Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 09:43

Абактагыларга жол ачкан мыйзам долбоору


Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Бектур Асанов. Иллюстрациялык коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун тармактык комитетке талкууга чыгарды. Парламент мыйзамды кабыл алса, камактагы миңге жакын киши бошотулушу мүмкүн.

Бирок мунапыс "саясий куугунтукка кабылды" деп абакта отурган саясатчылардын айрымдарына гана колдонулушу мүмкүн экендиги айтылууда.

"Миңдей адамга жеңилдик берчү мунапыс"

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин ичинде ушул күндөрү “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору чакан чөйрөдө кызуу талкууланып жатат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Исхак Масалиев анда каралган жагдайлар боюнча түшүндүрмө берди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мунапыс боюнча мыйзам долбоорун беш-алты депутат иштеп чыкканбыз. Талкуулар бүткөндөн кийин төрагага киргизгенбиз. Биздин тартип боюнча өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын пикирлерин сураганбыз. Анда өкмөт бир топ сын пикирлерди айтып, “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” жана “Коррупция” беренелери боюнча айыпталгандарга мунапыс берүүнү алып салууну сунуш кылган. Анткени "коррупцияга айыпталгандарга боштондук берүү коомчулукта туура эмес кабылданат" деген жүйө келтирилди. Бирок биз “төңкөрүш, башаламандык уюштурууга аракет кылды" деп айыпталгандар ага кирсин" деген позицияда турдук. Мына ушундай жагдайларды эске алып, өзгөрттүк. Жакын арада жалпы депутаттардын талкуусуна чыгарабыз. Буюрса мыйзамды жаңы жылга чейин кабыл алып калабыз деп ойлойм. Бул мыйзам кабыл алынса, ал миңге жакын адамга таасирин тийгизет. Соттун чечими чыгып, абакта отургандардын айрымдары жаза мөөнөтү кыскартылат, айрымдары кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат, эркиндикке чыгат. Өтө оор беренелер боюнча айыпталгандарга гана...

Масалиев муну менен катар каралып жаткан мыйзам камакта жаткан саясатчылардын баарына колдонулбай тургандыгын айтты:

- Мурдагы мунапыс берүү боюнча мыйзамдарга да коррупция боюнча айыпталгандар кирген эмес. Анткени ага чейин 15-20 жылдан бери бул берене боюнча бир да иш сотко жетпептир. Бизде пара алууну деле “Коррупция” деп камай беришкендиктен ошондой маселелер келип чыккан. Ошондуктан биз коррупция боюнча абайлоону туура көрдүк. Анткени ачык айтсак, Текебаевден башка деле коррупция боюнча айыпталган жарандарыбыз бар да. Алар мамлекеттик кызмат ордун пайдаланып, бюджетке зыян келтирип, анан кайра мунапыс менен чыгып кетпеши керек. Негизи мыйзам кабыл алынганда Өмүрбек Текебаевге же Садыр Жапаровго байланыштуу кабыл алынбайт. Мына ушуну коомчулук жакшы түшүнүшү керек.

“Саясий куугунтук менен камалды” деп сөз болгон саясатчыларга мунапыс же ырайым берүү маселеси жаңы президент келгенден бери эле айтылып келатат. Алгач ал 20-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуусунда көтөрүлгөн болсо, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчылары менен кездешүүсүндө да айтылды.

Акыркы жолугушууга катышкан парламенттин мурдагы спикери Абдыганы Эркебаев буларга токтолду:

Абдыганы Эркебаев президент менен жолугушууда. 20-ноябрь, 2018-жыл.
Абдыганы Эркебаев президент менен жолугушууда. 20-ноябрь, 2018-жыл.

- Президент менен жолугушууда Медеткан Шеримкулович Өмүрбек Текебаев боюнча айтты. Мен болсо бардыгын эле айттым, Өмүрбек Чиркешович, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Талгарбековдордон баштап, Бабановго чейин сөз кылдым. “Кыргызстандагы тынчтык үчүн ушул маселе сөзсүз чечилиш керек, анын жолдору бар” дедим. “Сот кайра карап же Жогорку Кеңеш мунапыс кылса болот” дедим. Орусия жана башка жактардагы бир катар мисалдарды келтирдим. Жээнбеков менин оюмду колдоп, “бул маселени карап жатабыз” деп айтты. Президент “парламент да өз чечимин кабыл алышы керек” деди. Анткени мыйзам боюнча президент ырайым гана бере алат, ал эми мунапысты парламент чечет.

Ал арада Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы президентке кайрылып, партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен чогуу камалган Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону талап кылды. Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин иши мунапыска туура келбей турганынан кабардар экенин айтты:

- Ооба, учурда парламентте мунапыс боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Бирок ал мыйзамда Өмүрбек Текебаев айыпталган Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси - “Коррупция” каралган эмес. Ошондуктан биз, фракция депутаттары, анын адвокаттары, партиялаштары ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгууну талап кылып жатабыз. Учурда беш жаңы жагдай бар. Биринчиси - жаңы жылдан баштап жаңы Кылмыш-жаза кодекси ишке кирди, экинчиден, Текебаевди айыптаган Маевский өз мекенинде шылуундук үчүн айыпталып кармалды, үчүнчүсү - Атамбаев өзү буйрук берип каматканын моюнуна алды, төртүнчүсү - 2010-жылы 13-майда Чотонов Ошко учканы документ менен тастыкталды. Бешинчиден, эл аралык уюмдардын кайрылуусун, эл аралык актыларды, конвенцияларды эске алуу зарылчылыгы пайда болду. Президент Жээнбековду кылмыш ишине түз киришсин дебейбиз, ал өз позициясын ачык айтышын талап кылабыз.

Мурдараак Өмүрбек Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айыпты моюнга албай турганын айтып, ырайым суроодон баш тарткан.

Ал эми “Бийлик өкүлүн барымтага алуу” (Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси) боюнча күнөөлөнүп, он бир жыл, алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген Садыр Жапаровдун да мунапыс аркылуу бошотулушу тууралуу сөз болгон жери жок. Анын адвокаты Шарабидин Токтосунов да ишти кайра кароо менен гана акыйкаттык орнойт деп эсептейт.

Шарабидин Токтосунов.
Шарабидин Токтосунов.

- Мунапыстан үмүт жок, - деди ал. - Эгер президент же Жогорку Кеңеш атайын атын атоо менен эле кандайдыр мыйзамдык негизде мунапыс жарыялабаса, Садыр Жапаровдун беренеси да жаңы мыйзамга туура келбейт. Ал эми ырайым суроого Жапаров өзү “мен күнөөлүүмүн, кечирим сурайм” деп арыз жазышы керек да. Жапаров айыптуу болбогондон кийин эч качан андай арыз жазбайт, ал күнөөсүн моюнуна албайт. Кылмыш ишин кароодо негизи анын күнөөсү далилденген деле эмес. Ошондуктан биз ишти кайра кароо аркылуу гана аны актоого жетишебиз деп ойлойм. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча биз Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылганбыз, ал бизге 26-ноябрга чейин жооп бериши керек.

Буга чейин "Саясий туткундарды коргоо комитети" деп аталган өкмөттүк эмес уюм билдирүү таратып, өзү “саясий негизде куугунтукталган” деп эсептеген жарандардын саны 30дан ашаарын жарыялаган.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча булардын ичинен Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун иши гана мунапыска илинип, абактагы мөөнөтү кыскарышы мүмкүн экен. Алар менен чогуу айыпталып, 20 жылга кесилген Эрнест Карыбековго бул мыйзамдын тиешеси жок болушу мүмкүн. Бекболот Талгарбеков, Абдылда Капаров жана Максат Кунакунов сыяктуу саясатчыларга мунапыс колдонулабы же жокпу белгисиз.

Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров.
Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров.

Кыргызстанда акыркы жолу мунапыс 2016-жылы эгемендиктин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата берилген. Ошол жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык анда 3 миң адам боштондукка чыгары айтылып, кийин миңге чукул адам азаттык алганы кабарланган.

Азыр Кыргызстандагы жабык жайларда 12 миңдей адам кармалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (31)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG