Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Айыл чарба министрлигиндеги документ чуусу


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бөлүм башчыны «министрдин орун басары» деген жалган маалымат менен Кытайга иш сапарына жөнөтүп жатканы коомчулуктун катуу сынына кабылды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги «министрдин орун басары рангында» деп көрсөтүлгөн бөлүм башчынын Кытайга иш сапарына жөнөп жатканын иликтеш үчүн кызматтык комиссия түздү. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеменин басма сөз катчысы Гүлчехра Садыкова кабарлады. Анын айтымында, комиссия иш сапарына жөнөп жаткан Анаркүл Беккулиевага байланыштуу кол коюлган маалымкаттын аныктыгын, ким кол койгонун тактап чыгат.

«Бизде азыр комиссия түзүлдү, - деди ал. - Ошонун жыйынтыгы менен расмий маалымат беребиз. Биз да жыйынтыгын күтүп жатабыз. Анда маалымкаттын аныктыгы, кайдан чыкканы, ким кол койгону аныкталат. Кимдин качан иш сапарына кетип жатканы тууралуу бизде маалымат жок. Беккулиева 1-августтан тартып эмгек өргүүсүнө кеткен, аны менен да байланышуу мүмкүн болбой жатат».

Мунун алдында «Анаркүл Беккулиева министрликте иштегени анык, учурда ал министрдин орун басары рангындагы Тамак-аш коопсуздугу бөлүмүн жетектейт» деген мазмундагы маалымкат социалдык тармактарга жарыяланган. Ага министрдин орун басары Амангелди Исаев июлдун башында кол койгон.

Бул маалымкат Беккулиеваны Кытайда жыл сайын өтүүчү «XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу» эл аралык жармаңкесине жөнөтүш үчүн жиберилген. Кытай тарап мунун чын-төгүнүн аныкташ үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Башкы дипломатиялык мекеме маалымат такталып жатканын билдирүүдө.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жана маалымкатка кол койду деген орун басар Амангелди Исаев менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпай жатат. Мекеменин басма сөз кызматы жетекчилер өкмөттүн жыйынында экенин белгилеп жатышат.

«XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу» эл аралык жармаңкеси жыл сайын Кытайдын ар кайсы шаарында өткөрүлөт. 100дөн ашуун өлкөдөн миңге жакын өнөр жай жана соода топтору, бир нече миң компания, ишкерлер катышкан жармаңке быйыл августтун соңунда 23-жолу өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан айыл чарба министринин орун басары рангындагы кызматкерге чакыруу келген.

Эреже боюнча чет өлкөлөрдө өтө турган иш-чаралар жана ага чакыруу министрликтин тышкы байланыш жана инвестиция бөлүмү аркылуу өтөт. Бул бөлүмдүн башчысы Ренат Токбаевдин Кытайда болчу жармаңкеге чакыруу келип-келбегени тууралуу маалыматы жок экен.

«Азыр документтерди карап чогултуп жатабыз, - деди бөлүм башчы. - Бизге негизи ушундай чакыруулар көп болот. Бизге ушундай кат келди беле, кандайча ушундай болуп кетти деп карап жатабыз. Же өзүнө түз түшүп калды беле деп билбей жатабыз».

Айыл чарба министринин эки орун басары жана орун басар рангындагы бир статс-катчы бар. Чет өлкөгө иш сапарына жөнөтүш үчүн бөлүм башчынын кызматын жогорулаткан бул маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууланып, министр Эркинбек Чодуевге карата сынды күчөттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева «эл аралык чөйрөдө Кыргызстандын беделин түшүрдү» деп министрликти сынга алды:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Бул жоопкерчилик маселеси. Айыл чарба жаатында өзгөрүүлөр болуп, мактанарлык иштер болуп жатса мен түшүнөт элем. Бөлүм башчыны «министрдин орун басары» деп жалган кагазды чет өлкөгө, Кытайга жөнөтүп бизди эл аралык деңгээлде уят кылып жатат. Репутация, имидж дегенди ойлобогон жетекчилерди жумуштан алыш керек. Бул уят нерсе. Ачуум келгени - бул ачыкка чыгып калган гана мисал болуп жатат».

Эркинбек Чодуев сындан башы арылбаган министрликке жетекчи болуп майдын соңунда дайындалган. Ага чейин ушул эле мекемеде министрдин орун басары болуп иштеген.

Экс-депутат жана саясий эксперт Алишер Мамасалиев жетекчилик кызматтарга иш билги кадрлардын келбей жатышы, бул багытта мамлекеттик саясаттын бечелдиги өзүнүн кесепетин тийгизип жатат деп эсептейт.

Алишер Мамасалиев.
Алишер Мамасалиев.

«Ушундай көрүнүштөр - кадр тандоодо туура эмес критерийлер коюлуп жатканынын кесепети, - деди ал. - Ушуну жакын арада чечпесек эч качан өнүкпөйбүз. Айыл чарба министрлигине байланыштуу Кытайдын өкмөтү тийиштүү кагаздарды карагандан кийин кыргыз тарапка тактоо үчүн, «туурабы-жокпу» деп кайрылып жатат. Кээ бир мамлекеттер бизге ишенбей жатат. Айрым аткаминерлер ушуга алып келди, бул өтө коркунучтуу нерсе».

Бул мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөлөргө иш сапарына чыгышына байланыштуу сын айтылып жаткан биринчи учур эмес. Буга чейин катардагы адистер чакырылган иш-чараларга эмгек жана социалдык өнүгүү министри жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөнү айтылып, жетекчи баш болуп үч орун басары кызматтан кеткен.

Буга чейин Коопсуздук кеңеши Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин текшерген. Анда штатта жок кызматкерлер чет өлкөдөгү эл аралык жыйындарга катышып жүргөнү, бир эле адам бир нече жолу сапарга чыкканы аныкталган. Ошондой эле директордун жардамчысы жана айдоочусу Женевадагы эл аралык жыйынга жиберилгени коомчулуктун сынына кабылган. Сапарлар тууралуу ТИМге маалымат берилген эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG