Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Жапаровдун ишинин жаңы жагдайы ачылды


Садыр Жапаров сотто.
Садыр Жапаров сотто.

"Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууну уюштурду" деген айып менен чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келатканда кармалып, 11,6 жылга соттолгон саясатчы Садыр Жапаровдун кылмыш иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карала турган болду.

Садыр Жапаровго каршы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү мажбурлоо менен алынганын жүйө келтирип, ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароону суранган адвокаттын өтүнүчүн Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы буга чейин четке каккан болчу.

Эми Бишкек шаардык прокуратурасы ал чечимди жокко чыгарып, райондук прокуратурага ишти кайрадан текшерип чыгууга жөнөттү. Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев аны барымтага алууну Садыр Жапаров уюштурганына далилдер жок экенин айтып, ишти кайрадан тергөөнү өтүндү.

Чечимди бузган аныктама

Бишкек шаардык прокуратурасы саясатчы Садыр Жапаровдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти текшерүүнү Биринчи май райондук прокуратурасына тапшырды. Муну менен ал Садыр Жапаровдун адвокатынын өтүнүчүн канааттандырып, ишти кайра кароодон баш тарткан Биринчи май райондук прокуратурасынын буга чейинки аныктамасын бузду.

Адвокат төрт күбөнүн көрсөтмөсү мажбурлоо жолу менен алынганын негиз кылып, ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого өтүнүч келтирген.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов эми Биринчи май райондук прокуратурасы бул ишти текшерип чыгып, райондук соттун кароосуна жөнөтүшү керек экенин билдирди:

- Биринчи май райондук соту ишти өндүрүшкө кайра алып, андагы буга чейин сотко белгисиз болуп келген күбөлөрдүн жаңы ачылган жагдайда берген көрсөтмөлөрүн угушу керек. Анан ошонун негизинде өкүм чыгарылып, Садыр Жапаров акталып чыгат деген үмүт бар. Бул иш боюнча күбөлөр ага Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок экенин, алардын тергөөдөгү көрсөтмөлөрү мажбурлоо жолу менен алынганын айтып, кайра көрсөтмө беришти. Алардын мурдагы көрсөтмөлөрүндө деле "Садыр Жапаров ошол окуяны уюштурду" деген жери жок. Аларга тергөө учурунда "абалыңар жеңилдешин кааласаңар эптеп эле Садыр Жапаровдун атын атап, аны окуяга байланыштыргыла" деген кысым болгон экен. Ошону алар эми ачык айтып чыгышты.

Жабырлануучунун талабы

2013-жылы 17-июнда Караколдо Кумтөргө каршы митинг болуп, анын аягы Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган башаламандык менен аяктаган эле. Барымтага алуу иши боюнча жабырлануучу катары өткөн Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев сотто ишти кайрадан тергөөнү суранган:

- Тергөө барымтага алуу ишин иликтеп чыгып, ачкан жери жок. Окуянын чыныгы жагдайлары иликтенген эмес. Ошондуктан мен мурдагы сот жараяндарында да "тергөө кайра баштан объективдүү жүрүшү керек" деп айткам. Анткени Садыр Жапаров мени барымтага алуу окуясын уюштурганына далил жок. Бул жерде бир гана Кенжебек Жумабаев дегендин "мени ал жакка Садыр Жапаров жиберген" деген көрсөтмөсүнүн негизинде гана ал соттолуп кетти. Анан Кенжебек Жумабаев деген адам ошентип тергөөгө көрсөтмө берип, 8 жылга соттолуп, бир жыл абакта отургандан кийин эркиндикке чыгып кетип жатпайбы.

Садыр Жапаров 2017-жылы 25-мартта жүздөгөн адамдардын коштоосунда кайра Кыргызстанга келерин жарыялап, кайтып келатканда чек арадан кармалган. Аны тосуп алууга чыгып, митинг уюштургандардын арасынан чагым чыгып, алардын айрымдары да кармалган. Саясатчы Садыр Жапаровдун өзүнө 2013-жылдагы Ысык-Көлдүн губернаторун барымтага алууну уюштуруу иши боюнча айып коюлуп, 11,6 жылга кесилген.

Саясий туткундарды коргоо боюнча коомдук комитеттин төрагасы Сапар Аргымбаев чагым уюштуруу жана күбөлөрдөн жалган көрсөтмө алуу жагдайы мурда эле белгилүү болгонун айтты:

- Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келерин жарыялап, анын тарапкерлери чек арада туруп, анан кайра Бишкектеги Горький гүлбагына чогулуп, аны ошол жерден "тосуп алабыз" дегенде ал жерде турган эки полковник Жапаров кармалып, УКМКга жеткирилгенин айтып, аларды ошол жакка барууга шыкактаган. Анан алар ал жакка барган учурда бирөөлөр милицияга баклажка менен уруп, ошол жерден сүрмө топту кубалап, таркаткан операция жүргөн. Андан кийин Садыр Жапаров кармалып, камакка алынардын астында эки күбө кармалып, алардан жалган көрсөтмөлөр алынган. Саясий мүнөздөгү иштерде ушундай жасалма жагдайлар атайын уюштурулганы ошондо эле белгилүү болгон эле. Мыйзамсыз кармалып, мыйзамсыз соттолгон адамдын жасалма кылмыш ишин "мыйзамдуу жол менен карап, анан боштондукка чыгарабыз" деп, убакытты кечеңдетип отура берген туура эмес. Ошол кезде саясий кырдаал кандай болгонун эске алып, ушуга окшогон иштерге саясий жана укуктук баа тез арада берилиши кажет.

Атамбаевдин айыптоосу, Каптагаевдин төгүндөмөсү

Анткен менен экс-президент Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровдун ишинде саясий куугунтук жок экенин айтып, аны мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана барымтага алууну уюштурууга айыптуу адам катары эсептейт. Алмазбек Атамбаев жакында курган маегинде "Каптагаев мурда тергөөгө башкача көрсөтмө берип, кызматтан кеткенден кийин анысын өзгөрткөн" деп белгилеген болчу:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

- 2013-жылы губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган окуя болгон. Адамды барымтага алуу оор кылмыштарга кирет. Анда машиненин үстүнө да бензин куюп, коркутушкан. Ошол эле Каптагаев ошондо мага бир канча ирет кирип, Садыр Жапаровду жазалоону талап кылган болчу. Менин эсимде, ал УКМК менен Башкы прокуратурага да барган. Азыр ал андан күткөндөй эле башкача сайрап жатпайбы.

Бирок экс-президенттин айтканын мурдагы губернатор Эмилбек Каптагаев жокко чыгарды. Ал тергөөдө кандай көрсөтмө берсе, соттордо да ошондой көрсөтмө бергенин ырастады:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Мен сотто ишти карап жаткан судья Жаңыл Мамбеталы “мени улам көрсөтмөсүн өзгөртө берет” деп айтканы боюнча тартип комиссиясына кайрылган элем. Тергөөнүн жана соттун материалдарын иликтеп чыккан тартип комиссиясы судья Жаңыл Мамбеталы жөнү жок жерден мага ошондой доомат койгонун ырастап, ага эскертүү берген. Анан жакында Атамбаев "Каптагаев көрсөтмөлөрүн өзгөртө берет" деп айтып чыкканын көрүп, демек ошол судьяга экс-президент же анын жакындары ошол кезде "Каптагаев ошентип айта берет, аны укпай эле кой" деген сыяктуу сөз чыгарган жагдай мага эми белгилүү болуп жатат. Кылмыш ишин баштан-аяк караган адам менин тергөөгө жана сотко берген көрсөтмөлөрүм бир да жолу өзгөрбөгөнүнө ынанат. "Садыр Жапаровдун мени барымтага алууну уюштурганына бир да далил жок" деп мурда да айткам, азыр да айтам. Бирок бир нерсени так айтыш керек. Мына ошол учурда мени кармап, машинеге салган адамдардын баары Садыр Жапаровго тиешеси бар адамдар болчу... Бирок Садырдын өзүнө карата эч кандай далил жок.

Саясатчы Садыр Жапаров 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп келген. Ага чейин ал Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча агенттикти жетектеген. 2013-жылдан кийин Орусияда жүргөн убагында Садыр Жапаров өзүнүн саясаттагы он жылы тууралуу китеп жазган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG