Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Кумтөр: эл бийликтен жооп күтүүдө


Кумтөрдү иштетүүгө каршы чыккан митингчилер менен ЖК депутаттары жолугушууда. Барскоон, 30-май, 2013.
Кумтөрдү иштетүүгө каршы чыккан митингчилер менен ЖК депутаттары жолугушууда. Барскоон, 30-май, 2013.

Жети-Өгүз районунда жаштар тобу кайрадан элдик жыйынга чогулуп, өкмөттүн Кумтөр боюнча убадаларына жооп алууну көздөөдө.

Бирок бүгүнкүгө белгиленген элдик жыйын болбой калды. Себеби эмнеде экенин уюштуруучулар азырынча айта элек.

Уюштуруучулардын айтымында, элдик жыйын өкмөттүн Кумтөр боюнча убадаларына жооп алууну көздөгөн. Ушул эле адамдар 27-майда Кумтөр боюнча Жети-Өгүздө митинг уюштуруп, анын соңунда башаламандыкка айланып, өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин басылган.

Митингчилер талаптарынан кайта элек

Элдик жыйынды уюштурмакчы болгондордун бири Эрмек Жунушбаев анда коюлуучу талаптар мурдагыдай эле экологиялык зыяндардын ордун толтуруу жана Кумтөр келишимин жокко чыгартуу болоорун буга чейин "Азаттыкка" билдирген:

- Өткөндөгү эле талаптар көтөрүлөт. Бул митинг эмес, жөн гана чогулуш. Жогорку жетекчилер эмне иштерди жасап жатат, кимиси жоопкерчиликти алат деген эле суроолорго жооп алабыз. Жыйынга премьер-министрди, спикерди жана президентти чакырганбыз. Андан аркы кадамдар өкмөттүн элдин талаптарына кандай жооп бергенине жараша болот. Бирок “тигинин артында саясий күчтөр турат, мунун артында бул турат, акча алып жатышат” деген туура эмес сөздөрдү чыгарышууда. Эгер чын эле ушундай болсо, өкмөт аныктап, таап чыксын.

Ушул эле жаштар тобу 27-майда беш күнгө созулган митинг уюштуруп, Кумтөргө кеткен жолду буушкан жана ишканага берилүүчү электр тогун эки жолу өчүрүшкөн болчу. 31-майда эл менен милиция кагылышып, эки тараптан адамдар жаракат алган. 1-июнда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүзгө барып, бир катар убадаларды берип, эл тынчыгандай болгон.

Жетиөгүздүктөрдү колдоп чыккан Жалал-Абад облусундагы “Ата-Журт” партиясынын камакта жаткан депутаттарынын тарапкерлери болсо обладминистрацияны ээлешип, эки күн бою Бишкек-Ош жолун тороп турушкан эле. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абадга да барып, эл менен жолугушууларды өткөргөн. Аталган окуялар боюнча Башкы прокуратура кылмыш иштерин козгогону маалымдалган.

Кимдин карааны көрүнөт?

Ошол эле кезде Кыргызстанда уюштурулуп жаткан митингдердин артында бийликти алмаштырууну көздөгөн күчтөр бар деген да сөздөр тарады. Президент Алмазбек Атамбаев 12-июнда Нарынга барып, ГЭСтердин курулушун ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө Бакиевдердин жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновдун атын атады.

- Албетте, Данияр Үсөнов акчасын аямак беле төңкөрүштөн, аябайт. Анткени, биз анын түбүнө жетерибизди билип турат. Же Бакиевдин туугандары аямак беле акчасын, аябайт. Алардын да түбүнө жетебиз.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Токон Мамытов дүйшөмбү күнү эл өз талаптарына жооп алуу үчүн чогулуп жатканынан кабардар, бирок ушул эл маселелер 14-июнда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн жана депутаттардын Жети-Өгүз районундагы эл менен жолугушуусунда козголгонун айтты:

- Жаштар менен сүйлөшкөндө бул маселе да көтөрүлдү. “Ар кандай сөздөр жүрүп жатат, уктуңарбы” деп мен да сурадым. Алар “биз да уктук, ушинтип келгендер болуп жатат.Тыйын сунуштайбыз, бийлик алсак, кызмат сунуштайбыз деп, айтып келгендер болуп жатат. Бирок биз Жети-Өгүз районунун жаштары буга жол бербейбиз. Биз президентке, өкмөткө, парламентке каршы чыкпайбыз” деп жолугушууда сүйлөгөндөр да болду.

Мамытов бул сыяктуу маалыматтарды укук коргоо органдары да териштирип жатканын кошумчалады. Такталбаган маалыматтарда мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов 300 миң доллар бөлүп, нааразы күчтөрдү көкүтүп жаткандыгы айтылат.

Аны менен катар “Элдик фронт” коомдук кыймылынын төрагасы Абдымалик Мырзаевдин да аты аталууда. Ал өзү “Азаттыкка” маегинде муну Кумтөр маселесинде жетиөгүздүктөрдү колдоп койгону менен байланыштырат:

- “Данияр Үсөновдон 500 миң доллар алып, ошонун буйрутмасын аткарып жатыптыр” деп айтышууда. Бул эми бийликтин чыгарган сөзү. Менин Данияр Үсөновго эч кандай тиешем жок, Бакиевге да тиешем жок. Менин атымды кошуп жатышканынын себеби - мен Жети-Өгүздүн элин колдогом. Эл туура талаптарды коюп жатат, мамлекет чечиш керек деп катуу айткам болчум.

“Ата-Журт” депутаттарына өкүм чыгат

Мындан тышкары Ысык-Көлдө “Ата Журт” партиясынын камактагы лидери Садыр Жапаровдун жакындары да митинг уюштурары кабарланууда. Камактагы депутаттар демекчи, ушул аптада Бишкек шаардык соту “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары боюнча өкүмүн чыгарышы мүмкүн. Адвокат Искендер Журабаев мындай дейт.

- Соттук жарыш сөз калды. Андан кийин соттолуучулардын акыркы сөзү болот. Ошондон соң сот өкүм чыгарыш керек. Мисалы жарыш сөздү дүйшөмбү күнү баарыбыз тең эле сүйлөп бүтөбүз. Акыркы сөздү да ошол эле күнү сүйлөтүп салса болот.

Ал эми камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев эл соттун чечимин күтүп жатканын айтууда:

- Шейшемби-шаршемби күндөрү аларды чыгарса жакшы болот эле. Биз депутаттар акталат деген эле үмүттөбүз. Эгер андай болбой калса, элдин маанайы ачуулуу болуп турат.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев акыркы окуяларды тарыхый деп сүрөттөп, аларды мамлекет тагдыры менен байланыштырат:

- Кыргызстанда азыр карама-каршы суроолор абдан көп. Ушундай чаташкан жерге ким ширеңке чагып жиберет деген чочулоо бар. Аны эч ким билбейт.

Кыргыз конституциясы жана мыйзамдары тынч митингдер менен жүрүштөргө уруксат берет. Бирок андай нааразылык акциялар тополоң менен коштолгон учурлар жок эмес.

XS
SM
MD
LG