Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Оор жумушта иштеген балдар азайды


Талаада кулпунай жыйнаган балдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Талаада кулпунай жыйнаган балдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Жайкы каникул башталаары менен түрдүү жумушта иштеген балдар көбөйдү.

Адатта талаада же базарларда иштеген балдар быйыл эл көп баруучу эс алуучу жайларда, ашканаларда да иштеп жатышат.

Аравандагы эс алуучу жайлардын биринде иштеген 14 жаштагы Эрлан иштеп тапкан акчасына мектепке кийим-кече жана окуу куралдарын алаарын айтты:

«Тогузунчу классты бүттүм. Төрт жылдан бери ушул жерде иштейм. Кайыктарды, велосипеддерди, алыстан башкарылчу машинелерди ижарага берип иштейм. Үйдөгүлөр каршы эмес, апам «окуу жылына өзүң кийим кыл» деп айткан. Күн сайын түрдүүчө акча түшөт, атама берем. Өзүмө керектүү нерсе болсо сатып алам, былтыр 10 миң сомго телефон алгам. Быйыл кийим-кече алам го».

Ысыктын күчү 40 градустан ашып жаткан Ошто аптаптан качып, суу боюна салкындап келген адамдар күн өткөн сайын көбөйүп жатканын айткан Эрлан сезондо жакшы эле акча иштеп табам деген үмүттө.

Ал эми дагы бир мектеп окуучусу Самандар Өзгөндүн Куршаб айылында самсаканада иштейт. Ал 12 гана жашта болсо да, күн сайын 150-200 сомдон акча табат.

«Пияз аарчыйм, камыр тоголоктоп, даярдап берем, - дейт ал. - Башка майда-барат иштерге жумшаса аны да жасайм. Менден эки-үч жаш улуу балдар да иштешет. Алар көбүнчө фарш туурап, камыр жасашат, самса түйүп, аны жабышат. Мен да телефон алгам, кээде Интернетте ойногонго жумшайм. Мага плейстейшнди да «карап тур» деп таштап кетишет. Ал үчүн 150 сом беришет. Самсаканада жакшы тапкан күндөрү 300 сомго чейин алам. Акчаны апама берем, ал бизге мектепке кийим-кече, окуу куралдарын сатып берет».

Самандар үйдө төрт бир туугандын кичүүсү. Атасы Орусияда миграцияда. Апасы үйдө балдарды тарбиялайт.

Мурунку убактарда талаадан гавар, зире, жапайы бадам терип, үй-бүлөлүк бюджетке аз да болсо салым кошууну каалаган балдар көп эле. Мындан тышкары талаада башка бирөөлөргө жалданып иштеген балдар да четтен чыкчу, бирок азыр антип иштеген балдар азайды. Кара-Суу районунун тургуну, социалдык педагог Элмира Алматова «Азаттыкка» бул туурасында мындай маалымат берди:

Азыр бирөөнүн талаасына барып акчага иштеген балдар азайды.

«Мен көп жылдардан бери мектепте иштегендиктен, балдардын иштегенин, алардын кантип, кайда, кандай жол менен акча табууга аракеттенип жатышканын байкап келем. Мурунку жылдары жалданып иштеген балдар көп эле. Азыр бирөөнүн талаасына барып акчага иштеген балдар азайды. Жок десек да болот. Дыйкандар да балдарга ишенбей, көбүнчө Өзбекстандан келген жумушчуларды иштетип жатышат. Себеби алар чоң кишилер, таза, так иштешет, акчасы да кымбат эмес. Экинчиден, миграция себеп болду окшойт. Ата-энелери миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдүн балдары иштешпейт. Көбүнчө үйлөрүндөгү иштер менен эле алек болбосо, көбүнчө бош. Кокон гилас бышканда терип берип акча табышат. Былтыр гилас көп болуп, 1 килограммын 5 сомдон теришкен, быйыл балдар күчүн эки эсе кымбат баалашты».

Соцпедагогдун айтымында, азыр деле ата-энесине жардам берип, атасы менен курулушта, топурактан кыш куюп же башка иш кылган балдар да бар.

Дүйнөлүк практикада балдардын эмгеги арзан күч болуп эсептелет. Ошто деле талаага күнүмдүк жумушка жалданып иштеген балдарга чоңдорго караганда эки эсе аз акы төлөнгөн учурлар бар. Муну иш берүүчүлөр «баланын иши чала» деген түшүнүк деген чечмелешет.

Мындан тышкары балдарды же өспүрүмдөрдү иштеткен ишкерлер алардын укугу, коопсуздугу жана башкасы үчүн кепилдик бербейт. Көбүнчө иштеген балдар эмгеги үчүн акча гана алышпаса, башка эч кандай жеңилдиктер же кепилдиктер жок. Мисалы, Оштун айрым аймактарында ишкерлер атайын машине жалдап, ага жаш балдар-кыздарды салып, башка бир аймактарга гавар тергени алып барышат. Балдар ишкер менен оозеки түзүлгөн келишим боюнча, жыйнаган гавар мөмөсүнүн салмагына жараша акысын алышат. Айрым ишкерлер аларды түшкү тамак менен камсыз кылса, көбүнчө тамак да балдардын өз эсебинде. Андайда термоско чай, баштыкка нан, жумуртка жана башка азык салып, аларды асынган рюкзагына салып алышат.

Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева жумуш берүүчүлөр балдарды иштетүүдө алар менен эмгек келишимин түзбөсө да, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүүгө тийиш экенин эскертти:

Гүлзина Раева.
Гүлзина Раева.

«Мыйзамда бизде балдардын күчүн пайдаланууга уруксат жок. Бирок биз балдарды «иштебегиле» деп тыя да албайбыз. Балдар көбүнчө машине жуушат, автоунаа оңдогон жерлерде туугандарына жардам беришет, үйүндөгү мөмө-чөмөсүн үзүп келип шаарда саткандары бар. Талаада ата-энелерине көмөктөшөт. Машине оңдогон устаканаларда, ашканаларда жеңил иштерге тартылган балдар бар. Алар эми акча таап, ата-энесине аз да болсо жардам берсек деген ниетте жүрүшөт да. Биз балдар иштеген жерлерди көзөмөлдөп турабыз, алардын укуктары бузулушуна жол бербейбиз. Мисалы, машине оңдогон жерлердеги балдардын коопсуздугу сакталышын талап кылып келебиз».

Оштогу жергиликтүү бийликте каникул учурунда эмгек акы үчүн иштеген балдардын саны тууралуу маалымат жок. Байкоочулар акыркы жылдары балдар мурункудай оор иштерде иштебей калышканын айтышууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG