Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:48

Элчиликтеги жардыруу: жоопсуз суроолор...


Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон жардыруу. 30-август, 2016-жыл

27-июнда Биринчи Май райондук соту Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде теракт жасады деп айыпталгандарды күнөөлүү деп тапты. Кыргызстандын үч жараны 10 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылды. Соттолгондордун жактоочусу сотко тергөө же атайын кызмат тарабынан кысым көрсөтүлүшү мүмкүн деп шек санап жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жардыруудан кийин кылмыш ишин козгоп, алгач алты шектүүнү кармаган. Тергөөнүн натыйжасында алты адамдын үчөөнүн терактка тиешеси жоктугу аныкталып, быйылкы жылдын 4-майында болгон соттук отурумда алардын иши кыскарганы маалым болгон.

Калган үчөөнүн экөөнө терроризмди каржылаган деп, бирөөнө террористтик уюмга тиешеси бар деген айып тагылган. Натыйжада 27-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Хикматилло Абдулажанов 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка, Күназим Мансирова 10 жылга аялдар түрмөсүнө жана Хасамидин Исмаилов 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Элчиликтеги теракт: шектүүлөр азайды

Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратын жардырууга шектелген алты адамдын үчөөнүн иши кыскартылды.

Соттолгондордун жактоочусу Курманбек Туйбаев сотко тергөө органдары же улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кысым көрсөтүлдү деп божомолдоп, отурумда аныкталган жагдайды сот өзү талдабастан, болгону тергөөнүн божомолун окуп койду деди:

- Буларга терроризмди каржылаган деген айып коюлуп жатпайбы. Ал үчүн акча террористтерден келиш керек. Террористтер аны көзөмөлдөп турушу керек. Ал эми Мансирова эжесин карызынан куткаруу үчүн уюн сатып, кошунасынан 400 доллар алып берип, анын фамилиясын да айтып жатат. Ал эми кылмыш ишин окусаң, булар "Жабхад Ан-Нусра" террористтик уюмга тиешеси бар деп жазылган. Аны ким далилдеди? Аны сот же прокурор Сирияга барып, далилдей алабы? Далилдей албайт. Бул болгону оперативдик сводканын сөзү. Ошонун негизинде эле сот өкүм чыгарып жатпайбы.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдиргендей, жардырууга буюртма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөнү, курамына уйгурлар кирген “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталган.

Жардырууну ишке ашырууга буйрук берген кишинин ысымы Сирожиддин Мухтаров (Абу Салох) экени маалымдалган. Ал Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну экендиги аныкталып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган.
30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти машине менен сүзүп кирип, өзүн жардырган.

Теолог жана эксперт Канат Мурзахалилов соттолгондор болгону узун чынжырдын төмөн жагында турган, балким терактка көмөк көрсөтүп жатканынан кабардар болбогон эле карапайым адамдар болушу да мүмкүн деп болжойт. Анын айтымында, жоромолдорго биротоло чекит коюу үчүн Кыргызстандын атайын кызматтары бул терактты уюштурганга түздөн түз тиешеси бар делген Түркиядагы адамдарды экстрадициялоо боюнча иш алып барышы керек.

- Террорчул уюмдардын өкүлдөрү, каржы булактарын камтыган кишилер Түркияда отурары айтылып калды да. Ошол кишилерди мамлекеттик ресурсту колдонуп, Түркиядан экстрадиция кылып келип, бул жерден соттош керек болчу. Үч адам менен гана чечилген маселени мен туура эмес деп ойлойм. Чынында булар ортомчу эле адамдар. Акча алганы, бирөөдөн бирөөгө акча алып келип бергени гана болбосо, булар эң төмөнкү звенодогу адамдар. Терактты түздөн түз каржылаган жогорку даражадагы адамдарды таап, изилдөө керек. Бул комплекстүү көйгөй болуп калды.

“Адал Тур” ишканасында эмгектенген 29 жаштагы Турганбаев терактты каржылоого көмөктөшкөн деп шектелип издөөгө алынган. Көп өтпөй ал өз ыктыяры менен Стамбулдан Кыргызстанга учуп келип, тергөөгө көмөктөшүп, эки айдан кийин кылмыш кылбаганы аныкталган соң бошотулган.

Жардырууну ишке ашырган жанкечти М 626881 номурлуу тажик паспорту менен жүргөн 33 жаштагы уйгур тектүү Зоир Халилов болгону аныкталган.

30-августта эртең менен ал Бишкектеги Кытай элчилигинин короосунда унаасын жардырып, набыт болгон. Жарылуунун күчү катуу болгондуктан анын радиусу он чакырым аралыкка чейин сезилген. Эксперттер муну Бишкек шаарында жанкечти ишке ашырган алгачкы теракт катары баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Касым Рахманкулов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.

XS
SM
MD
LG