Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Сатык салыгын көтөрүү демилгеси сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт сатыктан түшчү салыктын өлчөмүн эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүүнү көздөп турат.

Экономика министрлиги бул накталай эмес иш жүргүзгөн тараптарга тиешеси жок экенин айтып, сунушталган ченем көмүскө экономиканы азайтууга багытталганын билдирди. Бирок экономика жана салык иштери боюнча адистер муну өкмөттүн казынаны жетиштүү толтура албай калгандан кийин тапкан айласы катары карап, ал тескерисинче, ишкерлерди көмүскө иш жүргүзүүгө түртөт деп кооптонууда.

Көмүскө экономиканы ооздуктоо аракети

Экономика министрлиги Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Ага ылайык, сатыктан түшчү салыктын өлчөмүн эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүлөт.

Муну менен экономика министри Олег Панкратов салык алуу тутуму үч этап менен өзгөртүлүп жатканын айтты. Биринчи кезекте, буга чейин сатыктан түшчү салыктан экспортерлор (товар өндүрүп, сыртка чыгаргандар) бошотулса, эми андан төлөмдөрдөн накталай эмес иш жүргүзгөн ишкерлер бошотула турганы айтылды. Ошондо сатыктан түшчү беш пайыздык салык накталай төлөм менен иш алып баргандарга гана тиешелүү болорун айткан экономика министри Олег Панкратов бул чара жашынып жүргөн салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгарарын билдирди:

Олег Панкратов.
Олег Панкратов.

- Салыктын беш пайыз деген өлчөмү бүгүнкү күндө таңууланган аксиома же догма эмес. Бул сунуш. Чекене соода кылган, кызмат көрсөтүү менен алектенген калктын кеңири катмарына бул салыктын тиешеси болбойт. Ким патент менен иштеп келсе, алар ошол бирдиктүү салыкты гана төлөйт. Бул салык жанагы накталай эмес төлөм менен иштөө кыйынчылыкты жаратпай турган орто дүң соода менен алектенген компанияларга туура келет. Булар накталай эмес төлөмгө өтүшү техникалык жактан кыйынчылык жаратпай турган чоң дүкөндөр жана дүң соода менен иштеген компаниялар. Накталай эмес төлөмгө өтүүгө алардын каалоосу гана тоскоол болуп келген.

Экономика министри Олег Панкратов эгерде сатуучулар POS-терминалдарды колдонууну каалабаса, анда анысы кыңыр иштер бар экенин туюндура турганын айтты. Бул ишкер чөйрөнү ачыкка чыгууга түрткү берерин айткан министр сөз болуп жаткан сунуш "салыкты көбөйтүү менен казынаны толтуруу максатын көздөбөйт" деп ишендирүүгө аракет кылды.

Ишене бербеген ишкерлер...

Анткен менен Жаш ишкерлер биримдигинин төрагасы Темиркул Ажыкулов накталай эмес төлөмгө өтүүгө бардык аймактар даяр эмес экенин мисал келтирип, муну салыктын өлчөмүн көбөйтүүдөгү шылтоо катары кабыл алды:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- Бул баягы эле расмий түрдө катталып, таза иштеп келаткан компанияларга жүк болот. Ал эми көмүскөдө иштеп келгендер ошол бойдон эле көмүскөдө калышат. Аларды көмүскөдөн чыгаруунун башка жолдору деле бар эле да! Сөзсүз эле салыкты көтөрүп, "күчкө салып көмүскөдөн чыгарабыз" дешсе - алар чыга коюшпайт. Себеби көмүскөдө иштегендердин көпчүлүгү бийликтин колдоосу менен иштей турганын баары эле билишет. Азыр Бишкектен башка жактарда карточка менен төлөп, POS-терминалдар аркылуу товар сатып алуу кыйын экенин баарыбыз эле билебиз. Анан кантип "онлайн түрүндө алды-саттыга өткөн компаниялар гана салыктан бошотулат" дегенге ишенсе болот? Мунун жыйынтыгы, тескерисинче, көмүскө экономиканы көбөйтөт. Анткени ишкердик биринчи кезекте атаандаштыктан турат. Анан товар беш пайызга кымбат болсо, бирок көмүскөдө иштегендер андан арзан сатып жатышса, каяктагы атаандаштык?

Кыргызстанда буга чейин кошумча нарк салыгы 20 пайыздан 12 пайызга түшүрүлгөн болчу. Ошондо өкмөт казынаны толтуруу кыйын болуп жатканын жүйө келтирип, эки пайыз өлчөмүндө сатыктан түшкөн салыкты убактылуу киргизип турууну сунуш кылган. Бирок 2015-жылга чейин гана иштей турганы айтылган бул салык түрү, тескерисинче, накталай төлөм жүргүзгөн ишкерлер үчүн беш пайызга көтөрүлдү. Экономика министри болсо бул чара накталай төлөм жүргүзгөн ишкерлерди накталай эмес соода жүгүртүүгө түртүп, жыйынтыгында беш пайыздык салыктан бошотууга алып келе турганын айтты. Экономист Мейманбек Абдылдаев бул көрүнүш ишкердиктин бардык түрүн накталай эмес соода жүгүртүүгө өткөзө албай турганын айтып, натыйжада беш пайыздык салык өлчөмү товардын баасына жүктөлөт деп божомолдойт:

- Бул баягы эле бюджетти толтуруунун убарасы. Акчанын тартыштыгынан улам өкмөттүн кирешесинен чыгашасы көп болуп, эмне кылар айласын таппай жатат окшойт. Анан салыкты кимге салмак эле? Баягы эле сатуучулар. Анан сатуучулар, албетте, кире турган кошумча салык өлчөмүн сата турган товарына кошуп, натыйжада анын баасы кымбаттайт. Ошентип кайра эле жүктүн баары сатып алуучуларга түшөт. Ошентип бул инфляциянын күчөшүн шарттайт.

Кантсе да бул мыйзам долбоорун сунуш кылып жаткан Экономика министрлиги аны парламент, коомчулук өкүлдөрү жана ишкер чөйрө менен кошо талкуулап, кеңешип туруп анан орток пикир табууга даяр экенин белгилеген. Ошондуктан мекеме бул мыйзам долбооруна карата негиздемеси менен берилген сын-пикирлердин баары кабыл алына турганы жарыяланды. Бул мыйзам долбоору парламентке күзүндө, сентябрь айында жөнөтүлүп, ага чейин коомдук талкууга коюлары белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG