деген сүйлөмдө терең маани жатканын коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев айтууда. Ал президенттин сөзүн глобалдашууга баш-отубуз менен кирип кетпей, Кыргызстан өзүнүн салт-санаасы, тарыхый үрп-адаты менен заманбап жашоону эриш-аркак ала жүрүүнү сунуштагандай кабыл алган.

- Кыргыздар азыр Батыштын маданиятына берилип, орусташып баратабыз. Дүйнөлүк массалык маалымат, калдыр-шалдыр музыкалар бизди басып кетти. Балдарыбыз интернеттен башы чыкпай, тарых унутта калууда. Президент ошолорду өз сөзүндө айтып өттү болушу керек, бирок кайсы элди маңкурт деп айтты мен аны билбей жатам.

Топчубек Тургуналиев президенттин куттуктоо сөзүндөгү коррупция менен күрөштө жылыштар бар деген сөзүнө кошулбасын белгиледи. "Башканы коюп, өзүнүн айланасындагы айрым адамдар коррупция беренеси менен камалып жатканда бул илдеттин көрсөткүчү азайды деген туура эмес", – дейт коомдук ишмер.

Терроризм маселеси камтылган куттуктоо

Жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик бардык өлкө башчылары терроризм маселесин белгилеп өтүштү. Бул жаатта президент Атамбаев дүйнөдөгү олку-солку абал, финансылык каатчылык, терроризм коркунучу бизге да жетип, келе жаткан жылда бул өлкө үчүн сыноо болоруна токтолду.

Коопсуздук жаатындагы эксперт Токон Мамытов терроризм маселеси бүтүндөй Борбор Азияда курчтугун, президенттин кайрылуусу коомчулуктан да өлкөнүн күч органдарына түздөн-түз тиешелүү экенин айтууда.

- Башка коңшу мамлекеттерибизди алсак, аларда да терроризм маселеси курч. Ошондуктан президент алдын ала кырдаалды элге айтып атат, бирок кайрылуу көбүрөөк атайын кызматта иштегендерге жана жетекчилерге тиешелүү болду. Аларга коопсуздук системасын дагы бир сыйра карап, иштеп чыккыла деген мааниде түшүндүм.

Президенттердин жыл тогошуп атканда өз элине кайрылуусу көпчүлүк дүйнө өлкөлөрүндө салт болуп калган. Союздан калган бул жөрөлгө эгемендүүлүктү алгандан кийин дагы үзүлбөй уланып келе жатат.​

Майрамдык куттуктоону Жаңы жылга тогошкон түн бардык жергиликтүү телерадио каналдардан тышкары, борбордук Ала Тоо аянтындагы чоң монитордон дагы көрсөтүлдү. Аянттагы куттуктоону премьер-министр Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү кунт коюп угуп, андан кийин аянттагы майрамдык концерт жана салютка күбө болушту.

Ала-Тоо аянтындагы майрам шаңы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

XS
SM
MD
LG