Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

“Эгемендик-25: Биз көргөн доор” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды


“Азаттык” үналгысы май айында Эгемендиктин 25 жылдыгына карата аңгеме, эскерүүлөргө, чыныгы фактылар менен көмүскөдө калган көрүнүштөр камтылган блогдорго, ошондой эле өткөөл доордогу жашоо-турмушту чагылдырган сүрөттөргө сынак жарыялаган.

Бул сынакка жалпысынан алтымыштан ашык материал келип түштү. Алардын көпчүлүгү Azattyk.org сайтына жарыяланды.

Сынакка келип түшкөн материалдардын ичинен Нургазы Мусаев “Өкмөттүкү” деп жүрүп, өлкөнү талкаладык”, Айсулуу Көкөева “Брюс Ли, Виктор Цой менен ооругам”, Аваз Жусупбеков “Кумжардам” аттуу блог-аңгемелери, ал эми Бекмурат Нурдөөлөтов “Күрмөнтүдөгү саясий ачкачылык” деген фотобаяны үчүн жеңүүчү деп табылды.

Нургазы Мусаев, Айсулу Көкөева, Аваз Жусупбеков лэптоп, ал эми Бекмурат Нурдөөлөтов фотоаппарат менен сыйланат.

Ал эми Бекболсун Нуралиевге, Елена Көчкөнбаевага, Махабат Абдылдаевага, Нурмамат ажы Сапарбаевге, Арзыкан Момунтаевага, Сурат Жылкычиевге, Александр Зеличенкого кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Сыйлык тапшыруу аземи 6-сентябрда “Азаттыктын” кеңсесинде өтөт. Жеңүүчүлөргө кошумча маалыматтар берилмекчи.

“Азаттыктын” жамааты “Эгемендик-25: Биз көргөн доор” сынагына материалдарын жиберген бардык окурман, угармандарга ыраазычылык билдирет.

XS
SM
MD
LG