Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Баткен: Эл чек араны тактоону талап кылууда


Облустук акимчиликтин алдына чыккандардын бир тобу. Баткен, 30-январь, 2013.
Облустук акимчиликтин алдына чыккандардын бир тобу. Баткен, 30-январь, 2013.

Баткенде Сох анклавы менен чектешкен айылдардын тургундары чек араны тезинен тактоо талабы менен митингге чыкты.

Облустук акимчиликтин алдына Өзбекстандын Баткендеги Сох анклавы менен чектеш Чарбак жана Согмент айылдарынын жүз чакты тургуну эки күндөн бери митингге чыгууда. Алар чек араны тез арада тактап, тосуп берүү талабын коюуда.

Нараазылыкка чыккандардын бири, Чарбак айылынын тургуну Гүлшан Айкынова чек араны тосуу иштери уланмайын таркабастыктарын айтат. Ал ар бир жаңжал болгон сайын чек ара улам ичкери карай жылып жатат деген пикирде:

- Мындай жаңжалдар болуп жатканына 23 жыл болсо да бийлик тарабынан эч кандай чечкиндүү чара көрүлгөн жок. Биз тажагандан ушинтип чыгып атабыз. Ар жылы эле ушундай жаңжалдар болгондо чек ара биз тарапка кичинеден жылып жаткандай. Ошон үчүн чек араны тактап, тосуп бериши керек. Антпесе болбойт.

Түрүнө караганда митингчилер облустук акимчиликтин астынан алы- бери таркабай тургандай. Алар бул жерге чоң казандарын асып, тамак бышырчу шартын да түзүп алышкан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков болсо эл койгон маселе тууралыгын, бирок бул расмий Бишкектин деңгээлинде чечилчү иш экенин айтат:

- Негизи элдин койгон талабы туура. Алдыда чек араны тактоо, тосмолоо иштери турат. Бул маселени биз өкмөткө жана тийиштүү кызматтарга жеткирдик. Чек араны аныктоочу өкмөттүк комиссиянын башчысы Курбанбай Искандаров Баткенге келатат.Эртеңден тарта ал маселени жеринде карап баштайт.

Мындан бир топ күн мурда Чарбактын айланасындагы чек араларды тосуу иштери башталып, бирок Өзбекстан тараптан эч ким келбей койгонунан иш токтоп калган болчу.

Чек ара аймактарында чыр-чатактардын чыгышын иликтеп жүргөн Хаитали Айкынов чек ара маселеси чечилбей, иш мындан ары да созула берсе абал азыркыдан да оорлошот деген ойдо:

- Өзбекстандын борбордук бийлиги Сохтун калкы үчүн баш оорутпай жаткандай туюлат. Мүмкүн өзүлөрүнчө иштеп жаткандыр , бирок маселени чечүү үчүн аракети сезилбей жатат. Ал эми чек араны тосмолоо боюнча кошуналар буга чейин биздин бийлик менен макулдашпай эле өз тарабын тосуп келген. Мындай учурда кыргыз тарап да такталган чек араны тосо бериши керек .

5-6-январдагы чатактан бери жол жабылып, Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыша албай калган Сох анклавынын калкы да бир топ кыйынчылыкка тушукту. Баткендин чек арадагы Күнгөй-Там айылынын тургуну Айымсаат Нурбаева кошуналардын жашоо-тиричилигине да баам салып турат:

- Азыр аларга да трактор, машина менен ичүүчү сууну ташып берип жатышат. Малына болсо карды эритип суу кылып берүүдө. Электр энергиясын мурда чектеп берчү эле, азыр өчүрбөй калды. Жаңжал болгон күндөрү чек арага жакын жашагандар үйлөрүнөн чыгып кетишкен болчу, эми кайра келип жашап жатышат...

6-январда Баткендин Чарбак айылы менен Өзбекстандын Ушар (Хушяр) айылынын ортосундагы жаңжалдан кийин чек аралар эки тараптан тең жабылган. Чек арадагы абал боюнча Баткен жана Фергана облустарынын башчыларынын ортосундагы акыркы сүйлөшүү 10-январда өткөн. Андан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматтары анча-мынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү менен чек арадагы абал ошол боюнча эле турат.

Болгону тараптар анклавдарга бир жолу гуманитардык жардам жеткирүү боюнча гана макулдашып, Кыргызстан Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавына, Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги Сох, Шаймерден эксклавдарына гумжардам жеткирип алды. Анклавдарга жол качан ачылаары белгисиз бойдон.

XS
SM
MD
LG