Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 08:06

Сотторду сынаган саясий кармаш


Сотторго каршы акция. Бишкек. 2018-жыл

Жогорку Кеңештеги Жогорку соттун судьялыгына үч талапкердин өтпөй калышын кадрдык тазалануу катары бааласак болобу?

Сотторду тандоонун бүгүнкү жобосу заман талабына жооп береби? Тартип комиссиясы мыйзамдуулукка чакырып жатабы же президенттик аппаратка көз карандыбы? Соттун ачыктыгына, адилеттүүлүгүнө канткенде жетишебиз ж.б.у.с. маселелерди бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жана Жогорку соттун мурдагы судьясы, эмгек сиңирген юрист Султангазы Касымов катышты.

“Азаттык”: Султангазы агай, кечээ Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн беш талапкердин үчөө өтпөй калды, аны сиз кандай баалап жатасыз? Чечим сот бийлигинде кадрдык тазалоо башталганын көргөзөбү же саясий күчтөрдүн өч алуу аракети болдубу?

Султангазы Касымов: Бул көрүнүш сотторду тандоо туура жолго коюлбай жатканынан улам болду. Мисалы, Сот тандоо кеңеши 24 мүчөдөн турат, ошолордун үчтөн бири да сот адиси эмес.

Калган мүчөлөрү партиялардан ж.б жактардан болуп жатса, кесипкөй юристтер жок жерде кантип татыктуу соттор тандаларын мен билбейм. Бирок азыркы сот болуп иштеп жаткандарга, иштейм деп келе жаткан талапкерлерге купулум толбойт. Себеби, аларды тандоодо чоң ката кетип жатат. Соттордун көз карандысыздыгы деген алып сатарлыкка айланып кетти.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, кечээги судьялыкка өтпөй калган талапкерлерди бир жактуу каралоо болду, мыкты адистер саясий кармаштардын курмандыгына айланды деген пикирлер да бар...

Алар мыкты адис болчу дегендерге да каршы эмесмин. Ооба, ал сот Кыргызстандагы эң мыкты юрист чыгаар. Ошол эле учурда коррупциялык ишти мыкты өздөштүргөн, бийликтин айтканынан чыкпаган да сот болушу мүмкүн.
Кенжебек Бокоев

Кенжебек Бокоев: Жогорку соттун судьялыгына өтпөй калган талапкерлерге буга чейинки иштери үчүн баа берилди.

Алар мыкты адис болчу дегендерге да каршы эмесмин. Ооба, ал сот Кыргызстандагы эң мыкты юрист чыгаар. Ошол эле учурда коррупциялык ишти мыкты өздөштүргөн, бийликтин айтканынан чыкпаган да сот болушу мүмкүн.

Биз, депутаттар соттордун эмнесине баа бердик? Соттор билим деңгээли, кесиптик тажрыйбасы боюнча атайын тесттен өтүштү. Алгач документтери ж.б критерийлердин негизинде Сот тандоо кеңеши иргеди, талдады.

Депутаттар болгону Жогорку сотко татыктуубу же жокпу деген саясий баа берди. Биз алардан Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин маанисин сурап, экзамен алган жокпуз. Бизге чейин алар Сот тандоо кеңешинин, президенттин элегинен өтүштү.

Мен өзүм Айдарбек Алымкулов деген талапкердин сот болуп иштөөгө моралдык укугу барбы же жокпу деген суроону бердим. Ал эл аралык издөөдө жүргөн Сергей Костырин деген адамдын арызы менен ишти ачып, эки сааттын ичинде НТС каналынын мүлкүн камакка алуу боюнча чечим чыгарып жатат.

Ошол эле маалда биздин канча жараныбыз айлап-жылдап өкүмдү күтүп, түрмөдө зарыгып отурат. Ошондуктан айрым соттор саясий буйрукту аткарып келгенин айттым. Мындай талапкерлердин сот болуп иштөөгө моралдык акысы жок.

“Азаттык”: Султангазы агай, жарандык активисттер судья Воронцова азыркы иштеп жаткан (Бишкек шаардык сотунун төрайымы-ред.) кызматын да тапшырышы керек деген талаптарды койду. Бул көрүнүштүн моралдык, мыйзамдык жоопкерчилиги кандай болушу керек?

Азыр соттордун көз карандысыздыгы деген азыр алып сатарлыкка айланып кетти. Сот эч кимди укпашы керек, анын эркиндигин мыйзам коргошу керек.
Султангазы Касымов

Султангазы Касымов: Бул жерде моралы жок эле, мыйзамдын жолун айтайын. Президент, Сот тандоо кеңеши ишенимди актайбы деп жогорку инстанцияга көрсөтүп жатса, бирок ал парламенттен кулап калса ылдыйкы сот органына иштей алабы? Автоматтык түрдө өз арызы менен кетиши керек. Логикага таянсак, анын шаардык сотто иштөөгө моралдык акысы жок.

Кенжебек Бокоев: Парламенттин үчтөн эки бөлүгүнөн да көп, б.а депутаттардын 91и Воронцовага каршы добуш бергенден кийин ал кызматтан өзү кетиши керек.

Мындан ары Жогорку соттун судьялыгына өтпөй калган талапкер мурдагы ээлеп турган кызматынан бошотулат деген жобону мыйзамга киргизүү зарыл...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Парламент сотторду эсине келтирдиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:02 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG