Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Абактан качкандар үчүн милиция кызматкерлери жазаланды


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Сокулуктагы убактылуу кармоо жайынан качкан кылмышка шектүүлөрдүн окуясынан кийин бир катар укук коргоо кызматкерлери иштен бошотулуп, эки кызматкер камакка алынды.

Ички иштер министрлиги бул окуяга милиция кызматкерлерин шалаакылыгы себеп болгонун билдирүүдө. Учурда абактан качкан үч кылмышкер кармалды. Бирөөнө издөө жарыяланды. Окуядан кийин милициянын дарегине сын айтылып, кадрларды тандоого көңүл буруу боюнча талаптар коюлду.

Сокулук райондук милициясынын убактылуу тергөө абагынан төрт шектүү 27-ноябрда качып кеткени кабарланган. Бишкек жана Чүй милициясы "Сирена" планын жарыялап, түп көтөрүлө кылмышка шектүүлөрдү издей баштаган. Анын жыйынтыгы менен шейшембиде башкалаада киши өлтүрүүгө байланыштуу айыпталган Рамил Базаркулов жана каракчылык боюнча шектүү Бакыт Дилдешов колго түшүрүлгөн.

Качкындардын үчүнчүсү, каракчылык боюнча шектүү Багтият Ачылдурдиев 29-ноябрда Бишкектин борборунда кармалды. Учурда киши өлтүрүү боюнча шектүү, 28 жаштагы Кайрат Жанботоев издөөдө жүрөт.

Кармалган шектүүлөр милицияга берген алгачкы көрсөтмөсүндө абактан качууну атайын деле пландашпаганын, абактын эшиги ачык экенин көрүп, бири-бирин ээрчип чыгып кетишкенин айтып беришкен:

- Эшик ачык экенин көрүп калдык. Мен айтсам ишенбей коюшту. Качып кайда барарды ойлонгон эмесмин, - деп көрсөтмө берген кылмышка шектүү Рамил Базаркулов.

Алгач милиция кылмышка шектүүлөр таңкы саат алтыда качканы тууралуу маалымат тараткан эле. Бирок аларды түнкү саат экилерде Ош базарына таксисттердин бири жеткирип келгени белгилүү болгон.

Ошол эле кылмышкер качкан түнү райондук милициянын имаратында белгисиз себептер менен электр жарыгы өчүп калган. Мына ушундай табышмактуу жагдайлар шектүү качкындардын окуясы боюнча күмөн ойлорду пайда кылды.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов мекеменин ички коопсуздук кызматы иликтөөнү жыйынтыктаганын билдирди. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүүлөрдү качышына Сокулук милициясынын жетекчилигинин өз ишине шалаакы мамилеси себеп болгону аныкталган.

Сеитов бул иликтөөнүн жыйынтыгы менен райондук милициянын башчысы Бакыт Дүйшеев баш болгон жети кызматкер кызматтан алынганын билдирди:

- Кылмышкерлердин качып кетишине түздөн-түз күнөөсү бар кызматкерлер боюнча ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы иликтөөнү жыйынтыктады. Убактылуу кармоо жайында нөөмөттө турган милициянын старшинасы Жангазиев жана милициянын сержанты Бабаевдер кызматтан бошотулуп, камакка алынды. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Дүйшөев, анын орун басарлары Станов, Саидов баш болгон тогуз кызматкер кызматтан бошотулду. ИИМ бул боюнча иликтөөнү улантат. Эгер күнөөлөрү далилденсе бул жетекчилер жоопкерчиликке тартылат.

Муну менен катар Чүй облустук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына катуу сөгүш берилди. Ички иштер министрлиги өз ишине жооптуу мамиле кылбаган жетекчилерге карата чаралар муну менен эле чектелбесин, эгер айыбы далилденсе камакка алынарын эскертти.

Ушул тапта Сокулук ички иштер бөлүмүн ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Азамат Ногойбаев жетектей баштады.

Ички иштер министрлиги окуяга байланыштуу тиешелүү чара көргөнү менен адистер бул көрүнүш милициянын ишиндеги кемчиликтерди жана тартиптин жоктугун ашкере кылганын белгилеп жатышат.

Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

Мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев кылмышкерлердин качышын оор кылмыш катары санайт:

- Албетте, мындай окуялар мурда деле катталган. Бирок ар бир окуяны жакшылап иликтеп, күнөөлүүлөргө карата чара көрүш керек. Абдан оор кылмышка шектүүлөр качып жатат. Алар мурдагы жабырлануучулардан өч алышы мүмкүн. Абдан жаман көрүнүш.

Ал эми Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Ялкун Даудовдун айтымында, буга чейин айтылып, бирок көңүл бурулбай келген көйгөйлүү маселелерди ушул окуя "көзгө сайып" көрсөттү:

"Негизи Сокулук милициянын дарегине буга чейин эле сын-пикирлер, даттануулар көп болчу. Акыркы окуя аларды ашкереледи"

- Бул боюнча милициянын ички даярдыгын, тартибин жөнгө салган ички коопсуздук кызматы бар. Мына ушул кызмат көзөмөлдү күчөтүшү керек. Экинчиден, милиция кызматкерлерине кадрларды тандоо маселеси курч бойдон турат. Ушундай райондук милицияга профессионал кадрларды жетекчи кылып житберип, тартипти жөнгө салуу зарыл.

Кыргызстанда Ички иштер министрлигин реформалоо - эң көп коюлган талаптардын бири. Ар бир бийлик бул реформаны ишке ашырууга убада бергени менен ал ойдогудай ишке ашырала элек. Акыркы учурда бул министрликтин жетекчилигине келген кадрлар боюнча коомчулукта абдан көп сын айтылган эле.

Ал ортодо Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум уюшкан кылмыштуулуктун деңгээли боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыда турганын жарыялады. Анда Кыргызстан 137 өлкөнүн ичинен криминалдын таасири күч деп эсептелген 102-орунду ээлеген. Ал эми коңшу Тажикстан жана Казакстан 61 жана 63- орунда турушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG