Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 8-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 20:27

Кыргызстан донорлордун жардамына муктаж


Президент Сооронбай Жээнбеков өнөктөш донор уюмдарды Кыргызстандагы улуттук долбоолорго колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Бул убакка чейин алынган гранттар, насыя натыйжалуу иштетилдиби? Өлкөгө инвестиция тартуунун шарты оңолдубу? Транспорт, энергетика, суу менен камсыз кылуу, ирригация долбоорлорун канткенде толук ишке ашыра алабыз?

«Арай көз чарай» талкуусуна Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкар жана экономика боюнча эксперт Кубан Чороев катышты.

«Азаттык»: - Шумкар мырза, президент катышкан форум «Туруктуу өнүгүш үчүн реформаларды тездетүү» деп аталды. Албетте, донорлор, өнөктөш уюмдар катышкан форматтагы жыйындар мурда деле көп эле болуп келген. Бул жолку форумдун эмне өзгөчөлүгү болду?

Адилбек уулу Шумкар: - Албетте, өзгөчөлүгү болду. Бул жолу мамлекет өзүнүн экономикалык саясатындагы негизги багыттарын так белгилеп көрсөттү. Ошол багыттарды донор уюмдардын өкүлдөрү менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкерлер, эл аралык эксперттик коомдун жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен кенен талкуулашты, аягында ага жараша резолюция кабыл алынды. Бардык тараптар өздөрүнүн баалуу сунуштарын киргизишти.

Форумдун дагы бир өзгөчөлүгү – анын деңгээли. Ага президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы баш болгон жогорку жетекчилик катышты. Мунун өзү Кыргызстанга эл аралык донор уюмдар менен кызматташуу канчалык маанилүү экендигин көргөздү.

Кыргызстан негизги деп эсептеген тармактарды өнүктүрүүгө кызыкчылыгын билдирди. Учурда аймактарды өнүктүрүү, адамдык потенциалды өстүрүү, санариптештирүү, айыл чарбасын көтөрүү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу сыяктуу негизги маселелерди күн тартибине дагы бир жолу койдук. Алардын тегерегинде кызуу талкуулар болду.

Кыргызстан 1992-жылдан бери эл аралык донор уюмдар менен ар кандай деңгээлде, ар кандай багыттарда иштеп келет, бир топ тажрыйба топтолду десек болот. Андан бери биз кызматташкан донорлордун географиясы да кеңейди. Биздин агенттик учурда Германиянын, Кореянын, Жапониянын, АКШ өнүктүрүү агенттиктери жана БУУнун Өнүктүрүү программасы, долбоорлор менен тыгыз иштеп жатат.

«Азаттык»: - Кубан мырза, Кыргызстанда дымактуу ири долбоорлорду ишке ашырууну башынан эле өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүгүбүзгө эмес, чет элдик колдоого, жардамга ишенип, күтүп түзүп жаткан жокпузбу?

Кубан Чороев: - Ооба, Кыргызстан 28 жылдан бери сырткы донор өлкөлөр, уюмдар менен тыгыз иштеп келатат. Улуттук долбоорлор деген эмне экенин биз аныкташыбыз керек. Эгерде бизде инвестициялык улуттук долбоолор болсо, андан сырттан аларга акча күтпөй деле койсок болот. Анда «Донорлор кандай долбоорлорго акча бөлөт?» деген суроо туулат.

Кыргызстанда иштеп жаткан бир нече мамлекеттердин өнүктүрүү агенттиктери өлкөдө институционалдык реформаларды жасоого, алардын аткарыш үчүн техникалык, эксперттик жардам берүүгө каражат бөлөт. Алардын көбү бизде мамлекеттик башкаруунун, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтердин ишинин натыйжалуулугуна жетишүүнү, потенциалын көтөрүүнү көздөшөт.

Улуттук инвестициялык долбоолорго сырттан жеке тараптар келбейт. Ошондуктан аларды каржылоо же колдоо үчүн эл аралык каржы институттарын тартыш керек. Мисалы, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы ж.б.

Адилбек уулу Шумкар: - Биздин агенттиктин түзүлүшү да Кыргызстанда ички жана сырткы инвестициялык климатты оңдоого, инвестицияларды илгерилетүүгө өзгөчө маани бергендиги менен байланыштуу. Инвесторлорго болушунча жакшы шарт жана мүмкүнчүлүк түзүү да биздин негизги милдетибиз. Демилгелерди ишке ашырууга жардам кылуу – биздин башкы вазыйпабыз.

Кыргызстандагы инвестициялык абалыбыз кандай, шарттарыбыз кандай, мыйзамдарыбыз кандай, эмне жетишет, эмне жетишпейт – баарын талдап чыгып, Экономика министрлиги менен бир топ сунуштарыбызды өкмөткө бергенбиз. Болушунча инвесторго жагымдуу шарт түзгөнгө аракет кылып иштеп жатабыз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG