Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Коопсуздукту эске салган дүрбөлөң


Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын аймагы. 24-май, 2017-жыл
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын аймагы. 24-май, 2017-жыл

24-майда Бишкекте колго жасалган жардыргыч зат жок кылынды. Укук коргоо органдары жыл башынан бери коопсуздук маселесине шек келтирген бул алтынчы окуя экенин белгиледи. Аталган окуя коомчулукта Кыргызстан ыктымал террордук коркунучтардан коргонууга даярбы деген суроону жаратты.

24-майда эртең менен "102" номуруна Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанында шектүү нерсе жатканы тууралуу телефондук билдирүү түшкөн.

Билдирүү боюнча келген милициянын жана атайын кызматтын өкүлдөрү аймакты курчоого алып, текшерүү иштерин жүргүздү. Ошол учурда эки жолу жардырууга окшош дабыш чыкканын күбөлөрдүн бири билдирди:

- Эртең менен жетиде келсек, милициялар тосуп туруптур. Бул тарапка өтпөгүлө деп, сары тосмолор илинип турган экен. Саперлор келип текшерди. Эки жолу жардырды. Эч ким эч нерсе болгон жок. Жабыр тарткандар да жок.

Колго жасалган жардыргычтын муляжы жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

​Кийинчерээк тиешелүү кызматтар курчаган аймактан саперлор жардыргыч заттын колго жасалган кебин таап, ал жок кылынганы белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов:

- Кутунун ичинен колго жасалган жардыруучу заттын окшоштурулган көчүрмөсү, муляж табылып, ал жок кылынды.

Расмий маалыматка караганда, бул фактынын чоо-жайы териштириле баштады. Бул коопсуздук маселесине көңүл бурдурган быйылкы алгачкы окуя эмес. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери муляж коюлган же жалган жардыргыч тууралуу маалымдалган алты окуя катталган. Жардыргычка окшош жасалган ушундай кептин акыркысы мындан бир ай мурда Караколдун мектептеринин биринде табылып, жок кылынган. Бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн тиешелүү кызматтар жеринде дароо териштирип, жалган маалымат тараткандарга кылмыш ишин козгогон.

Мындай маалыматтар 2016-жылы телефон аркылуу он жолу берилип, бирок, анын баары жалган болуп чыккан. Кылмыш-жаза кодексиндеги 228-беренеге ылайык, коркутуу өңүтүндө жалган маалымат тараткандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат жана айып пул салынат.

Cоңку кезде бир нече жолу муляж табылган учурлар атайын жасалууда деген бүдөмүк ойлорго да жол берүүдө. Ар бир иш дыкат текшерилип, муляж койгон ким, аныкталып коомчулукка ачыкталышы керек.
Артур Медетбеков.

Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов жарандардын тынчсыздануусуна негиз жок, ар бир маалымат дыкат текшерилет деп ишендирди:

- Ар бир факт, чакыруу, жардыргыч зат тууралуу маалыматка ыкчам реакция жасап, биздин кызматкерлер жетип барат. Жеринде Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте иликтөө иштери жүрүп, жардыргыч зат чет жакта жардырылат. Ким тараптан коюлуп, даярдалганын азыр аныктоо оңой эле болуп калган. Көбүнчө турмуштук жагдайлар.

Ал эми адистер мындай окуялар Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү терроризмдин алдын алууга канчалык даяр деген суроону жаратканын белгилешүүдө. Алардын бири - генерал Артур Медетбеков. Анын пикиринде, дүйнөдө болуп жаткан соңку террордук окуялар Кыргызстанда кайталанбайт дегенге кепилдик жок:

- Ошол эле Орусия, Казакстандагы окуялар, анын үстүндө аларга катышы бар кыргызстандык деп айтылып жаткан маалыматтар биздин өлкөдө да террорчулукка ыктаган адамдар бар экенинен кабар берүүдө. Мындан улам Кыргызстанга кандайдыр бир террордук акт жасалбайт деген так кепилдик жок. Ошол эле учурда, соңку кезде бир нече жолу муляж табылган учурлар атайын жасалууда деген бүдөмүк ойлорго да жол берүүдө. Ар бир иш дыкат текшерилип, муляж койгон ким экени аныкталып, коомчулукка ачыкталышы керек.

Ушул эле 24-май күнү Бишкекте КМШ мамлекеттеринин коопсуздук жана атайын кызмат башчыларынын жыйыны өтүп, анда терроризм жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча кызматташтыкты жакшыртуу маселеси талкууланды. Ошондой эле КМШ аймагы аркылуу өткөн мыйзамсыз миграциянын транзиттик каналдарына тиешеси бар адамдар, Сириядагы жана Ирактагы согушка катышуу үчүн кетип жана кайра кайтып жаткан жарандардын маршруттары тууралуу маалымат алмашуунун сапатын жакшыртуу маселелери да каралды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG