Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:09

Өкмөт дотацияда отурган айыл өкмөттөрүндө ишкердик баштагандарды салыктан бошотмой болду.

29-июнда президент кол койгон мыйзамга ылайык өкмөт белгилеген өлкөнүн 560 айылында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, тамак-аш өндүрүү жана экспортко ылайыкташкан товарларды чыгарууга багытталган ишкердикти баштагандардан салык алынбайт.

Экономика министрлиги бул мыйзамды алыскы кыштактарда чакан бизнести колдоо, дотациядагы аймактарга инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү максатында демилгелеген.

Мындан ары өкмөт белгилеген айыл чарба жаатында алектенген ишканалар салыктардан бошотулат. Бирок ишканадагы жумушчунун айлыгынан Социалдык фондго төлөмдөр алына берет.

Ишкердин чакан бизнесинин өкмөт белгилеген шарттарга төп келишин жергиликтүү бийлик көзөмөлдөй турганын Экономика министрлигинин өкүлү Кубан Айдаралиев айтты:

- Бул жеңилдиктер өкмөт тарабынан белгиленген гана тармакка тиешелүү. Ошондой эле ишкер инвестициялык келишим долбоорун даярдайт. Анан ошол долбоорду жергиликтүү кеңештер менен макулдашып, алар бекитип берет.

Ишкерлерге мындай жеңилдик беш жылга берилет, кийин ишкананын шарттарына ылайык мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Каржы издеген айылдар

Жалал-Абад облусунда өткөн жылы төрт айыл өкмөтү өзүн өзү каржылоого өткөн. Быйыл анын саны дагы өскөнү турат. Сузак районундагы көп улуттуу Ырыс айыл округу кийинки жылы толугу менен дотациядан чыгууга бел байлап жатат. Жергиликтүү бийлик киреше булагын эмненин эсебинен көбөйтүп, өз бюджетин кантип аткарып жатат?

Жумгалдык Арстан Кадыров айыл чарба жаатында чакан ишкердик менен алектенет. Ал өкмөттүн мындай чечимин кубаттады. Бирок Кадыровдун айтымында, алыскы аймактарга арзан насыя сыяктуу колдоо болбосо, мындай жеңилдиктерден жаңы ишканалар пайда таба албайт.

- Мен Түркиянын тажрыйбасын сунуштайт элем. Ал жакта ишкана ачам дегендер үч жылга салык менен Соцфонддон бошотулат. Анан үч жылга пайызы жок каражат берет. Кийин ишкер ирденип алгандан кийин бардык салыктарды төгөт. Бизге дагы ушул сыяктуу жардам болсо жакшы болот эле.

Анткен менен экономист Эрлан Камаловдун пикиринде, чакан жеңил өнөр жай, айыл чарбасы, кайра иштетүү сыяктуу чөйрөдө бул мыйзам инвестиция тартууга шарт түзөт.

- Эки кошуна айыл өкмөттүн бири дотацияда отурушу мүмкүн. Ал жакта салыктар алынбайт. Бул инвесторду кызыктырышы мүмкүн. Башкача айтканда инвестицияга жакшы жагдай түзүлүшү мүмкүн.

Оштогу күнөсканалардын бири
Оштогу күнөсканалардын бири

Ишкердик жаатында эксперт Руслан Акматбек алыскы айылдарда ишкердикти колдоо үчүн биринчи кезекте бюрократиялык тоскоолдуктар, себепсиз текшерүү, электр жарыгы, жол, суу сыяктуу инфраструктураны жакшыртуу зарыл дейт. Ал эми ишкерлерге багытталган жаңы мыйзамдын экономикага тийгизчү терс таасиринен чочулайт.

- Бул демилгенин чоң тобокелдиги бар. Бизде баары тескери болуп кетиши мүмкүн. Кагаз жүзүндө айылда катталып, бирок Бишкек, Ош шаарында ишмердигин жүргүзө беришет. Ушул сыяктуу ишканалар пайда болот. Мындайча айтканда көмүскө ишкердикти мыйзамдаштырып албайбызбы?

Экономика министрлиги деле бул мыйзамдын натыйжасы жакынкы жылдары эле сезилээрин күтпөйт. Канткен менен инвесторго жагымдуу климат түзүүлөрүн белгилеп жатышат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда айыл өкмөттөрдүн 82 пайызы борбордук казынага көз каранды (дотацияда). Чакан жана орто бизнести 70 пайызы Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда орун алган. Айылдарда негизинен мал чарбасы ишкердиги гана жакшы өнүккөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG