Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:01

Акелеев: Бажы биримдигинин пайдасын Орусия гана көрүүдө


“Промотанк” компаниясынын жетекчиси, экономист Азамат Акелеев унаа базарларындагы баалар, Бажы биримдиги тууралуу "Азаттык" менен ой бөлүштү.

- Казакстан Бажы биримдигине киргенден бери ал жактан кардарлар көп келип, Кыргызстандын унаа базарларында баа өсүп жаткан экен. Мунун кыргыз экономикасына пайда-зыяны кандай болушу мүмкүн?

- Мунун терс жана оң жактары деле бар. Жакшысы – унаа импорту менен алектенген жарандардын кирешеси өсүп жатат. Мен билгенден мындай иш менен көп эле киши алектенет. Көчөдө иштеп жүргөн таксисттердин көбү деле кез-кезде ушундай бизнес жасай коюшат. Ал эми машина ала турган жарандарга бул албетте терс таасирин тийгизет.

Бирок бул кырдаалдагы негизги жыйынтык - Бажы биримдиги эрежелерди жакшы иштеп чыга албаганында болуп жатат. Бажы биримдигинде демек көп нерселер аягына чейин ойлонуштурулбай калган. Мисалы, биздин жарандар, же Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандары баары бир кандайдыр бир жолдорун ойлоп таап, соодага көп деле зыяны тийген жок.

Мисалы, "Дордой" базарынан товарлар мурдагыдай эле кетип жатат. Жарандар 50 килограммга чейин ташый алышат. Ошого 49 килограмм кылып бөлүп-бөлүп чек аранын жанында биздин жарандар жана казак жарандары алып кетип жатышат.

Кыргыз-казак чек арасында
Ошондой эле биздин тигүүчүлөргө деле анча зыян тийгизген жок. Анткени биздин тигүүчүлөр түздөн-түз иштешет. "Карго" менен, жүк ташуучу фирмалар, брокерлер аркылуу өздөрүнүн товарларын мурункудай эле керектүү жерлерге жеткирип жатышат.

Ошондуктан ушул тапта Бажы биримдиги кандайдыр бир олуттуу уюм болгонунан шек санайм. Ушундан улам биз бул уюмга кирерден мурун жакшы ойлонушубуз керек.

- Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ыктап жатат. Сиздин оюңузча биримдикке кирсе утуштан да утулуусу көп болобу?

- Азыр Бажы биримдиги анча-мынча иштеп калбадыбы. Менин билишимче, маалыматтарга караганда, биримдикке кирген Беларуста абдан чоң проблемалар болуп жатат. Аны көп киши билет.

Ал жакта гиперинфляция болуп, бюджеттин кирешелери төмөн түшүп кетти. Бул ошо Бажы биримдигинин натыйжасы болуп жатат. Анткени Беларус мурун кара майды реэкспорт кылуу менен абдан көп киреше алчу. Бюджетинин 60 пайызы ошондон түзүлчү. Бажы биримдигине киргенде, жаңы шарттарга байланыштуу алардын кирешелери Орусияга өтүп кетти. Бул беларус экономикасына терс таасир этти.

Ал эми Казакстанды карасак, ал жакта деле анча көп утуштар болгон жок. Жакында эле бул жакка Казакстандан жакшы кесиптешим келип кетти. Анын айтымында, Орусиядан Казакстанга болгон импорт бир нече эсе көбөйдү, ал эми башка чет мамлекеттерден импорт бир нече эсе азайды. Ал эми баалар бир топ жогорулады. Азыркы убакта Бажы биримдиги эң биринчи кезекте ири өлкөгө - Орусияга жакшы таасир берип, пайдалуу болуп жатат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG