Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

"Кат жазчы мага..." же Мекенге кат


Рысбек Абдылдаев жазуучу Чыңгыз Айтматов менен. (Архивдик сүрөт).
Рысбек Абдылдаев жазуучу Чыңгыз Айтматов менен. (Архивдик сүрөт).

"Кат жазчы мага, бир келген ушул өмүрдө". Бул ырдын обону, сөзү, аткарылышы абдан мыкты. Жүрөктөн чыккан чыгарма гана жүрөккө жетет дейт. Тажабай кайра-кайра угам, өткөн-кеткендер эске түшөт.

Мектепте окуп жүргөндө аскерге кеткен агаларыбыздан кат келип турчу эле. Эмнегедир баарыныкы окшош жазылчу. “Атыр жыттуу аңкыган Ала Тоодо жашап жаткан ардактуу...” деп башталып, аягы “мага кат жазгылачы” деген өтүнүч менен аяктачу.

Үч-төрт жыл үйдөн алыс жүргөн адамда сагыныч күчтүү болот да. Агаларыбыз ата-эне, тууган-туушкандан тартып мал-жанга чейин сурашчу. “Дембелге” канча күн, ай калганынан бери кошо санап, айткан салам-дубайын дароо жеткирчүбүз. Жакшы күндөр ушинтип эсте калат турбайбы...

Элибиз илгери тирилик менен кандай алек болсо, азыр деле ошондой. Мекендештерибиз тоо койнунда “элден кем болбойлу, балдарды жакшы багайын” деген ой менен жан сактап жатышат. Бирок жашообузда көп нерсе өзгөрдү, өзүбүз да өзгөрдүк...

Энелер
Энелер

Интернеттин келиши менен аралык жакындады. Канча алыста жүрбөйлү, Мекенди алаканга салгандай көрүп турабыз.

Баштагыдай кагаз, калем издебейбиз. Сөздүн гүлүн терип, кат жазууну унуттук. Бозуландын оргуштаган сезими эки сап гана сөзгө батып калды. Өзүм деле досторго көптөн бери кат жаза элекмин. Балким бул деле туурадыр? Адам баласы жашоого жалгыз келет, жалгыз кетет эмеспи...

Болбосо ушунча жылдан бери тууган издеп, бөлүнүп жүрүп эмне таптык? Жердешчил, уруучул болгон сайын кедерибиз кетти го. “Тууганым, досум” деген ниетибиздин пайдасын башкалар көрдү. Душмандын чырагына май тамызып, карызга белден баттык.

Азыр жаңылык, ичи тар адамдардын пикири, жеңил-желпи ушак Интернет аркылуу желдей тараган заман. Карап турсаң, баары акылдуу, баары эксперт. Кеңеш бергендерден баш айланат.

Ошого карабай насыяны ойлонбой алабыз, чыгымыбыз көп, адамдын капчыгына карап мамиле түзүп калдык. Ач көздүктүн, ашыкча мүлк жыйноонун арты кандай болорун көрүп турсак да сабак албадык.

Алты кылымдан ашуун өкүм сүргөн Рим империясында бир салт болгон. Жеңиш менен кайткан аскерлер арасынан бир малай "Memento mori!" деп кыйкырып турчу экен. Бул кол башчыларга “Артыңды кара, сен болгону адамсың! Өлүм жөнүндө эсте!" деген эскертүү болгон.

Бүгүн биздин коомго ошентип эскертип турчу адамдар керек. “Мансап, байлык - колдун кири, бир күнү баарын жоготосуң. Адам бойдон кал!” деп айтып турбаса, өткөндү унутуп калат экенбиз.

Оозунан чалынган турбайт. Кайсы бир сөзүбүз күнүмдүк кыйынчылыкты жеңгенге жардам берсе, кайсы бир сөзүбүз өзүбүзгө айгак болушу мүмкүн. Турмуш "мамыктын гана үстүндө жүрөм, каалаганымды айтып, каалаганымды жасайм" деп манчыркаган хандарды да мөгдөткөн.

“Кат жазчы мага, бир келген биздин өмүрдө...”. Бул ыр жаңырган сайын өткөн күндөр эске түшөт. Барга топук кылган, күйүмдүү, табият менен эриш-аркак жашаган элиме бүгүн эмне болду?

Акчасына чиренип, кымбат чүпүрөк кийгенге, таттуу тамак жегенге суктанабыз. Кымбат мүнөттөрдү текке кетирип, жакындардын көңүлүн оорутабыз.

Башатын унуткан, адашып, жолун таба албаган элди жапайылык тушайт. Ким анан бизге жардамга келет? Качанга чейин бирөөлөргө таянып жашайбыз?

Кеч боло электе өзөккө кайтып, талбас эмгекти, руханий көрөңгөнү, интеллектуалдык байлыкты баалай билели. Билбесек үйрөнөлү.

"Биз эмнеден жаңылдык, биз эмнеден жаздык?" деген ой туулат. Балким биз доор мынча тез өзгөрүп кетерин күткөн эмеспиз?!

Бүгүн эмнегедир кат жазгым келди...

Рысбек Абдылдаев, АКШдагы кыргыз профессору

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG