Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:02

Цемент баасынын күтүүсүз "секириги"


Иллюстрация

Өлкөнүн түштүк аймагы жеткиликтүү баадагы цемент менен камсыздалбай, анын көпчүлүгү Өзбекстанга жана Тажикстанга сатылып жатканы боюнча парламентте маселе көтөрүлдү. Завод цементтин өздүк наркы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат бербей жатканы айтылды.

Анын артында таасирдүү саясатчылар турабы деп шекшиген айрым эл өкүлдөрү өндүрүлгөн цементтин көбүн экспортко чыгаруудан улам, ири өлчөмдөгү салык бюджетке түшпөй жатканын белгилешти.

Цемент экспортко чыгып жатканын колдогон саясатчылар ички рынокто тартыштык жоктугун айтып жатышат.

Аткарылбаган убадалар

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Кызыл-Кыядагы "Түштүк-Кыргыз цемент" заводун буга чейинки алган милдеттенмесин аткарбай, цементти ички рынокко кымбат баада сатып жатат деп сындады.

Депутат өндүрүлгөн цементтин көбү экспортко чыгып, натыйжада мамлекеттин казынасына ири өлчөмдөгү салык түшпөй жатканын билдирди:

- Цемент заводу экспортко 2,80 сомдон чыгарып, ошол эле кезде ал ички базарда 5,8 сомдон сатылып жатат. Завод курулуп жатканда андагы Кулатов айыл аймагына цементти өз баасында берүү боюнча макулдашылган. Бирок завод ал милдеттенмесин аткарган жок. Былтыр завод 600 миң тоннадан ашуун цемент өндүргөн. Азыр анын 300-350 миң тоннага чейин цементти экспортко чыгарууга келишими бар экен. Бул деген цементтин жарымынан көбү сыртка салык алынбай чыгарылат дегенди түшүндүрөт. Себеби, экспортко чыгарылган товардан кошумча нарк салыгы алынбайт.

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

​Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматы боюнча, "Түштүк-Кыргыз цемент" заводу өндүрүлгөн цементтин өздүк наркы боюнча бир нече курдай жөнөтүлгөн суроо-талаптарга жооп берген эмес. Мыйзам боюнча, ишканалар өндүргөн товарынын өздүк наркы тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.

Тоготпостук менен тоң моюндуктун себеби

Депутат цементтин өздүк наркын ачык көргөзбөөнүн артында сыр бар экенин айтып чыкты. Зияддин Жамалдинов анын артында таасирдүү бир топ турушу мүмкүн деп шекшийт:

- Анда бул жерде өкмөттөбү же укук коргоо органдары жактанбы бул заводду кимдир бирөөлөр калкалайт дегенге бир топ негиздер болуп жатат. Болбосо ал мыйзамдуу талаптарды эмнеге аткарбайт. Анын ишенген таасирдүү кишиси болгону үчүн мына ушундай болуп жатат. Ансыз дагы бул завод цементти экспортко чыгарабыз деген негизде кошумча нарк салыгын, сатыктан түшкөн салыкты жана киреше салыгын төлөбөйт. Салыктан качып жатканы ушул да. Аларга арзаныраак болсо дагы салык төлөбөй сыртка саткан пайдалуу болуп жатпайбы. Ал эми элибиз жеткиликтүү баада цемент менен камсыз болбосо. Анда буга окшогон цемент заводунун бизге кереги барбы? Себеби алар биздин тоо-ташты бузуп, экологияга зыян келтирүү менен арзан чийки затты пайдаланып, цемент чыгарып, аны башка жакка сатып жатканы кандай?

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Шухрат Сабиров Кызыл-Кыядагы "Түштүк-Кыргыз цемент" заводу цементтин өздүк наркын ачык көрсөтүүдөн качып жатканын ырастады.

Буга чейин коомчулукта заводдордон алдын ала дүңүнөн сатып алып, аны сезон маалында бир топ кымбат сата турган ортомчулар бар экени тууралуу маселе чыккан.

"Чайкоочулуктун чар тарабы"

Шухрат Сабиров цементтин өздүк наркы белгисиз экенин айтып, ошол үчүн ички рынокко жана сыртка сатыла турган бааны талдоо кыйынга туруп жатканын айтты:

- Өткөн жылы Ош облусунда жана Ош шаарында цементтин баасы өлкөнүн түндүк аймагына караганда 1, 1,5 сомго кымбат баада сатылды. Бирок Кызыл-Кыядан Ошко аралык жакын эле да. Транспорттук чыгым деле көп эмес.Ошого байланыштуу ал жакта цемент арзаныраак болушу керек. Бирок тескерисинче, кымбат баада сатылганын байкадык. Ошондо коомчулукта Өзбекстанга 2,70 сом, 2,80 сомдон берип, ошол эле кезде жергиликтүү өзүбүздүн базарда 5-6 сомдон сатылып жатат деген маселе көтөрүлдү да. Бирок биз өндүрүлгөн цементтин өздүк наркын билбегендиктен улам ал жагдайга баа бере албайбыз. Завод биздин бир нече жолку кайрылууларыбызга жооп бербей келе жатат.

"Экспортту колдоо керек"

Кызыл-Кыядагы "Түштүк-Кыргыз цемент" заводунун жетекчилиги цементтин баасына байланыштуу доомат тууралуу кийинчерээк расмий маалымат бериле турганын айтуу менен чектелди.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев цементти экспортко чыгарып жаткан өндүрүшчүлөрдү тескерисинче колдоо керектигин белгиледи:

Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

​- Коңшулар менен мамилебиз оңолуп, биздин ата мекендик ишканалар ал жактарга өндүргөн товарларын экспорттоп жатканына кубанышыбыз керек эле да. Цементтин баары Өзбекстанга сатылып кетип, бизде калбай калды дегени чындыкка коошпойт. Бизде цементтин тартыштыгы жок. Анын баасы деле кымбаттабады. Тескерисинче, мурдагыга караганда бир аз арзандады. Цемент сыртка сатылганда албетте, бир аз арзаныраак сатылат. Анткен менен ал экспортко чыгарылып, анын ордуна өлкөгө валюта кирип жатпайбы. Биз муну колдошубуз керек.

Кызыл-Кыядагы "Түштүк-Кыргыз цемент" заводун 2008-жылы чет элдик инвесторлор куруп, ал жылына 750 миң тонна цемент өндүрүүгө ылайыкташкан. Ага чет өлкөлүк бир нече акционер ээлик кылары айтылып, алардын арасында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жашырылган үлүшү да болушу мүмкүн экени кезинде гезиттерге жарыяланган.

2010-жылдан бери аталган цемент заводуна ким көзөмөлдүк кылары белгисиз. Мындан тышкары өлкөнүн түштүгүндө "Араван цемент заводу" да бар. Анын кайсы бир үлүшүнө парламент депутаты Азамат Арапбаев ээлик кылары белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG