Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Энергетикалык каатчылыктан чыгуу жолдору изделүүдө


Кыргызстандын жаңы өкмөтү энергетикадагы каатчылыктан чыгуунун жаңы жолдорун сунуштоодо. Коомчулуктун талкуусуна коюлуп жаткан токтомдун долбооруна ылайык, электр энергиясынын көлөмүн эртең менен жана кечкисин кыскартуу каралган.

Лимиттен ашкан ири мекемелердин жарыктары өчүрүлөт. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөткө энергетикадагы каатчылыктан чыгуу үчүн насыя болсо да каражат табуу тапшырмасын берди. Быйылкы кыш Кыргызстан энергетикасынын өксүктөрүн ачыкка чыгарды.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Акылбек Түмөнбаевдин белгилешинче, энергетикадагы каатчылык негизинен Бишкек жана Ош шаарында катталууда. Бул электр энергиясын ашыкча пайдалануудан келип чыгууда.

Жаңы конушта жашаган балдар
Жаңы конушта жашаган балдар
Мисалы, Бишкек шаары суткасына 10 млн. кВт саатка жакын колдонушу керек болсо, учурда пайдаланылган электр кубатынын көлөмү дээрлик 4 млн. кВт саатка ашыкча болууда.

Эми өкмөт энергетикадагы каатчылыктан чыгуунун жаңы жолдорун сунуштоодо. Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ченемден ашыкча колдонгон мекемелердин жарыктары өчүрүлөт.

- Бизде 300дөн ашуун сауна бар. Ошолордун бардыгы 15 же 50 кВт колдонобуз деп айткан болсо, азыр алар 15, 30, 50нүн ордуна 80 колдонуп жатат. Эгер ошолор лимиттен өтүп кеткен болсо, аларды өчүрүшүбүз керек. Чоң кафе, ресторандар бар. Алар деле көрсөтүлгөн көлөмдөн эки эсе көп электр энергиясын колдонуп жатышат. Ошолордун бардыгына экспертиза жүргүзүшүбүз керек. Эң негизги максат – элибиз маанайы бузулбай, жаңы жыл тосушу керек. Кийинки жылга немис банкынан чоң көлөмдө каражат алып жатабыз. Миң чакырымдын тегерегинде кабель болсо, анын 100 чакырымын алмаштырышыбыз керек.

Ал эми парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясы энергетикалык каатчылыктын себептери боюнча өкмөттүн жүйөлөрүнө макул эмес экенин билдирип чыгышкан. Алар энергетикалык коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайлар катары тармактагы шалаакылыкты жана ашынган коррупцияны мисал келтиришкен болчу. Алардын айтымында, электр жабдууларын жаңылоого бөлүнгөн каражаттын дайыны белгисиз.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Раимкул Мамыров бул тармакта даярдык начар болгонун, эми болсо электр энергиясын пайдаланууну оптималдаштыруу зарылдыгын белгилөөдө. Ал үчүн азыркы мүмкүнчүлүктөрдү тез арада эсептеп чыгыш керек.

- Азыр электр энергиясын пайдаланууну оптималдаштыруу керек. Жаңы линия куруп, же жаңы трансформаторлорду койгонго мүмкүнчүлүк да, убакыт да жок. Ошондуктан азыркы мүмкүнчүлүктөрдү эсептеп чыгып, ошого жараша электр энергиясын пайдаланыш керек. Балким кээ бир жерлерди убактылуу өчүргөнгө туура келет. Кыш дагы эки айга созулат. Ага чейин ушундай боло берсе, анда такыр башкача жагдайлар болуп кетиши мүмкүн.

Кыргызстанда энергетикалык авариялар жана өчүрүүлөр өткөн апта соңунан бери катталууда. Борбор калаанын үч-төрт күн бою электр жарыгысыз, газсыз калган тургундары шаар көчөлөрүн тосуп, тез арада электр энергиясы берилишин талап кылышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөткө энергетикадагы каатчылыктан чыгуу үчүн насыя болсо да каражат табуу тапшырмасын берди.

- Өлкөдө энергетикалык коопсуздукту камсыз кылыш керек. Эмдиги жылы "Датка-Кемин" линиясы тез арада курула башталышы керек. Ага удаа трансформаторлорду, эскирген электр зымдарын алмаштырып, азыркыдай күндөп-түндөп электр жарыгысыз калтырууга жол бербеш керек. Бул маселени чечүү үчүн канча каражат керек болсо да тапкыла, керек болсо кредит алгыла. Кытай ошондой кредит бергенге даяр. Тышкы карыз көбөйөт деп элибизди жарыксыз, караңгы үйлөргө камап, суукка тоңдуруп өлтүрөбүзбү? Же, мисалы, "Центерранын" акцияларын, башка мамлекеттин активдерин ушундайда колдонбосок, качан колдонобуз?

2008-жылы Токтогул каскадындагы суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясы чектөө киргизилген болчу.

Айрым эксперттер энергетикалык каатчылыктан чыгуу жолдорун иштеп чыгып, алдын алуучу республикалык штаб түзүү демилгесин көтөрүүдө.

XS
SM
MD
LG