Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:45

Президентке даттанган мамкызматкерлер


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын кызматкерлери мекемедеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча президентке даттанышты.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардагы жемкордук боюнча президентке ачык кайрылуулар өткөн аптада Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиевадан башталды.

Мекемедеги жемкордукка каршы чыгам деп жумушунан айрылганын айткан Мамбеталиева "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мекемедеги коррупцияга аралашкандар катары үч адамдын атын атаган эле:

Анара Мамбеталиева.
Анара Мамбеталиева.

- Коррупцияны жок кылууну, аны менен күрөшүүнү ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Мен дагы ушул ураандын астында инспекциянын ичиндеги коррупцияга бөгөт коюу максатында үч адамдын атап кетүүгө бүгүн бел байладым. Алар - Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов жана финансы башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашева. Дал ушул адамдар Мамэкотехинспекциянын ичиндеги мамлекетке таандык акчанын баарын туура эмес нукка пайдаланып жатканын башка кызматкерлер да билет.

Мамбеталиеванын бул кайрылуусуна президент Сооронбай Жээнбеков көңүл бурганы ачыкка чыкты. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына бул маселени көзөмөлгө алууну тапшырган. Анын негизинде Коопсуздук кеңешинин жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери Экотехинспекцияга 27-августта барып, алгачкы териштирүүнү баштаганы белгилүү болду. Анара Мамбеталиева болсо расмий түрдө арыз жазып, колундагы материалдарды тиешелүү органдарга берерин билдирүүдө.

Бирок Экотехинспекциянын жетекчилиги Мамбеталиеванын жемкордукту ашкерелегени үчүн куугунтукка кабылганы боюнча маалыматтарды четке каккан. Маселенин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат алыш үчүн алар менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек. Мекеменин атын атагысы келбеген кызматкери мурдагы басма сөз катчы коррупцияга тиешеси бар киши катары атын атаган жетекчилер учурда Мамбеталиеванын үстүнөн "кадыр-баркыма шек келтирди" деп сотко арызданууга даярданып жатышканын айтты.

Кантсе да Анара Мамбеталиеванын жемкордук боюнча кайрылуусуна өлкө жетекчилигинин көңүл бурганы башка мамлекеттик кызматкерлерге дем берди көрүнөт. Бул жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева видео аркылуу президентке кайрылды.

Камеранын алдында көз жашын тыя албаган Асанбаева мамлекеттик ишканадагы коррупциялык көрүнүштөрдү буга чейин айтып чыкканын, бирок андан бери көңүл буруунун ордуна тескерисинче ага карата басым-кысым күчөгөнүн баяндады:

Алия Асанбаева.
Алия Асанбаева.

- Мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай реакцияны көрө алган жокмун. Тескерисинче, мамлекеттик органдардан жана ишканабыздын жетекчилигинен эбегейсиз басымды сезип жатам. Ошондуктан сизден бул ишти көзөмөлгө алып, сотко чейин жеткирүүнү суранабыз.

"Кыргыз темир жолундагы" жемкордук боюнча даттануу ушул жылдын май айында башталган эле. Ал учурда бир нече поезд коштоочу мекеменин жетекчилери каттамга билетсиз жүргүнчүлөрдү салып, андан түшкөн каражаттан пайдага туйтунуп жатканын айтып чыгышкан.

Асанбаева дал ушул билдирүүдөн соң "Кыргыз темир жолунун" кесиптик кошууну аны өз катарынан чыгарып салганын кошумчалады. Бирок бул ирет да "Кыргыз темир жолунун" жетекчилиги кызматкеринин айткандарын төгүнгө чыгарды. Ишкананын башкы директору Алмазбек Ногойбаев өз кызматкерине кысым болбогонун, ага эч кандай тиешеси жок экенин билдирди:

Алмазбек Ногойбаев.
Алмазбек Ногойбаев.

- Менин поезд коштоочуну куугунтуктаганга кандай кызыкчылыгым бар, айткылачы? Мага эч кереги жок. Эгер ал чындыкты айтса, анда оңдошубуз керек. Эгер жалган айтып жатса - аны дүң кылуунун эмне кереги бар? Мен эмнеге поезд коштоочу менен байланышып, аны куугунтуктамак элем? Мага анын кереги жок.

Негизи "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы мыйзамсыз иштер боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чара көрүлө элек. Азырынча Алия Асанбаеванын кайрылуусуна өлкө жетекчилери да жооп кайтара элек.

Бирок мамлекеттик мекемелердеги жемкордук маселелерин төмөндөн жогору көздөй ашкерелөө аракеттерин эксперттер оңунан баалап жатат. Борбор Азия университетинин профессору Эмил Жороев мындай кырдаалда өлкө жетекчилиги өтө кылдат иликтөө жүргүзүп, туура чечим кабыл алышы керек деп эсептейт:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

- Бул абдан маанилүү белги. Мамлекеттик бийлик бул сыяктуу кайрылууларды жөн калтырбай, өздөрүн тобокелчиликке салып ачык айтып жаткан кишилердин маалыматын ачык иликтеп чыгышы керек. Себеби, коомчулуктун жигердүү бөлүгү учурда карап байкап турат. "Бул маселе эмне менен бүтөр экен?" деп турат. Эгер майнап чыкса - анда ал ишеним жаратышы мүмкүн. Эгер эч бир жыйынтык чыкпаса - коррупцияга каршы күрөшкө көлөкө түшөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин быйыл февраль айында өткөн жыйынында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырган. Жээнбеков бул күрөштү колдогусу келген жарандарга кайрылып, айныксыз фактылары болсо бөлүшүүгө чакырган.

Бирок акыркы жарыяланган күрөш тандалма жүрүп, коомчулукта ачык аты аталган айрым адамдар деле жоопко тартылбай жатканын сындагандар да жетиштүү. Алардын катарында кирешелүү деп эсептелген бажы, салык тармактарындагы бир катар аткаминерлердин аты-жөнү аталып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG