Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Жээнбеков элчилерди элге жакындоого үндөдү


Сооронбай Жээнбеков элчилер менен жолугушуу учурунда. 14-март, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков элчилер менен жолугушуу учурунда. 14-март, 2019-жыл.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын четтеги элчилерин элге жакындоого чакырды.

Кыргызстандын 27 өлкөдөгү элчилерин жана жети ири шаардагы башкы консулдарын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чогулткан президент Сооронбай Жээнбеков дипломаттарга тышкы саясаттын багыттарын түшүндүрүүнү максат кылгандай.

Бир жарым саатка созулган жыйын Жээнбековдун дипломаттарга окуган узун баяндамасы менен гана чектелди. Муну президент да белгилеп, быйыл жалгыз өзү сүйлөй турганын, кийинки жылдан тартып берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча элчилердин отчетун угаарын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы саясаттагы маанилүү багыттарын тизмектеп, алгач Орусия, коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрү, Кытай жана Түркия менен мамиле жөнүндө айтып өттү. Ошондой эле президент кийинки кезде дүйнөдөгү кырдаал курчуп, ири державалардын ортосундагы карама-каршылык күчөп баратканын, мындай абалда тең салмактуу тышкы саясаттын мааниси артканын белгиледи:

«Санкциялардын «согушу» күчөп, соодага тоскоолдуктар көбөйүп, биздин өлкөбүзгө да таасир тийгизе турган чакырыктар жаралды. Эл аралык кырдаал ушундай олку-солку болуп турган учурда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн миссиясы өзгөчө. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен биздин мындан аркы мамилебиз көбүнесе элчилердин жана консулдардын ишине жараша болот. Кыргызстандын жүзүн дүйнөлүк коомчулук силер аркылуу көрөт. Тилекке каршы, чет элдеги өкүлдөрүбүздүн баарынын эле иши жакшы дегенге болбойт».

Жээнбеков: Элчилер элге жакын болсун
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Президенттин элчилерге таштаган негизги чакырыгы - четтеги эл менен тыгыз иштешүү болду. Ал элчиликтерди ошол жакта жашап жаткан кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурууга үндөдү. Ошондой эле өлкө башчысы дипломат кадрлардын сапатына токтолуп, кесипкөйлөрдүн ордуна тааныш-билиш аркылуу кызматка келгендер көп экенин билдирди:

«Катардагы кызматкер эмес, айрым элчилердин өздөрүнүн да жүрүм-туруму алардын жогорку статусуна, элдин атынан чет жерде өкүл болууга татыктуу эмес. Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экендигин көрсөттү. Дипломатияда ага окшоп адашып келип калган адамдарга орун жок болушу керек».

Президент азыркы дүйнөдөгү абалды эске алуу менен Кыргызстандын жаңы тышкы саясат концепциясы кабыл алынганын жарыялады. Бул концепция 2008-жылдан бери жаңылана элек эле. Тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктаган документте Кыргызстан прагматикалуу, тең салмактуу, ачык, көп багыттуу жана ырааттуу тышкы саясат жүргүзөрү жазылган.

Жээнбеков дал ушул концепцияга ылайык, акыркы жылдары салкындап кеткен АКШ менен кызматташтык жөнүндө жаңы келишим даярдалып жатканын белгиледи.

Орусияда элчи катары иштеп, кийин АКШга ошондой эле кызматка жөнөтүлгөн Болот Отунбаев президенттин билдирүүсүн ырастап, бирок андай келишимге качан кол коюларын ачык айткан жок:

Болот Отунбаев.
Болот Отунбаев.

«Кыргызстан менен АКШ кызматташтыктын жаңы баракчасын ачып жатат. Буга чейин кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун Кошмо Штаттар даярдап берген. Биздин өлкөнүн бардык министрликтери, мамлекеттик органдары карап чыгып, азыр өкмөттүн талкуусуна чыгарды. АКШдагы бюджет бекитилбей турган «шатдаунга» байланыштуу аларды эксперттери келбей жатышкан. Жакында келишсе келишим талкууланып, каралат».

Кыргызстандын тышкы саясаты көп багыттуу делгени менен Орусияга көбүрөөк басым жасалып жатканы айтылып жүрөт. Бирок адистер акыркы жылдары Кыргызстанга Кытайдын таасири күчөгөнүн белгилей башташты.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу жаңжал, Бишкекте Кытайга каршы акциялардын өтүшү бул өлкө менен мамилеге терс таасирин тийгизип жатканы маалымат каражаттарында жазылган болчу. Ал түгүл буга чейин Кытайдын жетекчилиги аймактарды өнүктүрүш үчүн убада берген 100 миллион доллар кечигип жатканы айтылган.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде экенин, ал эми Бээжин убада кылган жардам келерин билдирди:

«Кытай тараптын бир катар жол-жоболору бар. Ал убакытты талап кылат. Бул гранттык долбоорлор ишке ашышы үчүн убакыт керек болуп турат. Анын качан болорун азырынча айтуу кыйын».

Ошол эле кезде азыркы бийлик Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен кызматташтыгына көңүл бурарын айтууда. Бул багытта президент жакында Францияга, Германияга, Швейцарияга, Венгрияга расмий сапар менен барып, кийин Париж менен Римде дипломатиялык өкүлчүлүк ачууну көздөп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG