Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

КУУ кызматкерлери президентке кайрылышты


Кыргыз улуттук университетинин айрым кызматкерлери окуу жайдын абалына көңүл бурууну, жетекчилигине чара көрүүнү сурап президентке, өкмөткө кайрылышты.

Алар мындай кайрылууну университеттин ректору коррупция, жөнү жок акча чогултуулар көбөйүп, тууганчылык күчөдү деп негиздешти. Окуу жайдын жетекчилиги мындай дооматты четке кагып жатат.

Кызматкерлердин дооматы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин онго чукул кызматкери 11-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, коррупция тыйылбай жатканын, иштебей туруп айлык алган кызматкерлер көбөйгөнүн, кадр тандоодо билимге эмес, тууганчылыкка артыкчылык берилип, окуу жайдын аброю түшкөнүн, билим сапаты начарлаганын айтышты. Жыйындын катышуучулары окуу жайдагы абал үчүн ректор Канат Садыковду күнөөлөп, көңүл буруп, чара көрүү өтүнүчү менен президентке, өкмөткө кайрылышты.

Профессор, философия кафедрасынын мурдагы башчысы Абдимталип Айтбаев буларды белгиледи:

- Билим берүүдөгү коррупциянын парадан башка өзгөчө түрү бар. Кээ бир окутуучулар арасында сабакты өткөн болуп, коомчулукту алдап айлык алып жүргөндөр бар. Айрымдар стандарттарды одоно бузуп, иш-программалары, даяр лекциялары жок иштеп жүргөнү такталган. Бул системалуу коррупцияны мен көтөрүп чыгып, ректордун буйругу менен комиссия түзүлүп, ал факт такталган. Канат Садыков кызматтык милдетин талабына ылайык чара көрбөстөн такталган фактыны жабуу максатында проректор Аманалиев, декан Камчыбек уулу Мырзабек баш болуп маселени интригага айлантты. Аларды коргоп, студенттерден сабак нормалдуу өткөн деп кол топтоп бири бирибиз менен уруштуруп, акыры мени кызматтан алып тынышты.

Ушул эле маалымат жыйында экономика кафедрасынын доценти Клара Сулайманова Садыковду "Жээнбековдун агасы каза болгондо жамааттан акча жыйнаган, иш сапарларына да акча чогултат" деп айыптады.

- Канат Садыковдун келиши менен жөнсүз акча чогултуулар жоюлат го деп үмүттөнгөнбүз. Москвада өрттөн каза болгондорго же учак кулаган айылга жардам көрсөтүү үчүн бир күндүк айлыгыбызды бөлгөнгө каршы эмеспиз. Бирок ректордун Ошко сапарына, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун агасы кайтыш болгондо акча чогултканыбызга түшүнбөйм. Мында айлыгы өтө эле аз менеджерлерден да чогулткан.

Кызматкерлер ошондой эле окуу жайда Эмгек кодексинин талаптары сакталбай жатканын, бир кафедрада айрымдардын кызы, келини, энеси иштеген учурлар кездешкенин айтышты. Мындай айыптоолорду дин таануу жана теология кафедрасынын башчысы Толкун Өмүрова иштен кыскарган адамдардын ызасы менен көрө-албастыгы катары баалады:

- Менин кафедрамда кызым иштегени чын. Ал докторлукка чыгат жакында. Менин келиним саясат таануу кафедрасында болчу, азыр академияга кеткен. Былтыр саясат таануу кафедрасы жоюлуп калгандан кийин баары жумушсуз калды. Алардын баарына философия кафедрасы саатынын болушунча, жетишинче берилди. Балам ошол жакта иштечү, анын диссертациялык темасы дин менен байланышкандыктан мен саат берип койдум. Балам ушул жыл эле иштейт.

Дооматтар текшерилет

КУУнун проректору Урмат Аманалиев кызматкерлердин дооматтарын төгүндөп, бир кафедрада жакын туугандар иштейт деген арызды прокурорлор буга чейин да иликтеп, эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес деп билдирди.

- Бул маселелер боюнча мурда деле текшерилип келген. Кафедра башчысы болуп иштеп жатканда мугалим болуп иштебеш керек деген эреже жок экен. Бул тууралуу прокуратура, министрлик да текшерген. Дин таануу кафедрасы өзүнчө бөлүнүп чыкты, ага адистиги боюнча тиешелүү болгон адистер кызматка алынды. Ал эми лекция өтпөй туруп айлык алган мугалимдер жок. Балким бүгүн маалымат жыйын өткөргөндөр өздөрү кафедра башчысы болуп турганда ушуну жаап-жашырып койгондур. Эми алардын баарын карап чыгабыз.

Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлер тобунун коомчулукка жарыялаган дооматтарына окуу жайдын ректору Канат Садыков жооп кайтарууну каалаган жок. Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков Жусуп Улуттук университетинде өткөн 27-майдагы ректор шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болуп, анын негизинде өкмөт тарабынан бекитилген.

Анын ордунда иштеп келген ректор Чынара Адамкулованын ишмердиги да кескин сынга кабылып, каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Жалпысынан 2010-жылдан бери Улуттук университетте бир нече жетекчи алмашты. Кыргыз Улуттук университетинде буга чейинки ректор шайлоолор чуу менен коштолуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG