Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:24

Президент Алмазбек Атамбаевдин Брюсселдеги Евробиримдиктин жетекчилиги жана Бельгиянын королу менен жолугушуулары жыйынтыкталды.

Президентти коштоп жүргөн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев анда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге “Борбор Азиядагы уникалдуу демократиянын архитектору” деген жогорку баа берилгенин билдирди.

Саясат таануучулар муну бийликти мыйзамдуу жол менен тапшырууну убада кылган президентке көргөзүлгөн дипломатиялык ишарат катары баалашууда.

Евробиримдик “суктанган” Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаевдин Брюсселдеги Евробиримдиктин жетекчилери Дональд Туск жана Жан-Клод Юнкер менен жолугушуулары жыйынтыкталды.

Жолугушуулардын биринде Евробиримдиктин жетекчилери Кыргызстанда күздө өтө турган президенттик шайлоого кызыгып, болочоктогу мамлекет башчысы ким болорун сурашкан. Президент Алмазбек Атамбаев кийинки президент ким болорун билбестигин айтып, "алдыдагы шайлоо чыныгы саясий атаандаштыкта өтөт” деп жооп берген.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Евробиримдиктин жетекчилиги президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө демократиясына кошкон салымын жогору баалаганын айтты:

- Дональд Туск менен Жан-Клод Юнкердин биздин президент менен жолугушуу учурунда айткан кээ бир сөздөрүн түзмө-түз мисал келтирсем. Алар “президент Алмазбек Атамбаев Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү демократиянын архитектору” деп айтышты. Ошентип, алар президенттин Кыргыз Республикасындагы демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымын абдан жогору баалашты.

Евробиримдик Атамбаевдин "мураскерин" сурады

Президент Алмазбек Атамбаевдин Евробиримдиктин лидерлери менен Брюсселдеги жолугушуусунда Кыргызстандагы быйылкы президенттик шайлоо маселеси көтөрүлдү.

Анткен менен Атамбаевдин Брюсселге иш сапарын айрым коомчулук өкүлдөрү анын саясий колдоо издөө аракети катары баалашууда. Ал эми Евробиримдиктин президент Алмазбек Атамбаевге берген жогору баасын Борбор Азия чөлкөмүндөгү коңшулардан айырмаланган Кыргызстандагы көп жылдан берки демократиялык жараяндын жыйынтыгы менен байланыштыргандар болду.

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов муну бийлигин тапшырганы жаткан президентке көргөзүлгөн дипломатиялык гана ишарат деп мүнөздөдү:

- Муну бир жагынан Кыргызстанда эки ирет элдик толкундоонун негизинде болуп өткөн бийлик алмашуунун жыйынтыгында азыр бир дагы президент ыйгарым укугун узартып кала бергенге же болбосо тактыны уулуна калтырганга таптакыр жол жок болуп калган жагдай менен байланыштырсак болот. Ошондуктан Атамбаев баары бир бийликтен кетет, ошол үчүн аны далысынан таптап, жылуу сөздөрдү айтып, “жакшы бар” деп узатып жаткан гана ишарат катары түшүнүшүбүз керек.

Ошол эле кезде Кыргызстандын президент Алмазбек Атамбаевдин Евробиримдиктин жетекчилери менен жолугушуу учурунда Кыргызстанга саясий жактан гана эмес, каржылык колдоо дагы көбөйтүлө турганы белгилүү болду. Ошондой эле жолугушууларда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу байланыштарды күчөтүү маселеси көтөрүлгөн.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов жакын арада көргөзүлө турган каржылык колдоо тууралуу буларга токтолду:

- Бул иш сапардын алкагында эки чоң каржылык документке кол коюлду. Биринчиси - Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн колдоо реформасын улантуу боюнча 13 миллион евролук долбоор. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында берилген 10 миллион евролук гранттык долбоор. Бул долбоор даректүү түрдө Жалал-Абад облусундагы "Таза суу" программасын ишке ашырууга жумшалат. Президент Алмазбек Атамбаев мына ушундай эле долбоорлорду башка облустарда да жайылтуу сунушун киргизди.

Дымып турган саясий туңгуюк

Бирок саясат талдоочулар президенттик шайлоого байланыштуу соңку мезгилдеги бийлик менен оппозиция ортосундагы саясий тирештин күч алышы кырдаалды туруксуздукка алып келбейби деген кооптонуу турганын белгилешүүдө. Ошол эле кезде кырдаалды жөнгө салып, тирешкен тараптарды жайгара турган саясий механизмдер канткенде иштейт деген дагы маселе турат. Евробиримдиктин акыйкат шайлоо өткөрүү шарты менен кыргыз бийлигине жасаган колдоосу өлкөдөгү жалпы абалга таасир эте алабы деген суроо дагы кабыргасынан коюлууда.

Марат Кайыпов бул багытта өлкө азыр саясий туңгуюкта турат деп мүнөздөдү:

- Евробиримдик “каржылык жардам көргөзөбүз, саясий колдоо болот” деп биздин бийликке айтып коюшу мүмкүн. Бирок Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал улам тереңдеп бара жатканын алар деле байкап турушат. Абал азырынча дымып турганы менен оорлошуп баратат. Анткени Атамбаев буга чейин эле саясий атаандаштарын абакка каматып, соттотуп келген болсо, президенттик шайлоонун астында бул жагдай дагы курчушу мүмкүн. Себеби президенттик шайлоонун астында анын саясий каршылаштары жөн эле карап турушпайт да. Тымызын жана ачык күчтөр азыр чыгабыз деп ылайыктуу учурду гана күтүп турушат. Анан калса биздеги саясий кырдаалга сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүн эч качан жокко чыгарууга болбойт.

Бул арада укук коргоочулар Евробиримдик президент Алмазбек Атамбаевди “демократиянын архитектору” деп мактаган учурда Кыргызстанда анын саясий атаандаштарына каршы куугунтук күчөгөнүн белгилешүүдө. Буга соңку мезгилде президент Алмазбек Атамбаевге акаарат айтып, аны чуулгандуу коррупциялык иштерге айыптаган парламенттеги оппозициянын курч өкүлдөрү мурдагы баш прокурор Аида Салянова менен Мамкаттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иштерин мисал келтиришти.

Буга чейин бир топ оппозиция өкүлдөрү да саясий себептер менен кармалып, “мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген сыяктуу оор айыптоого кириптер болуп, азыр камакта отурушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG