Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Мектеп түйшүгү: капчыкка жараша камылга


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл мектепке барчу окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге жакын экени маалым болду.

Аларды мектепке даярдоо кыйла каражатты талап кылары белгилүү. Балдардын мектепке даярдыгы канча турат? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул теманы талкуулайбыз.

Баткенде бир баланы ортозаар даярдыгы үчүн 6 миң сомдон ашык каражат сарпталат. Ушу күндөрү балдарын мектепке даярдоо үчүн өрүк менен мал-жандыгын базарга алып чыккандар баа арзандап кеткенине капа болушууда. Жыл сайын ушундай эле түйшүк менен алектене бербей бирдиктүү формага өтсөк болот эле дегендер да бар.

Ал эми Ысык-Көлдө мектепке даярдык ата-энелердин чөнтөгүнө жараша болуп жатат. Жайкы каникулда убактылуу жумушта иштеп, өз муктаждыктарын чечип жаткан өспүрүмдөр да бар.

Нарында акыркы жылдары жону жука үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке даярдоого кайрымдуулук фонддор жардам берип жатат. Алар ар бир балага окуу куралын жана мектеп формасын алып беришүүдө.

Ал эми Жалал-Абадда жергиликтүү түрк ишкери жакыр үй-бүлөдө жашаган 120 баланы өз камкордугуна алды. Жаңы окуу жылынын алдында алардын ата-энелери менен жолугуп, мектепке даярдык көрүүгө ар бирине 3 миң сомдон акчалай жардам берди.

Ошто базарларда кийим саткандардын соодасы кызып турган учур. Айрыкча Кара-Суу базарында кишинин көптүгүнөн бут коёрго жер жок.

"Азаттыктын" апта түрмөгүн ушул жерден уга аласыз.

Мектепке даярдык арзан эмес (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:50 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG