Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Билим фестивалы: табиятты сүйө бил


Үчүнчү Билим фестивалы экология маселелерине арналды, 24-апрель, 2015-жыл
Үчүнчү Билим фестивалы экология маселелерине арналды, 24-апрель, 2015-жыл

​Бишкекте “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштурган Билим фестивалы башталды.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан иш-чара экологиялык билим, тарбия берүүгө багытталып, жаштарды айлана-чөйрөгө этият мамиле кылууга, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

​Таластын тургуну Гүлжан Жээналиева фестивалга сырттан көз салып, ар бир көргөзмөгө кызыгуу менен карап жаткан экен.

- Мага фестивал аябай жакты. Таптакыр кереги жоктой сезилген буюмдардан сонун нерселерди жасаса болорун көрүп атам. Курчап турган дүйнөбүз таза болсо өзүбүздүн сезим, деңгээлибиз да ачылып, көтөрүлөт экен. Ушунун баарын жаштарга жеткире алсак жакшы болот. Көбүнө үлгү болот деп ойлойм.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштурган Билим фестивалы Бишкектеги Кыргыз улуттук айыл чарба университетинде ачылды. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, президенттин жубайы Раиса Атамбаева катышып, жаштарды, шаар тургундары менен конокторун экологияны коргоого, шаар тазалыгын сактоого үндөштү.

Билим фестивалынын ачылыш аземинде. Роза Отунбаева, Раиса Атамбаева, Кубанычбек Кулматов
Билим фестивалынын ачылыш аземинде. Роза Отунбаева, Раиса Атамбаева, Кубанычбек Кулматов

Үчүнчү жолу өтүп жаткан фестивал экологияга жана экологиялык билим берүүгө багытталган. Анын максаты - балдарды жана жаштарды айлана-чөйрөгө этият мамиле кылууга, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга, экологиялык маданият, тазалыкка үйрөнүүгө тарбиялоо.

Иш-чаранын маани-маңызы туурасында аталган эл аралык фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева айтып берди:

- Өзүбүз жашаган айлана-чөйрөнү коргоого багытталган жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданиятты калыптандыруу максатында иш-чара башталып жатат. "Бул менин маселем же бул мага тиешеси жок" дебей, кайдыгер карабай, баарыбыз көтөрүлүп келсек көп маселе чечилет деп ойлойм.

Фестивал алкагында шаардыктардын экологиялык аң-сезимин жана жүрүм-турумун ойготуу деген темада талкуу өттү. Анда экс-президент Роза Отунбаева шаарда жашыл аймактар, сейил бактар кыскарып баратканын, окуучуларга экологияны коргоо боюнча практикалык сабактардын дээрлик жоктугун белгиледи. Ошондуктан мектептерде экологиялык олимпиада өткөрүүнү сунуштады. Анын белгилешинче, четтен келген туристтердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жапайы жаратылышын көрүүгө кызыкдар.

Кыздар куурчак жасоону үйрөнүүдө
Кыздар куурчак жасоону үйрөнүүдө

- Бишкектин борбордук аянтында фонтан, карагайлар турат. Ошонун ордуна шаардыктар, коноктор эс алып отура турган, көлөкө бере турган тал-терек өстүрсөк жакшы болмок. Бул биздин өлкөнүн, аймактын өзгөчөлүгү болуп калмак. Азыр баары эле арча-карагайга басым жасап, модага айланды. Көп өлкөлөрдө өтө көңүл буруп, маани берип жатса биздин ботаникалык бактын абалы эмне болду?

Көрүнгөн жерге асфальт төшөгөнгө жаман көндүк. Муну башка материалдар менен алмаштырууга өтөлү. Балдарды экскурсияга алып чыгуу практикасы жок. Алар Жылуулук борборлорго, таштанды төккөн жайларга барабы? Бул тажрыйба чет жакта жаштардын аң-сезимин ойготуу үчүн активдүү колдонулуп келет. Бизде олимпиадалар аз. Экология темасында өзүнчө олимпиада уюштуруп, ушул темага басым жасайлы.

Ал эми Агрардык университетинин кызматкери, фестивалдын координатору Аматов Шарабидин айлана-чөйрөнү коргоо багытында алгач улуулар үлгү болушу зарылдыгын белгиледи.

- Негизги жоопкерчилик жаштарда эмес, улууларда. Себеби экологиялык тарбияны биз берсек, жаштар ошону аткарат. Алардын потенциалы чоң, көрсөткөн нерсени тартып кеткенге мүмкүнчүлүктөрү бар.

Билим фестивалындагы көргөзмө, экологиялык таза азык-түлүктөн жасалган тамак-аштар
Билим фестивалындагы көргөзмө, экологиялык таза азык-түлүктөн жасалган тамак-аштар

Фестивалдын алкагында кантип гүлдү туура өстүрүү керек, экологиялык таза азык-түлүктөн жасалган тамак-аштар, кийимдер, таштандыны кайра иштетүү жана башкалар боюнча көргөзмө, мастер-класстар өтүүдө.

Билим берүү фестивалы эки күнгө созулат. 25-апрелде Бишкектин Эски аянтында уланып, Эмен багында, балдардын "Сейтек" борборунда, Ала-Тоо аянтында жана бир катар театрларда өткөрүлөт.

Былтыр фестивал “Терең билим – кенен келечек” деген ураан менен өтүп, анда өлкөдөгү инженердик, кесиптик-техникалык жана маалыматтык-коммуникациялык технология жаатындагы билим берүүгө арналган болчу.

XS
SM
MD
LG