Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Экс-президенттердин кол тийбестиги "козголду"


Экс-президенттер Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева.

3-октябрда Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырды.

Конституциялык палата Токтакуновдун өтүнүчүн карап, “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси Конституцияга каршы келет деп таап, бирок анын себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен негиздеди.

Токтакуновдун айтымында, ал өз кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнсө, Конституциялык палата "кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын" деген мааниде бүтүм чыгарды.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Конституциялык палата бүгүн татаал чечим чыгарды. Эгер аны жалпак тил менен түшүндүрсөк, ал "экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу процедурасы импичменттин процедурасынан жеңил болбош керек" деген бүтүм чыгарды. "Ал эми ал процедураларды Жогорку Кеңеш аныкташы керек" деп жоопкерчиликти кыйыр түрдө парламентке жүктөп койду, - деди укук коргоочу.

Мындай чечимге юрист өзү "жоктон көрө жогору" деген баа берди. Буга чейин Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Аталган норма экс-президенттердин кол тийбестигин абсолюттук түрдө камсыз кылат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышкан. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Исхак Масалиев Конституциялык палата чыгарган чечим менен толук таанышып, сунушталып жаткан мыйзамда ал бүтүм эске алынарын айтты.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдик берген мыйзамдагы 12-беренени жокко чыгарууну сунуш кылып жатабыз. Конституциялык палатанын чечими боюнча сизден угуп жатам. Анда биз ал чечимден чыкпашыбыз керек. "Экс-президентти жоопко тартыш үчүн жол-жобосун ойлонуп чыккыла, жөнөкөй жарандардай эмес, балким прокурордун сунушу менен Жогорку Кеңеш чечим чыгарабы же башка жолун иштеп чыккыла" деген окшойт. Адегенде чечимди жакшылап окуйлу, анан көрөбүз. Аны четте калтыра албайбыз.

Масалиев "Кыргызстандын экс-президенти" деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек" деген демилгени парламенттин жайкы эс алууга чейинки сессияларынын биринде көтөрүп чыккан.

Анткен менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кылдат мамилени талап кылган бул маселе жалпы элдик референдумга коюлса туура болот деген пикирин билдирген.

- Мен бул суроого Коопсуздук кеңешинин атынан комментарий бере албайм деп ойлойм. Анткени мен Коопсуздук кеңешинин өкүлү болуп эсептелем. Бирок Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары бул маселе кошумча иштеп чыгууга муктаж деп ойлойм. Тиешелүү түрдө, андай чечим кабыл алына турган болсо ал демилгени мындайча айтканда жалпы эл менен талкуулаш керек болот. Ал 120 депутат же жалгыз эле президент кабыл алып койгон чечим болбошу керек. Ал коллегиалдуу түрдө эмес, дал референдумдун жүрүшүндө кабыл алынышы зарыл.

Сөз “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги боюнча берене тууралуу болуп жатат. Аталган мыйзамдын 12-беренесинде “экс-президенттер кылмыш жообуна тартылбайт, кармалбайт, камакка, тинтүүгө жана суракка алынбайт” деп жазылган. Кыргызстанда экс-президент статусу Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана бар.

Мына ушул беренени алып салуу боюнча сунуштар парламентте "ЖЭБди модернизациялоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экен" деген сөздөр айтылгандан кийин күчөдү. Ушундан улам КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков экс-президенттин кол тийбестигин алуу демилгеси көтөрүлүп жатканын саясий оюндар деп эсептейт:

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

- Мыйзамда жазылган кол тийбестик болуш керек. Бирок кылмыш кылган учурда жоопкерчиликке тартуунун жолдору бар. Кол тийбестикти алып салыш үчүн адегенде анын кылмыштарын аныкташ керек. Бул саясий, ыплас оюн. Бул жакшылыкка алып барбайт.

Өз кезегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев ЖЭБдин айланасындагы өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, өзгөчө пикирин жарыялап келатат.

Азыркы Баш мыйзамда президент Конституциянын, адам укуктарынын жана эркиндигинин кепилдиги болуп эсептелбейт. Ошого жараша анын кол тийбестигинин деңгээли да төмөндөгөн. Бирок 2003-жылдагы Баш мыйзамдын 53-беренесине экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугу кирип, кийин ошол эле ченем "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинде көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG