Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Улуттук банк бир айда он жолу доллар сатты


Ушул тушта Кыргызстанда бир АКШ доллары 69 сом 75 тыйындан сатылып жатат.
Ушул тушта Кыргызстанда бир АКШ доллары 69 сом 75 тыйындан сатылып жатат.

Кыргызстандын Улуттук банкы соңку бир ай ичинде 10 жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 50 миллионго жакын долларды сатыкка чыгарды.

Ушул тушта Кыргызстанда бир АКШ доллары 69 сом 75 тыйындан сатылып жатат. Адатта өлкөдө доллардын куну өссө азык-түлүк, товарлар, күйүүчү-майлоочу май, жадагалса кызмат көрсөтүү кошо кымбаттайт.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банк өткөн айда тогуз жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 43 миллионго жакын долларды сатыкка чыгарган. Сомдун баасын туруктуу кармаш үчүн ал 4-декабрда дагы 6 миллионго жакын долларды сатыкка чыгарганы маалым болду.

Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева интервенция валюта базарын жөнгө салуунун, турукташтыруунун эң натыйжалуу бир ыкмасы экенин айткан: ​

- Салыштырмалуу айтсак, 2016-жылы доллардын курсу 8,8 пайызга чейин түшүп кеткен, жыл башында бир доллар 76 сомго жетип калган болсо, жыл аягында 69 сомго чейин түшкөн. Ал учурда дагы бир топ интервенцияларды жүргүзгөнбүз, ал сомду турукташтырууга өбөлгө түзгөн. Акыркы убакта биз жүргүзгөн интервенциялар өз жемишин берип жатат. ​Айдын башында бир доллар 69 сом 90 тыйынга чейин чыгып кетсе, азыр 69 сом 70 тыйындын тегерегинде.

Доллардын кымбатташы боюнча 4-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде сөз болду. Комитеттин төрагасы, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев анда доллардан көз карандылыкты жоюуга багытталган мыйзам долбоору каралганын билдирди:

Депутат Таабалды Тиллаев.
Депутат Таабалды Тиллаев.

- Бүгүн комитетте доллардын кымбатташы тууралуу Экономика министрлигинен сурадык. Алар муну дүйнөлүк базардагы, жаныбыздагы эле өлкөлөрдөгү кырдаал менен түшүндүрүп жатышат. Улуттук банк акчанын курсун эркин коё берип койгон да. Биз импортко, анын негизинде долларга көз каранды болуп жатпайбызбы. Экспорттун жоктугунан, доллардын тартыштыгынан ушундай болуп жатат. Ушундай объективдүү себептери бар. Чек аранын жабык турганы да таасир этип жатат. Биз бүгүн "Дедолларлаштыруу жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап бердик. Эми өкмөттө так позиция жок. Баарыбыз долларга байланып калганбыз.

Акыркы убакта биз жүргүзгөн интервенциялар өз жемишин берип жатат. ​Айдын башында бир доллар 69 сом 90 тыйынга чейин чыгып кетсе, азыр 69 сом 70 тыйындын тегерегинде болду.
Аида Карабаева.

Кыргызстанда мындан туура эки жыл мурун доллардын баасы кескин көтөрүлүп, 75 сомго чейин жеткен. Быйыл жазында болсо 67 сомго чейин арзандаган, бирок жайдан бери кайра кымбаттай баштаган.

20015-жылы жазында өкмөт өлкөдө соода жүгүртүүнү сом аркылуу жүргүзүүнү милдеттендирген токтом кабыл алган болчу. Ага ылайык "товарлардын, авиабилеттердин жана турак жайлардын наркы, акча жүгүртүү жалаң сом менен көргөзүлүшү зарыл" деген жобо киргизилген. Бул жобону бузган жарандарга, жеке ишкерлерге, мекеме-ишканаларга айыппул төлөтүү сыяктуу жазалар да каралган.

Мурунку премьер-министр Темир Сариев мындай иш-аракеттердин баары сомдун наркын туруктуу кармоого багытталганын кеп салды:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Доллардын кымбатташына бир топ жагдайлар себеп болушу мүмкүн. Биринчиси - биздин өлкөгө келген акчанын агымы чектелип калышы ыктымал. Бул негизинен мигранттардан келген акча. Экинчиси - өлкө эл аралык соода-сатыктан түшкөн, ортодо калган акчадан көз каранды болушу мүмкүн. Үчүнчүсү - биздин товарлар сыртка экспорттолгондо өнөр жай мекемелери аны доллар менен сатып, соода балансы, төлөм балансы кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Азыр мигранттарга иштеп акча тапканга салыштырмалуу шарт түзүлүп калды. Алар акча салып жатышат, ошолордун баары төлөм балансын түзөт.

Темир Сариев кыргыз өкмөтү экспортту күчөтүш үчүн сомдун курсун төмөндөтүшү зарыл деп эсептейт.

- Экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтиш үчүн сомдун күчүн бир аз азайтышыбыз зарыл. Мурда биздин бир сом казактардын 32-33 теңгеси болчу. Азыр болсо 21 теңге болуп жатат. Бизден барган өндүрүм Казакстанга барганда кымбатыраак болуп калат. Орустардын бир рубли 1,33 болчу, азыр болсо 1,20 болуп жатат. Бул дагы биздин экспортубуздун күчүн кетирип жатат. Ошондуктан акырындап сомду долларга карата 70-71-72ге чейин көтөрсө болот. Инфляциядан коркпош керек. Бизде инфляциянын деңгээли 3,5-4 пайыз болуп турат. Бул эми Улуттук банктын көзөмөлүндө.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов

Валюта базарындагы абал боюнча өткөн аптада Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берген эле. Жээнбеков сомдун наркын туруктуу кармоону көзөмөлдөн чыгарбай, улуттук акчанын алмаштыруу курсундагы олку-солкулуктун алдын алууну, инфляцияны кармап туруу максатында тийиштүү чара көрүүнү тапшырган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG