Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:17

Чолпон-Ата: кайра жанданган саммит


Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин саммити, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин президенттеринин саммити жыйынтыкталды.

Кыргызстан эки жылдан бери уюштурбай келген бул жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери толук курам менен катышты. Жыйындын жүрүшүндө Тоолуу Карабактан тартып экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул мезгилге чейин кеңештен обочолонуп келген Өзбекстан менен Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Венгриянын премьер-министри биринчи жолу жыйынга байкоочу катары катышканы бул саммиттин өзгөчөлүгү болуп калды.

Чолпон-Ата саммити улуттук спорт жана жаштар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналары айтылган. Бирок жыйындын жүрүшүндө саясий, коопсуздук жана экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Чолпон-Ата: президенттер саммитке даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Алгач болуп сөз алган Азербайжандын президенти Илхам Алиев Баку үчүн аярлуу маселеге айланган Тоолуу Карабактын айласындагы абалга токтолду. Ал Карабак узак жылдар бою армян оккупациясында турганын белгилеп, аны кайтарууга чогуу аракет жасоого чакырды:

- Тоолуу Карабак учурда армян оккупациясында турат. Аны натыйжасында аймагыбыздын 20 пайызын жоготуп алдык. 1 миллионго жакын качкын өз жерин таштап кетүүгө мажбур болду. 10 миңден ашык адам дайынсыз. Армения биздин диний жана тарыхый эстеликтерди талкалады. Ушундай кылмыштар үчүн алар жооп бериши керек.

Алиев саммиттин алкагында коопсуздук маселелерин талкуулоону сунуштады.

Буга уюмдун башка мүчөлөрү өз позициясын билдирген жок. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган гана Тоолуу Карабак маселесине көңүл буруп, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн сактоого көмөктөшүүнү сунуштады.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Бул жыйындын жүрүшүндө түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өз мамлекети үчүн талылуу темага айланган диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен күрөш жана өз ара соода жүгүртүүдө АКШ долларынан баш тартып, улуттук валютага өтүүнү сунуштады:

- Эл аралык соода жүгүртүүнүн долларга карата көз каранды болуп калышы учурда тоскоол боло баштады. Биз бул тармакта өз улуттук акчабыз менен соода жүгүртүү маселесин талкуулоону сунуштайбыз. Улуттук жана жергиликтүү валютага өтүшүбүз шарт.

Эрдоган Түркия бул уюмдан запкы көргөнүн белгилеп, мындай окуялар кайталанбашы үчүн башка мамлекеттер сабак алышы керектигин билдирип, бул жагынан Өзбекстандын бийлиги жана Түрк кеңеши жакшы аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Расмий Анкара учурда АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди азыркы бийликтин душманы катары сыпаттап келет.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми саммитке кожоюндук кылган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков уюмдун географиясынын кеңейишин уникалдуу көрүнүш катары баалады:

- Бүгүнкү жыйын уникалдуу форматта өтүп жатат. Биздин арабызда отурган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга мүчө-мамлекеттердин атынан өзгөчө салам жолдойм. Өзбекстан Республикасынын мүчө-мамлекет катары Түрк кеңешине кошулуу ниетин бийик баалап, өзүнчө колдогум келет. Бул кадам Түрк кеңешинин кеңейишине жана анын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрүүгө жакшы шарттарды түзөт деп ишенем. Европанын чордонунда орун алган Венгрия өзүнүн түрк тилдүү тарыхын, каада-салтын жана тууган-достугун унутпастан, бүгүнкү саммитте Түрк кеңешинин байкоочу мамлекет статусун алып жатканы кубандырат.

Чынында эле жыйындын жүрүшүндө Венгрияга кеңешке байкоочу өлкө макамы берилгени белгилүү болду.

Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Жыйынга алгач жолу катышып жаткан Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан түрк кеңеши менен өз тилин жана маданиятын сактоо үчүн кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди:

- Глобалдашкан дүйнөдө Венгрия өз тилин жана маданиятын сактап калууга аракеттенет. Өз түбүбүздү жакшы билебиз, XXI кылымда ушул сыяктуу мамлекет болуп, улуттук өзгөчөлүгүбүз менен сыймыктаныбыз. Бул чындык. Батыш бул чындыкты кабыл албайт. Бирок буга карабай түрк тилдүү мамлекеттер менен жакындыгыбызга сыймыктанабыз.

Ошондой эле Чолпон-Ата саммитинин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды.

Саммитте кеңештин мурдагы баш катчысы Рамил Гасан кызматын тапшырып, ордуна 59 жаштагы Багдат Амреев бекитилди. Жаңы баш катчы Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтө турганын билдирди.

Ал эми буга чейин уюмга толук кандуу мүчө катары кошулушу мүмкүн экени айтылган Өзбекстандын кеңешке кирбегенин, бирок "жакын арада толук кандуу мүчө болот" деп ишенерин Амреев кошумчалады.

Амреев: Венгрия кеңешке байкоочу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтык саммити 2010-жылы расмий түрдө түзүлүп, катчылыгы иштей баштаган. Ага төрт өлкө: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө.

Алгачкы саммит 2011-жылы Казакстандын Алматы шаарында өтүп, экинчи саммит 2012-жылы Бишкекте уюштурулган. Бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы билим берүү, маданий кызматташтык маселелерине көңүл бурулган. Ал эми үчүнчү саммит Азербайжандын Гебели шаарында уюштурулса, төртүнчү ирет бул уюмдун саммитине Түркиянын Бодрум шаары 2014-жылы кожоюндук кылган.

Бешинчи жолу кеңештин жыйыны 2015-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөн соң үч жылдык тыныгууга туш болду. Расмий Бишкек саммитти 2016-жылы өткөрүүнү болжосо да, эки жыл бою өткөрбөй келди.

Алгач Кыргызстандын бийлиги аны өткөрүүгө камылга көрүп келген. Атүгүл уюмдун 2015-жылы Астанада өткөн жыйынында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев саммитти Ысык-Көлдүн жээгинде уюштуруу сунушун көтөрүп чыккан эле:

- Нурсултан Абишевич, биз саммитти Чолпон-Ата шаарында өткөрсөк деп сунуш кылып жатабыз. Өзүңүз 15-августтан 25-августка чейин бир күндү тандасаңыз. Сиз аксакал катары тандап берсеңиз, биз ошол күнү өткөрөлү.

Ал учурда кыргыз бийлиги Түрк тилдүү өлкөлөр саммитин Көчмөндөр оюндарына тушташ өткөрүүнү мерчемдеген. Бирок белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Мунун расмий себеби түшүндүрүлгөн эмес. Бирок саммиттин эки жыл бою өтпөй калышын байкоочулар Кыргызстандын мурдагы бул уюм ичиндеги айрым өнөктөштөр менен мамилесинин бузулушуна байланыштырышкан.

Алсак, Түркиянын бийлиги менен 2016-жылдын 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин расмий Бишкек менен Анкаранын мамилеси муздаган. Буга түрк бийлиги төңкөрүш аракетине айыптаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери деп атагандардын ишмердигин Кыргызстанда тыюу салуу өтүнүчүн орундатуудан баш тартылганы себеп болгон.

Ал эми Азербайжандын жетекчилиги Карабак маселеси Бакунун позициясын жактаган Исламабад декларациясына кол койбой койгон Кыргызстанга расмий түрдө таарынычын билдирген. Казакстан менен Кыргызстандын бийлик башындагылары өткөн жылы президенттик шайлоодон улам кайым айтышкан. Мына ушундай өлкө башчылары арасындагы таарынычтардан улам кийинкиге калып келген саммитке кожоюндук кылуу шыбагасы Сооронбай Жээнбековго тийди.

Эксперттер бул жолку саммиттин Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты үчүн мааниси бар экенин белгилешет.

Ички саясатта президент Сооронбай Жээнбеков кожоюндук кылган саммитке мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен ачык жана тымызын кер-мур айтышып, мамилеси бузулган өлкө жетекчилеринин келиши Жээнбеков үчүн саясий упай алып келген окуя болууда.

Тышкы саясатта болсо мурда бузулган мамилерди оңдоо менен үч жылдан бери токтоп калган саммитти өткөрүү бул мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу алаканы жакшыртууга аянтча болду. Айрыкча, АКШ жана Европа менен мамилеси бузулган Түркия үчүн бул уюмдун алкагында өз бугун чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.

Бул жолу Түркмөнстандын жетекчилиги саммитке катышкан жок. Буга чейин келери кабарланган Гурбангулы Бердимухаммедов эмне себептен жыйынга катышпаганы расмий түшүндүрүлгөн жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG