Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

Сатыбалдиев: Уюшма кылмыш топтор тыйылды


ИИМдин Уюшма кылмыш топторго жана коррупцияга каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Сөздү уюшма кылмыш топторго каршы күрөш тууралуу баштасак. Оболу, канча адам кармалып, канча иш сотко өткөнү тууралуу маалымат берсеңиз...

Калыбек Сатыбалдиев: Уюшма кылмыш топторго каршы былтыр февраль айында башталган жараян бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат. Буга чейин мындай топтор менен күрөш деген ат эле болгон.

ИИМде маалыматтык борбордо уюшма кылмыш топтордун макамы бар 500дөй мүчөсү каттоодо турчу. Биз бүгүнкү күндө алардын 315ин колго түшүрдүк. Алардын 70-80 пайызынын иши тергелип, сотко өткөрүп берип жатабыз. Калгандары алигиче чейин тергөөдө.

Тергөө маалында кыйынчылыктар болуп жатты. Көптөрү жаза алышты. Алардын ичинде жасаган кылмышына жараша 5-10, 15-20 жылга чейин кесилгендер бар. Шарттуу жаза алып чыгып кеткендер да бар. Биздин мыйзам чийки болгондуктан жазадан качып кеткендер да болуп жатат.

Мен бир эле мисал айтып коеюн. Таластын “смотрящийи”, “Кыргызбай” деген каймана аты бар адамды кармаганбыз. Тергөө болуп, иш сотко өткөн. Кылмыш-жаза кодексинин 31-беренеси менен шектүү деп кармаганбыз. Ал кылмыштуу топторду түзүп алып, үч айыл өкмөтүн сабап, опузалаган. "Керектүү кагаздарга кол коюп бересиңер, Камчы Көлбаевдин атынан" деп коркутушкан.

Соттун биринчи инстанциясында уюшма кылмыштуулукка шектүү деп 17 жыл берилген. Экинчи инстанцияда “жок, булар уюшма кылмыш топ эмес” деп, денесине залака келтирген деген айып менен мөөнөтүн кыскартып 5-6 жылга кескен. Биз бул маселе боюнча тийиштүү жерлерге кайрылганбыз. Бүгүнкү күндө ошол кармалган адамдардын экөө мунапыс менен боштондукка чыгып кетти. Бирөөсүнүкү да каралап жатат. Ушундай жагдайлар болуп жатат.

Азыр биз Уюшма кылмыш топторго каршы мыйзамды жазып, аягына чыгып калдык. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, азыркы көйгөйлүү маселелердин баары чечилет.

“Азаттык”: Буга чейин парламентте кармалгандардын 40тан ашууну чыгып кетти деп айтылды эле.

Калыбек Сатыбалдиев: Ооба, бул маалыматты парламентке биз бергенбиз. Дагы 80ден ашык адамды уюшма кылмыштуулукка тиешеси жок деп шарттуу жаза менен бошоп кетишти. Алардын ичинен 10 адам кылмыш жасап, кайра кармалышты. Биз ушундай көйгөйлүү маселелерди тактап бергенбиз. Мен эми бул чыгарып жиберди, тиги чыгарып жиберди деп кимдир бирөөлөрдү күнөөлөбөйм. Кептин баары мыйзамдын чийкилигинде болуп жатат. Соттун бир инстанциясы 17 жылга кескен адамды, экинчи инстанция 5 жыл берип, анан эки жолку берилген мунапыс менен чыгып кеткен учурлар болуп жатат.

Мурда корксо, азыр арызданат

“Азаттык”: Уюшма кылмыш топторго каршы күрөш кайсы этабына келди? Буга чейин биринчи этабы бүттү, эми экинчиси башталат, анда мамлекеттик мартабалуу кызматта отургандар, депутаттардын аты айтылат деп билдирдиңиздер эле. Сиз ошолордун атын азыр ачык атай аласызбы?

Калыбек Сатыбалдиев: Биз бул кампанияны баштаганда план түзүп, биринчи, экинчи жана үчүнчү этап деп белгилеп алганбыз.

Биринчи этапта биздин максат – уюшма кылмыш топтордун иш-аракетин токтотуу болгон. Бир эле жыл мурун Бишкекте эле эмес, республикада басыш мүмкүн болбой калган. Анткени ар бир шаарда, ар бир райондо, атүгүл кичинекей айыл болсо да “смотрящий”, “положенец” дайындалып, чоң бизнесмендерди айтпай эле коеюн, ар бир дүкөндөн, таксисттерден “салык” чогултуп турушкан. Биз муну 2-3 айдын ичинде токтоттук десек болот.

Бүгүнкү күндө пландын биринчи этабын 90 пайызга аткардык десек болот. Анткени мурункудай көчөдө ачык жүрүп, опузалап акча өндүргөндөр жокко эсе. Эмне үчүн 90 пайыз деп айтып жатам, анткени дагы калгандары бар. Дагы эле акырын кылмыш жасап жүргөндөр бар экен.

Жакында эле “Водолаз” деген каймана аты бар Максат Абакировдун топторунун төрт мүчөсүн колго түшүрдүк. Бирок былтыркыга караганда быйыл кылмыш топтор тыйылды. Мурун жарандар аларга каршы арыз жазгандан коркушчу. Азыр болсо кайрылгандар көп болуп жатат.

Бир жыл мурун эле мен ачык айта алам, ИИМде Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын жанында коридордо уюшма кылмыш топтун мүчөлөрү ары-бери басып, кабинеттерге кирип жүргөн фактылар болгон.

Былтыр Ысык-Көлдө сезон башталарда мен ал жактагы бүт пансионаттардын жетекчилери, ишкерлер менен сүйлөшкүлө деп буйрук бергем. Анткени биздин башкармалык коррупцияга каршы күрөштү да алып барып жатабыз. “Черныйларга” да, “красныйларга” да каршы күрөш жүргүзүп жатабыз. Быйыл да ушул жаатта иш алып барып жатабыз.

“Азаттык”: Экинчи этабында чоңдордун аттарын мына атайбыз, ана атайбыз деп эле келесиздер. Качан ачыкка чыгарасыздар?

Калыбек Сатыбалдиев: Экинчи этабында буйрутма киши өлтүрүү деп айтып жатканбыз. Уюшулган кылмыштуулук Ак үйгө, Көк үйгө 7-кабатка барып калды деп айтып келгенбиз. Биз учурда Садыркуловдун өлүмүнүн бетин ачып, 11 кишини кармап, тергеп бир ай мурун сотко жөнөткөнбүз. Ал жерде уюшулган кылмыштуулук бар, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү да бар. Өзүбүздүн эле башкармалыкта иштеп жүргөн кызматкерибиз бар. Өзүңүз элестетсеңиз, менин орун басарым ошол кылмышка тиешеси бар деп кармалып соттолгон жатат. Андан сырткары бул иш боюнча генералдар да бар. Бирөө Жаныш Бакиев издөөдө.

Күрөш токтобойт

“Азаттык”: “Черныйлар” деп айтып кеттиңиз. Ушул “каралар” дегенге аныктама бере кетесизби? Булар кимдер? Кылмыш дүйнөсүнүн иерархиясында кайсы орунда турушат? Булар буйрук берүүчүлөрбү, же буйрукту аткаруучуларбы?

Калыбек Сатыбалдиев: Булардын өздөрүнүн мыйзамы бар. Мамлекеттик кызматтагыдай эле булардын да башында тургандар, бөлүмдөрдү жетектегендери бар. Ар бир облус болобу, район болобу “смотрящийин” дайындайт. Анан алардын райондордо, айылдарда казынасын кармагандар бар.

Мындайча айтканда, жазылбаган мыйзам менен өздөрүнүн структураларын түзүшкөн. Булар таман акы, маңдай тери менен эмес, бирөөнү опузалап, же болбосо эки адамдын чечилбеген маселесин чечип, уурдап, маңзат менен шугулданып, сойкучулукту уюштуруп, кыскасы кайсы жерден жеңил акча чыкса, ошону менен казынасын толтурушат.

“Уурулар казынасы” деп коет, былтыр биз ушундай акча чогулткан жерин кармаганбыз. Анын ичинде курал-жарак, акча жана маңзат чыкты. ИИМдин тарыхында казынаны колго түшүргөн, “черныйлардын” казынасын алдырып жиберген биринчи факт болду.

“Азаттык”: Айрым саясатчылардын жанында уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрү жүрөт, ушундай топтун балдарын алып жүрөт деген сөздөр бар. Бул сөздөрдү далилдесе болобу?

Калыбек Сатыбалдиев: Албетте болот. Бизде оперативдүү маалыматтар бар. Мисалы, былтыр Садыркуловдун өлүмүнө тиешелүү деп шектелгендерди далилдемейинче айтпай жүргөнбүз. Алар көрсөтмө бергенден кийин ачык айта баштадык. Бул багытта дагы деле иштеп жатабыз.

Бир жыл мурун эле уюшма кылмыш топторго каршы күрөшкө көптөр ишенген эмес. Кээ бир саясатчылар бул жөн эле пиар деп айтышкан. Биз баштаган күрөштү токтотпойбуз. Жогоруда биз айткан мыйзам өтүп кетсе уюшма кылмыш топтор Кыргызстандын тарыхында калат. Алыр мындан ары мунапыс менен бошоно алышпайт.

“Азаттык”: Уюшма кылмыш топторго аралашкандардын арасында алдуу-күчтүү, тетик, спорт менен алектенген балдар деле бар деп айтышат. Алардын баарын эле камабай, жаратман нукка кантип бурса болот?

Калыбек Сатыбалдиев: Албетте жаңылган балдар көп болгон. Буларды азгырышкан. Оңой акча таап, кымбат баалуу машина тээп жүргөндөрдү көрсө айылдык балдар азгырылат да. Биз айрымдарына барып ата-энеси, өзү менен сүйлөшүп, бул жол кайда алып барарын түшүндүрдүк. Кээ бирлери бизге “мен ушул жолго экинчи түшпөйм, кыргыз мыйзамдары менен жашайм, мен жаңылыптырмын, мени алдашыптыр”, деп тил кат жазып беришти. Бизде ушундай балдардын тизмеси бар. Биз ал тизмени жашыруун алып жүрөбүз. Алар көзөмөлдө. Сиз айткандай арасында спортчу балдар бар.

Көңүл бурдурган кадр маселеси

“Азаттык”: Мындан мурдарак милициянын капитаны Адылбек Жыпаркул уулу кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү мүчөлөрүн кармоого катышканы үчүн прокуратура тарабынан куугунтукка кабылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу алдында турганын айтып чыкты эле. Сиздерде ушундай опурталдуу иштер менен жүргөн кызматкерлериңерди коргоп калуу чаралары жетиштүүбү?

Калыбек Сатыбалдиев: Мен уюшма кылмыш топторго каршы бөлүмдө 2008-жылы иштегем. Ал убак менен азыркыны салыштырып болбойт. Анткени бул кампания башталганда президент, премьер, ИИМ, прокуратура жана сот болуп бир муштум болуп чыкканбыз.

Ошол биздин кызматкерге иш козгогон прокурордун Алмаз Бокушевдин тууганы экенин далилдеп, тиешелүү жакка бергенбиз. Биз бул маселени тез аранын ичинде чечкенбиз.

Албетте биздин кызматкерлер башка мамлекеттегилерге салыштырмалуу азыраак корголгон. Биз бул жаатта күрөштү жаңы баштадык. АКШда, Италияда жана башка өнүккөн мамлекеттер да ушундай жолду басып өтүшкөн. Ар бир өлкөдө уюшма кылмыш топтор болгон. Бирок алар тарыхта калды.

Бизде кызматкерлерибизди, алардын үй-бүлөсүн коргогон мыйзам кабыл алына элек. Былтыр ушул кампания башталганда башка жактардан бери телефон чалып, үй-бүлөсүн айтып коркуткандар болгон.

Биз башкармалыкта кадр маселесине өзгөчө көңүл бурганбыз. ИИМде уюшма кылмыш топтор менен күрөшөм деген жүрөгүндө жаалы бар, коркпогон балдарды чогултканбыз.

“Азаттык”: Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияевди качан кармайсыздар?

Калыбек Сатыбалдиев: Камчы Көлбаев уюшма кылмыш топко тиешеси бар деп шектелген, издөөдө жүргөн 25 адамдын арасында бар. Эки-үч ай мурун издөөдө жүргөндөрдүн саны 31 болчу. Чекесинен колго түшүрүп жатабыз. Булардын кайда жүргөнү анык. Араб өлкөсү менен биздин келишим жок болгондуктан аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Албетте бул издөөдө жүргөн адамдарды жакынкы күндө колго түшүрөм деп айта албайм, бирок иш токтоп калган жок. Акырындан-акырындан кармап атабыз.

Пара берсең да, алсаң да кармаласың

“Азаттык”: Эми коррупцияга келсек. Мына паракорчулукту тыюу боюнча бир топ иш-аракеттер көрүлүп жатат. Бирок мурдагыдай эле майда-бараттарды кармап, миллиондогон каражаттарды жегендер жөн эле жүрөт деген сөздөр тыйыла элек. Бул сөздөр негиздүүбү?

Калыбек Сатыбалдиев: Биз уюшма кылмыш топторго каршы күрөш баштаганда да ишенбегендер көп болгон. Азыр болсо жакшы жыйынтык берип атат. Коррупцияга каршы күрөштө деле жыйынтык болобу, же болбойбу деп сурагандар көп. Азыр мурункудайбы, же өзгөрүү барбы деп сурасаңар эле белгилүү болот.

Кээ бирлер эми МАИчилерди кармабай эле койбойбу деп айтышат. МАИчилер 100 доллардан ашык албайт, же болбосо мугалимдер 5-10 миңден ашык албайт дешет.

Өйдө жактагылар деп суроо берип калдыңыз, былтыр биз Таластын губернаторунун орун басарын пара алып жаткан жеринен кармаганбыз. Саламаттыкты сактоо министринин орун басарын пара берип жаткан жеринен колго түшүргөнбүз. Жакында эле Мамлекеттик каттоонун кызматкери 30 миң доллар пара алып жаткан жеринен тутулду.

Азыр пара алып жаткан эмес, бизге пара берип жаткан жеринен кармалган 10го жакын факт бар. Мурун мындай болгон эмес.

“Азаттык”: Бул эмнени билдирет?

Калыбек Сатыбалдиев: Биз коррупцияга каршы күрөш баштаганда да кадр маселесин карап, паракорчулукка аралашпаган таза балдарды алып күрөш баштадык. Пара берип жатат деген айып менен “Түндүкэлектрого” иш козгогонбуз. Бардыгы майда-бараттан чыгат. Биз кышында свет өчүп кыйналдык. Биз мунун себебин таптык. Коррупциялык схемалардын баарын эле катардагы кызматкерлер жасаган экен. Ишин туура эмес кылып трансформаторду күйгүзгөн кызматкерди кармаганыбызда биздин кызматкерге 15 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармаганбыз.

Былтыр мен Жаза аткаруу кызматына кайрылып, канча адам паракорчулук менен отурат деп сураганымда, Кыргызстан боюнча үч эле адам бар экен. Биз анализдеп көрсөк, мисалы, былтыр 100дөй киши кармалган экен. Алардын баары эле мыйзамдын чийкилигинен чыгып кетишет экен. Былтыр биздин башкармалык аркылуу 28 адам кармалган. Быйыл болсо жыл башынан бери, 3 айда 50дөн ашык кармалды.

“Азаттык”: Канча иш тергелип, сотко өттү?

Калыбек Сатыбалдиев: Бүгүнкү күндө 15тен ашыгы тергелип сотко жөнөттүк. Анын ичинде чоң кызматта отургандар да бар. Биз азыр ооруканалардагы паракорчулук менен күрөшүп жатабыз. Азыр анализ тапшырбай эле ден соолугу тууралуу маалымдама алган өзүнчө бир жолго түшүп калыптыр. Бул өтө опурталдуу нерсе. Биз ушундай майда-бараттан чоң деңгээлге чейин, бардык тармакта иш алып барып жатабыз.

“Азаттык”: Бардык тармак деп айттыңыз, ИИМди коррупцияга көбүрөөк малынган орган деп айтышат. Коомдогу пикирлер боюнча милиция пара алгандардын алдыңкы сабында турат. Өзүңөрдүн араңардагы коррупциялык элементтер менен кантип күрөшүп жатасыңар?

Калыбек Сатыбалдиев: Милициядагы коррупция дегенде ГАИ тармагын көп айтышат. ГАИ тармагына 5-6 миң сомдон ашык беришпейт. Жакында эле ал жакта бир кызматкер 100 доллар менен кармалып, кармабай эле койбойбу деп аябай ызы-чуу болду. Эми муну менен күрөшөйүн десең да жакпайт, күрөшпөйүн десең да жакпайт. Мисал келтирбедимби, Мамлекеттик каттоонун кызматкери 30 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды деп. Ким көп аларын таразаласаңар болот.

ИИМдин ичинде коррупция менен күрөшпөй жатат деген пикир жаңылыштык. Биз жакында эле облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчисине каршы кылмыш иш козгодук. ИИМдин облустук башкармалыгынын эки жетекчи орун басарына каршы кылмыш иш козгодук. Бул иштер тергөөдө.

Биз баштаган иштерге азыр көптөр ишенбегендей мамиле жасап жатышат. Ушундай учурда биз баарыбыз патриот болуп, баарыбыз чогуу күрөшсөк жакшы натыйжа берет эле.

XS
SM
MD
LG