Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Сейталиев: Өлкөнүн аброюна сокку урулду


29-августта коомдук телеканалда түз эфирде 12 кен боюнча аукцион башталарда ал үзгүлтүккө учураган. Көз карандысыз серепчи Бакыт Сейталиев “Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Аукциондун өтүшүнө адамдар нааразы болуп, аны үзгүлтүккө учуратты. Ушундай нааразычылыкка жөндүү себеп бар беле?

Сейталиев: Эч себеп жок болчу. Бул атайын уюштурулган чагымчылдык болуп калды.

“Азаттык”: Аны кимдер уюштурушу ыктымал?

Сейталиев: Мен кайсы бир күчтөрдүн уюштурган иши болуп калды деп ойлойм. Себеби буга чейин кен казууга уруксат алган компаниялар лицензияларды башка жолдор менен алып келишкен. Ал эми бул жолу болсо лицензия алуу аукционго коюлуп, алар үчүн акча төлөшү керек эле. Менин билишимче, бирден-бир себеп ушул. Анткени кен иштетем деп жаткан компаниялардын деле партияларда жүргөн өз колдоочулары бар. Бул ошол партиялар жактан уюштурулган иш болуп калды.

“Азаттык: Бул аукционго 50 чакты компания катышып жаткан болчу. Алардын арасында чет элдик компаниялар да бар эле. Ошондон улам бул окуя Кыргызстандын беделине, кадыр-баркына канчалык көлөкө түшүрүшү мүмкүн?

Сейталиев: Аукционго коюулуп жаткан 12 кенге берилүүчү лицензиялардын көпчүлүгү чалгындоо иштерин жүргүзүүгө гана берилип жаткан. Ага Кыргызстандан, анын ичинде ар кайсы мамлекеттен да инвесторлор катышып жаткан. Буга Кыргызстандын ичиндеги гана компаниялар катышып жатса да, анда терс жагы анча билинмек эмес. Бирок чет мамлекеттерден инвесторлор келип, алар тобокелдүү болгон чалгындоо ишине акча салайын деп жатышкан. Анан чагымчылдык менен аукционду өткөрбөй коюу башка мамлекеттерге биздин жаман жагыбызды көрсөттү.

“Азаттык”: Аукциондун өтө турган күнүн жылдырса болот беле? Мисалы, нааразы болгон адамдар аукцион жаңы өкмөт толук кандуу куралгандан кийин өтсүн деп талап кылып жатышпайбы? Балким өкмөт кызматтан кеткенден кийин аукциондун өтө турганы күнүн башка күнгө жылдыруу туура болот беле?

Сейталиев: 28-августта өтөт деп эки ай мурда эле жарыяланып калган болчу. Ал эми өкмөттү кетип калат деп эч ким ойлогон эмес. Эгер лицензияны сатуу учурунда туура эмес иш кыла турган болсо, анда өкмөттүн өкүлдөрүн ошондо тактап, жоопкерчиликке тартууга аракет кылыш керек болчу. Азыр болсо адамдардын аукционду туура эмес, же шашып өткөрүүгө эч кандай далилдери жок туруп эле айтып жатышканы чындыкка коошпойт.

“Азаттык”: Ошондой эле адамдар Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин ишине, анын жетекчилигине нааразы болуп жатышат. Бул органдын ишинде катачылык же коррупциялык аракеттер барбы?

Сейталиев: Буга чейин аябай эл көп мыйзам бузуулар болуп келген. Аны элдин баары билет. Бир адам бир фирма ача коюп, айдоочусуна, катчысына каттатып, лицензия алып жүрүшкөн. Андай фактылар толтура, эл арасында ошол кездеги жемкорлук боюнча айтылып жүргөн сөздөрдүн баары чын. Азыр да ар кандай сөздөр чыгып жатат. Бирок так далилдер болбогондон кийин тигини, муну айыптуу деп айтыш кыйын.

Инвесторлорду түз ободон кубалашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

XS
SM
MD
LG