Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

"Нур-Айда" ойго салган сүрөттөр


“Улуу тоо”
“Улуу тоо”

14-октябрда “Нур-Ай” галереясында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Андагы чыгармалар көркөмдүүлүгү менен айырмаланып, живопись, пейзаждар ачык түстөгү бойоктор аркылуу ар түрдүү темада чагылдырылган.

Көргөзмөдө көзгө урунган сүрөт чексиздикке умтулган ак кар, көк муз баскан улуу тоонун чокусуна кызгылтым күн нуру тийип, күүгүм кирип бараткан керемет бир учурду элестетет.

Алмазбек Шаршекеев
Алмазбек Шаршекеев
Асман менен жердин байланышын камтыган бул чыгарманын автору Шекербек Анарбековдун айтымында, кеч кирип, таң аткан сайын адам өмүрү кыскара берсе, Жер эненин тиреги болгон көк челген тоолор түбөлүктүүлүктүн, тирүүлүктүн символу болуп тура берет.

Жаш сүрөтчү Алмазбек Шаршекеев чыгармачылыкта изденүү жолунда экенин белгилеп, бир көргөндө өтө сырдуу көрүнгөн тогуз коргоол ойноп отурушкан “Оюнчулар” деген картинасын эмне себептен шахматтын тактасындагы төрт бурчтук, үч бурчтук аркылуу тартканын мындайча чечмеледи:

- Бул сүрөттө кадимки кыргыздын курагындагы кесиндилердин формасында жана мозаикадан алып экөөнү аралаштырып, ортосунан өзүнчө кызыктуу ыкманы табууга аракет кылып жатам.

Алмазбек Шаршекеевдин “Оюнчулар” деген сүрөтүндө тогуз коргоол ойноп отурган эки адам жана ортодогу тогуз коргоолдун тактасы, анын айланасындагы курак төшөктөр тике үстүнөн тартылып, бир караганда табышмактуу көрүнөт.

“Чоорчулар”
“Чоорчулар”
Бирок жакшылап баамдаган адамга турмуштун кыйма-чиймесин, азап-тозогун, кубаныч-кайгысын таасын чагылдырылганы байкалат.

Көргөзмөдөгү чоор ойногон үч баланын абазга кулак төшөп, доор үнүн тыңшап жаткан элеси, касиеттүү Ысык-Көл, алтын күз, тоо арасындагы айылдын жалпы көрүнүшү сыяктуу живопистер ары жандуу, ары кызыктуу жазылган.

Мына ушундай сулуулукту чагылдырган көптөгөн таланттуу кыл калем чеберлери каражаттын тартыштыгынан жеке көргөзмөлөрүн ача албай келатканын сүрөтчү Шекербек Анарбеков билдирди:

- Жеке көргөзмө өткөрүү үчүн көп каражат керек. Ижара төлөмдөрү бар, китеп чыгарыш керек, картина жазыш үчүн бойок, холст, багет сыяктуу материалдар керек. Эртеңки күнү көргөзмө өзүн-өзү актайбы, актабайбы? Сүрөтчүлөрдүн көпчүлүгү материалдык жактан начар жашайт.

"Көл жээги"
"Көл жээги"
"Демөөрчүлөрдүн, кыргыздын колунда бар адамдардын сүрөт өнөрүнө мамилеси өтө начар" дейт сүрөтчү:

- Чын-чынына келгенде биздин бай адамдар Ала-Тоо аянтындагы галереядан арзан баага бир жарым миң сомдук, көркөмдүк деңгээли начар картиналарды сатып алышат. Ал эми казактын байлары бир автордун ишин 15-20 миң долларга сатып алат.

Бишкектеги №98 байланыш боюнча кесиптик лицейдин “Нур-Ай” галереясында белдүү сүрөтчүлөр Абдырай Осмоновдун, Манас Султаналиевдин, Нургюян Иннокентьеванын чыгармалары да коюлган.

Аталган окуу жайдын жетекчиси Нурисат Иманкулова галерея ачылганына 20 жыл болгонун, бул аралыкта жылдын ар бир мезгилине карата сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп келатышканын белгиледи:

Нурисат Иманкулова
Нурисат Иманкулова
- Күз өтсө кышында, жазында да көргөзмө уюштурабыз. Мына азыр бул көргөзмө бүткөндөн кийин кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн уюштуралы деп жатабыз.

Негизинен бул иш-чаралар биздин лицейдин балдарын эстетикалык жактан тарбиялоого чоң таасирин тийгизет. Андан сырткары сүрөтчүлөрдүн картиналарын сатканга да жардамыбыз тиет.


Нурисат Иманкулова Бишкектеги кесиптик лицейлердин арасындагы бирден-бир болуп эсептелген “Нур-Ай” галереясы бардык сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр менен тыгыз иш алып барышарын белгилеп, “Алтын күз” көргөзмөсү октябрь айынын соңуна чейин ачык болоорун билдирди.
XS
SM
MD
LG