Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Санарипке салынган акча боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникация департаменти аркылуу санариптик телекөрсөтүү үчүн казынадан төлөнгөн акчанын 81 миллион сому өөнөлгөн фактынын бетин ачканын жарыялады. Анда көрсөтүлө турган телеканаладардын саны жана эфир убактысы көп көрсөтүлүп, анын натыйжасында казынадан каражат ашыкча төлөнүп келгени белгиленди.

Маалымат жана массалык коммуникация департаменти бул маалыматты "чындыкка коошпойт" деп билдирүү таратты. Маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова бул ишти "коррупцияга каршы күрөшүп жаткандай түр көрсөткөн жалган аракет" деп сынга алды.

Ашыкча коротулган акча

Финансы полициясы социалдык пакетке кирген санариптик телекөрсөтүү үчүн казына каражаты ашыкча төлөнгөн жемкорлук фактысынын бети ачылганын билдирди. Бул мекеменин тараткан учкай маалыматына ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тиешелүү департаменти санариптик телеберүү үчүн 2015-жылы 155 миллион сомго чукул, 2016-жылы 182 миллион сомдон ашуун акча төлөп берген.

Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур иш жүзүндө көрсөтүлгөн телеканалдардын саны жана алардын эфирдик убактысы бир топ аз болгонун айтты:

- Бирок текшерүү учурунда иш жүзүндө 2015-жылы 12 санариптик телеканал көрсөтүлсө, ал эми 2016-жылы 13 телеканал обого чыккан. Ал эми министрликтин маалымат жана массалык коммуникация департаменти телерадио релейлик магистралдар бирикмеси менен 24 саат бою 15 телеканалдын санариптик сигналдарын коё берүү боюнча ыкчам кеңешменин протоколдорун ай сайын түзүшкөн. Бирок бул чындыкка дал келген эмес. Ошондой эле аталган мекеменин кызматкерлерин сурамжылаган учурда чынында санариптик сигналдары бул мекеме аркылуу берилген телеканалдардын саны ондон ашкан эмес.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда санариптик телеканалдардын көрсөтүлүшүн камсыздоо боюнча өкмөттүн токтомун аткаруу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникация департаментине тапшырылган болчу. Буга байланыштуу департамент менен телерадио релейлик магистралдар бирикмесинин ортосунда мамлекет мойнуна алган санариптик телекөрсөтүү үчүн акы төлөө боюнча келишим түзүлгөн. Бул департаменттин жетекчиси Бактыгүл Норузбаева эмнеге иш козголгону ага түшүнүксүз экенин айтты:

- Мен ошондой кылмыш иши козголгонун маалымат сайттарынан карап, анан билип жатам. Буга чейин текшерүү болуп, тиешелүү документтерди биз аларга берген болчубуз. Бул жерде "социалдык пакетке кирген санариптик сигналдар үчүн ашыкча төлөнгөн" деген кине коюлуп жаткан экен. Бирок андагы 81 миллион сомду каяктан алышканы мен үчүн түшүнүксүз. Биз да таң калып жатабыз. Буга чейин бардык сураган документтерди жашырып-жаппай эле толугу менен берип келгенбиз.

"Көп өнөктүктүн бириби"?

Кыргызстандагы социалдык пакетке кирген санариптик телеберүүлөр үчүн каражатты төлөөнү мамлекет өзүнүн моюнуна алган. Бирок Финансы министрлиги "акционердик коомго караган телерадио релейлик магистралдар бирикмесине акча которууга Бюджет кодекси жол бербейт" деген негизде каражатты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тиешелүү департаменти аркылуу берүүнү бекиткен.

Маданият министринин орун басары Айнура Темирбаева анда кылмыш аракети жок экенин айтып, "Финансы полициясы коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жаткандай түр көрсөтүп жатат" деп сынга алды:

Айнура Темирбекова.
Айнура Темирбекова.

- Биздин президент бүгүн эле "коррупцияга каршы күрөш" деп коюп, "ал иштерди кандайдыр бир "көп өнөктүктүн бирине" айлантпайлы" деп айтты. Мен бул ишке түшүнбөй турам. Жакында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Анын чыгымдарына бөлүнгөн көптөгөн акча да ушул эле биздин департамент аркылуу төлөнөт. Эгерде азыркыдай жол менен кете турган болсо, анда биз иштебей эле отурушка туура келип калат. Финансы полициясы бул жерде маселе кадимки "көп өнөктүктүн бирине" айланып баратканынын байкашы керек.

Анткен менен Финансы полициясынын маалыматы боюнча, телерадио релейлик магистралдар бирикмесинин жетекчиси менен орун басары тергөөгө жазган түшүнүк каттарында көрсөтүлгөн телеканалдардын саны келишимде көрсөтүлгөндөгүдөн бир топ аз болгонун ырастап, көрсөтмө беришкен. Бирок ал жетекчилердин өздөрү менен байланышууга мүмкүн боло элек.

19-июлда бул боюнча Маалымат жана массалык коммуникация департаменти атайын маалымат да таратты. Анда Департамент Финансы полициясы козгогон кылмыш ишине байланыштуу сотко кайрылышы мүмкүн экенин да маалымдаган. Департамент “санарип сигналдарын жеткирүүчү ишканада дээрлик 82 миллион сомдук жемкорлук аныкталды” деген маалымат "чындыкка дал келбейт, мамлекеттик бюджет зыян тарткан эмес" деп билдирген. Ошондой эле бул иш дайыма өкмөт, президенттик аппарат жана Жогорку Кеңеш менен макулдашылып жүргүзүлүп айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG