Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

"Күч бирдикте!" улуттук идеологиябыз болсун


Футболчу Виталий Люкс.
Футболчу Виталий Люкс.

Элди толкутуп, бириктирген кыргыз футболунун аркасы менен көп улуттуу коом ынтымагы бекем болгондо гана өнүп-өсөрүн улуттук ураанга айлантышыбыз керек.

Тынч эле Интернетти чукулап үйдө жатсам, кыргыз Интернетинин эң башкы эксперти Эдил Байсалов: "Дубайга барып, биздин жигиттерди колдоп келели. Силер барышыңар керек" деп жазып калды.

Намыскөй жаным: "Карабалталык байке машинесин сатып барып атса, биз эмнеге барбайт элек?" деп бир эле түндө чечим кабыл алып, эмгек өргүүсүн ала коюп жекшембиде таң атпай төрт киши болуп Дубайга учуп кеттик. Бизди дүрбөткөн Эдилге чоң рахмат, ал болбосо Праганын асманы боппоз күндөрү демейдегидей эле чубалып өтө бермек.

Жолдошум, уулум футбол дегенде ичкен ашын жерге койгондуктан, аларды ээрчип чоң стадиондордо оюн көрүп, күйөрмандык кылган учурларым көп эле болду. Эрмек кичинекейинде "мектепте тамак алып же" деп берген акчаны чогултуп, "Футбол" деген журналдарды ар кайсы жерге катып окуп жүрчү. Аларды таап алып мен да барактап окуп калчумун.

Негизгиси бул ирет Дубайда Кыргызстандын командасы татыктуу оюн көргөзгөнү баарыбызды шыктандырды, улуттук рухубузду көтөрүп, сыймыкка бөлөдү. Биз барып көргөн оюн динамикасы жагынан абдан татаал, эмоционалдуу мелдеш болду.

Жанымда отурган испаниялык спорт журналисти: "Каап, калыс талаанын кожоюнуна тартып койду. Мындайды көп эле көрүп жүрөм" деп баш чайкаганы мен үчүн оюндун драматизмин күчөтүп, биздин жигиттерди колдон келишинче, үнүбүз жетишинче тынбай сүрөп турдук.

Футбол күйөрмандары. Абу-Даби. 21-январь, 2019-жыл.
Футбол күйөрмандары. Абу-Даби. 21-январь, 2019-жыл.

Биздин күйөрмандарды эки жумадан бери уюштуруп, Абу-Дабидеги стадиондун бир секциясындагы билеттердин баарын алдын-ала сатып алып, БАЭдеги кыргыздарга байланышып, Интернеттеги бизге окшогон чала фанаттарды чогултуп, "баарыбыз чогуу отуруп көрөлү, билетти бизден алгыла" деп жүгүрүп жүргөн кыз-жигиттерге алкыш. Эки килейген барабанын көтөрүп келип, аларды биз топтолгон секциянын эки жагына коюп алып, "Кыргызстан! Кыргызстан! Алга кыргыз, алга кыргыз, эй, эй! Ак терек, көк терек, Кыргызстанга гол керек!" деген жана башка ураандарды кыйкырып жатканыбызда стадионду жаңыртып коштоп турушту.

Бишкектен, Москвадан жана башка жактардан келген активисттер бар экен. Ошолор эмне деп кыйкырыш керек экенин, оюн өтө курчуп бараткан учурларда мамлекеттик гимнди созо коюп, баарыбызды сүрөп, эки сааттан ашуун убакыт бою режиссерлук жана дирижерлук кылып турушту.

Биздин команда талаага чыкканда машыктыруучу Александр Крестинин баш болгон көп улуттуу курама командабыз көзгө толумдуу, башкача сүйкүмдүү, ар бир оюнчу жүрөгүбүзгө жакын сезилди. Чынында биздин командада кыргызы, орусу, өзбеги, тажиги, немиси, дагы кандай улуттун өкүлү бар экенин ким билсин, баары бирдей "Кыргызстан! Кыргызстан!" деп чоң мелдешке түшүп, күчүн аябай акыркы секундга чейин жан дилинен жеңиш үчүн күрөшкөнү баарыбызды катуу таасирлентти. Биздин командабыз 2:3 эсебинде жеңилсе да, оюн аяктагандан кийин биз турган секциянын алдына баары бирдей чыгып, биз бир кишидей кол чаап, "Молодцы!" деп беш мүнөттөй кетирбей турдук.

Бишкектеги башкы аянтта футболчуларыбыз эл алдына чыкканда Азия чемпионатынын эң келишимдүү оюнчусу деп табылган, чет элдик журналисттер жазгандай "sex symbol" же "жигиттин гүлү" Виталий Люкс (алты жашында ата-энеси менен Германияга көчүп кеткен) "Күч бирдикте!" деп айтканы баарыбыз үчүн улуттук ураан болушу керек. Кыргызстанда жашаган, төрөлгөн, мекеним деп эсептеген ар бир жаранды баалаганды, урматтаганды, бир тууганыбыздай көргөндү мамлекеттик идеологиянын өзөгүнө айландырсак, ошондо гана азыркы Азия чемпионатындагыдай ийгиликтерге, андан бийик максаттарга жете алабыз. Кыргызстан анда жашаган ар бир адам үчүн мээримдүү, адилеттүү жана сүйүктүү мекени болуп бере алат. Ошондой коом гана ыкчам өнүгүп, башкалардан алдыга чыгаарын адамзаттын миңдеген жылдык тарыхы нечен ирет далилдеп келатат.

"Ак шумкарларды" тосуп алуу аземи. 24-январь, 2019-жыл.

​Балдарыбызды кичинекейинен тартып үйдө да, бала бакчада жана мектепте "Кыргызстан көп улуттуу өлкө, анда жашаган адамдар улуттук, диний жана башка айырмачылыгына карабастан, баары бирдей укуктарга ээ экенин, баары бирдей Кыргызстандын жараны экенин" кулактарына куюп тарбиялашыбыз керек. Ошондо гана биз футболдо гана эмес, маданият, илим, экономика жана башка бардык тармактарда чоң ийгиликтерди жарата алабыз, күчтүү коомго айланабыз. Ылайым ошондой эле болсун. Күч бирдикте!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG