Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Омурткасы сынган кенчи кенемте күтөт


Аскат Амираев.
Аскат Амираев.

Чаткалдагы «Вертекс Голд Компани» тоо-кен компаниясында иштеп жүрүп кырсыктаган Аскатбек Амираев арыз-муңун эч ким укпай жатканына даттанды.

Аскатбек Амираев ушул жылдын май айында омурткасын сындырып алып, ошондон бери төшөктө жатат. Аталган компания жабырлануучуга мыйзам чегинде тиешелүү жардамын үзгүлтүксүз берип жатканын айтууда.

2017-жылдан тарта Жамгыр кенин казып жаткан “Вертекс Голд Компани" Кыргызстандын бюджетине олуттуу киреше алып келет деп өкмөт үмүт арткан инвесторлордун бири.

"Таш басып калды..."

Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылынын 21 жаштагы тургуну, бир баланын атасы Аскатбек Амираев төрт айдан бери төшөктө жатат.

Иш учурда жараат алганын айткан жигит «Вертекс Голд Компани» ишканасы кенемте төлөбөй жатканына нааразы:

"Ушул жылдын 13-май күнү кенде иштеп жаткан кезде таш басып калган. Ошол жерден Талас облустук ооруканасына жеткиришкен. Компания кызматкерлери ошол учурда “чатырга чыгып, жыгылып түштүм” деп айтышымды суранышты. Ал жерден дарыгерлер омурткаларым сынганын аныкташты. Андан кийин Бишкектеги №4 ооруканага жаткырышкан. Бишкекте дарыланып туруу үчүн бир ай батир алып берди, андан соң Чаткалга келдим. Азыр айылда келинчегим карап жатат. Башында дарыгерлер операция кылууну сунуштаган, бирок басып кетүүгө кепилдик беришкен эмес. Чочулагандыктан ага макул болгон жокмун. Азыр компания ооруганым үчүн гана төлөм (больничный) берип, башка көмөк көрсөткөн жок. Мага беш-алты жыл оор жумуш кылганга, көпкө отурганга болбойт. Ошол себептүү компанияга "компенсация төлөп бергиле" деп кайрылгам. Алардан “сотко берсең да төлөй албайбыз” деген жооп келди".

Аскат Амираев.
Аскат Амираев.

Аскатбек 15-августта өкмөттүн каттарды кабыл алуу бөлүмүнө кайрылуу жөнөткөн. Ага чейин 14-августта Чаткалга барган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жолугуп, арыз-муңун айткан:

"Мен райондук жана облустук прокуратурага чейин кайрылдым. Бирок алардан “Жеке компаниянын ишине кийлигише албайбыз” деген жооп алдым. Райондук жана облустук бийликтен бул окуяга байланыштуу эч кандай реакция болгон жок. 14-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чаткалга келгенде жолугуп, арыз-муңумду айткам. Жергиликтүү бийлик бут тоскону үчүн өкмөт башчыны Ыдырыс-Ата күмбөзүнө куран окутууга келген жеринен тосуп алдым".

"Компенсация алуу татаал иш"

Кен казуучу ишкана өндүрүштө жабыркаган Аскатбек Амираевге жардам берилип жатканын айтууда.

Компаниянын эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча башкы адиси Максат Сагынбаев ишкананын атынан буларды билдирди:

"Биз эч кандай мыйзам бузган жокпуз. Иш учурунда гана орун алган кокустук болду. Аскатбекке май айынан бери ооруганы боюнча төлөмдөр (больничный) берилип жатат. Мындан сырткары май-август айларында материалдык жардам катары 20-30 миң сомдон карматтык. Биздин профсоюз уюмубуз үй-бүлөсүнө тамак-аш жагынан жардам берди. 16-августта аны Бишкек шаарына алып барып, дарыгер Сабыр Жумабековдун кароосунан өткөрдүк. Буюрса, сөөктөрү калыбына келе баштады. "Компания карабай койду" деген маалыматтар чындыкка жатпайт".

"Вертекс" компаниясынын өкүлдөрү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу учурунда.
"Вертекс" компаниясынын өкүлдөрү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу учурунда.

Максат Сагынбаевдин айтымында, кен казган 200дөн ашуун адамга үч ай сайын коопсуздук эрежелери боюнча сабак өтүп турат. Аскат Амираев да ага катышып, бардык коопсуздук эрежелери менен таанышкан.

Ишкананын юристи Элмурат Абдураимов жабырлануучу сурап жаткан компенсацияны алууга убакыт керек экенин айтууда.

"Бизден бир жолу бериле турган компенсацияны сурап жатпайбы. Ал татаал процесс. Экспертиза, андан соң ден соолугунан майыптык алгандарды аныктоочу комиссиядан өтүп, кайсыл бир даражадагы майыптык алса гана төлөнөт. Ал алты айдан кийин жасала турган иш. Учурда Аскат Амираев айтып жаткан маселени биз да мыйзамдуу түрдө аткаргыбыз келет".

Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Абдижалил Ташматовдун билдиргенине караганда, жергиликтүү тургундардын укуктары өлкөнүн мыйзамдары менен корголууга тийиш.

"Биз кен тармагындагы ар бир компания менен жамааттык келишим тузүп, ошонун негизинде эмгекчилердин укуктарын коргоп келебиз. Башка учурда Эмгек кодексине, өкмөттүн токтомдоруна таянабыз".

Чаткал райондук ички иштер бөлүмү факт боюнча ишти Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине үч айдан кийин, 21-августта каттап, “Алтын кен казууда жардыруу боюнча коопсуздук эрежелерин сактаган эмес” деген берененин негизинде иш козгогон. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда укук коргоо органдары анын жыйынтыгын күтүп жатат.

Вертекс компаниясына караштуу аймак.
Вертекс компаниясына караштуу аймак.

«Вертекс Голд Компани» ишканасы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетип келет. Азыркы тапта ишканада 500дөн ашуун адам эмгектенет, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары да бар.

Жамгыр кенинде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган. Буга байланыштуу Чаткалдагы “Вертекс Голд Компани” компаниясы ал жерде 300 миң тонна кен иштетүүгө кубаты жете турган алтын чыгаруучу фабриканы, вахталык айыл, административдик-тиричилик комплексин жана башка объекттерди курууну пландап жатат. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн айда тоо-кен ишканасынын иши менен таанышып кайткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG