Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Адвокаттарга салык төлөтүү сунушу талкууда


Кыргызстандын Юстиция министрлиги нотариустарды жана адвокаттарды салык төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Документте адвокаттар менен жеке менчик нотариустардын кирешесинен салык алуу сунуш кылынган.

Ага адвокаттар коомчулугу кескин каршы чыкты. Бирок юристтердин арасында аны колдогондор да бар. Министрлик өз демилгесин элге укуктук жардам берүү тармагын иретке салуу аракети катары түшүндүрүп жатат.

Юстиция министрлиги коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоору "Адвокаттык жана нотариалдык ишмердүүлүк боюнча айрым актыларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат. Мекеменин Нотариат жана адвокатура башкармалыгынын адиси Адилет Расуловдун айтымында, анда жарандардын юридикалык жардам алышын жөнгө салыш үчүн адвокаттар менен нотариустардын кирешесинин он пайызын салыкка которуу сунушталган:

Биз кандай ишмердүүлүк болбосун 10 пайыз салык алууну сунуш кылдык. Бирок бул мыйзам долбоорунун акыркы версиясы эмес.

- Буга чейин адвокаттар менен нотариустар патенттин негизинде иштеп келген. Биз сунуш кылган долбоор боюнча, алардын жумушу ишкердиктин түрүнө кирип жаткандыктан, салык алуу маселеси камтылган. Алар элге юридикалык кызмат көрсөтүп жатышат да. Андыктан "салык салуунун өзгөчө түрү" деп коет. Ошону Салык кодексинин 60-главасына "Адвокаттар менен жеке нотариустардын салык режими" деп киргизип атабыз. Биз кандай ишмердүүлүк болбосун 10 пайыз салык алууну сунуш кылдык. Анткени нотариус жана адвокаттар иштегенде журнал толтурушат. Журналдын негизинде алардан 10 пайыз салык төлөтүү жагы документте камтылды. Бирок бул мыйзам долбоорунун акыркы версиясы эмес. Азыр коомдук талкууга коюлду да, келген сунуш-пикирлер эске алынып, өзгөрүлөт. Министрликтер менен мекемелердин арасында да талкуулар болот.

Кыргызстандагы адвокаттар жана нотариустар чөйрөсүндө Юстиция министрлигинин демилгеси ар кандай ой-пикирлерге жем таштады. Юрист Канатбек Азиз документ ишке киргизилсе, адвокаттар бийликке көз каранды болуп калат деп кооптонууда:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

- "Салыкты төлөбөй калдың" деп адвокаттардын ишин токтотуп коюшу мүмкүн. Саясий партияларда деле ушундай болуп жатпайбы. Алар салык төкпөсө партия жабылып калат. Буларда да ошондой болуп калышы ыктымал. Мисалы, Мамлекеттик салык кызматынын "бул салык төлөгөн эмес" деген маалыматынын негизинде адвокаттардын лицензиясы алынышы мүмкүн. Лицензия алынгандан кийин аны калыбына келтириш оор. Мыйзамда "адвокат лицензиясынан өмүр бою ажыратылат, ал калыбына келтирилбейт" деп жазылган. Көп адвокаттар ошондон улам судьялардын арыздарынан коркушат. Ошондуктан азыр бул маселеге тийбей эле коюшса болмок. Нотариатты ала турган болсок, алар ар бир аракетине ансыз деле мамлекеттик алым кошот. "Андан тышкары да салык төлөсүн" деген талап туура эмес деп ойлойм.

Укук илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев тескерисинче талкууга коюлган мыйзам долбоорун колдоп жатат. Анын баамында, жеке ишканалардын кызмат акысы мамлекеттик органдарга караганда бир топ кымбат. Ошондуктан адвокаттар, нотариустар деле жеке ишкерлер сыяктуу салык төлөөгө тийиш. Осмоналиев документке болгон нааразылыкты салык төлөөдөн качуу аракети катары баалады:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

- Демилге туура. Коюлган максат да туура. Аны адвокаттардын көпчүлүгү, адвокатура колдошу керек. Эгер алардан колдоо таппаса, анда керексиз демилге болуп калат. Ар кандай чатактар да болушу мүмкүн. Муну адвокаттардын катышуусунда кеңири талкуудан өткөрүшсө болмок. Менин билишимче, адвокаттардын көпчүлүгү буга макул эмес. Анткени ишкерлер сыяктуу эле алар да салык төлөөдөн качышат. Бирок аларга стимулдарды, туура шарттарды түзсө, көпчүлүгү колдосо керек деген ойдомун. Ошондо тармактын иши ачык-айкын болот. Азыр көпчүлүгү келишим түзбөй иштегендер, кардарларын алдаган учурлар бар, элдин бир топ нааразылыгы да бар. Мындай фактыларды мүмкүн болушунча азайтып, жоюш керек. Салык - негизи курал. Ал негизинен стимул болушу керек. Албетте, эл аралык тажрыйбаны, азыркы биздеги акыбалды эске алып, талкуудан өткөрүш керек. Андан кийин консенсуска келсе болот. Демилге түшүнүктүү болушу керек.

Кыргызстандагы жактоочулардын башын бириктирген Адвокатура уюму жактоочулар менен нотариустардан салык алууну жокко чыгарууну өтүнүп, Юстиция министрлигине кайрылган. Уюмдун Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов "Азаттыкка" азырынча андан жооп келе элек экенин билдирди. Ал талкууга чыгарылган мыйзам долбоору иштелип жатканда адвокатуранын пикири эске алынбай калганын айтууда:

Билим Райымкулов.
Билим Райымкулов.

- Адвокаттык ишмердүүлүк коммерциялык болбогондон кийин бизди салыктан бошотуш керек болчу. Биз элге, муктаж адамдарга укуктук жардам берип жатабыз. Чынын айтканда, азыр адвокаттарга иш да жок. Адвокаттык иш монополия болбогондон кийин жарандык-административдик иштер менен алектенген юристтер, өкмөттүк эмес уюмдар толуп кетпедиби. Мамлекеттик эмес уюмдар деле эч кандай юридикалык билими жок эле келишим түзүп алып, жараяндарга катышып жатпайбы. Ошентип адвокаттар иши жок калып жатат. Мыйзам боюнча укуктук-квалификациялык жактан мамлекеттик кепилдик берилген жардамды жарандардын баарына адвокат берет. Эми болсо аларды салык менен кысканы жатышат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда лицензия алган адвокаттардын саны эки жарым миңдин тегерегинде. Ал эми жеке нотариустар 700дөн ашат. Адвокаттык иш жүргүзүш үчүн Юстиция министрлигинин уруксаты талап кылынат. Былтыр Коопсуздук кеңеши бул мекемеде адвокаттарга жана нотариалдык кеңселерге лицензия берүүдө паракорчулук орун алып жатканын жарыялаган. Анда нотариустардын ишине формалдуу түрдө көзөмөл жүргүзүлөрү, 2013-2016-жылдарда түшкөн миңден ашык даттануунун теңинен көбү нотариустар менен адвокаттарга каршы болгону белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG