Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Үй-бүлөдөгү чыр үч адамдын өмүрүн алды


18-сентябрда таң эртелей Бишкектин ортосундагы Ахунбаев көчөсүндө тапанча көтөрүп ары-бери чуркаган милициялар элдин үрөйүн учурду.

Ушул көчөдөгү Энергетика министрлигинин имаратында бир адам атып өлтүрүлгөнү, андан көп алыс эмес жерде дагы эки адамдын сөөгү табылганы маалым болду.

Тартип коргоо органдарынын алдын ала божомолу боюнча үч адамдын өмүрү кыйылган бул кандуу окуя үй-бүлөлүк чырдан тутанган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нургүл Нусупованын “Азаттыкка” маалымдашынча, 18-сентябрда эртең мененки 8:45тер чамасында белгисиз адам белгисиз аялды атканы тууралуу Биринчи май райондук милицияга кабар түшкөн:

- Ошол эле күнү саат 9 чамасында Ахунбаев көчөсүндө, башка эле даректе, Энергетика министрлигинде ок атылганы тууралуу кабар келген. Бишкектин 52 жаштагы тургуну 16 калибрлүү мергенчи мылтык менен 57 жаштагы ушул министрликтин кызматкерин аткан. Ал адам ошол жерден көз жумган. Ок чыгарган адам Ахунбаев көчөсүндө “Империя-Пицца” кафесинин артынан бир нече ок чыгарып, 47 жаштагы аялын өлтүргөн. Аял ошол жерден көз жумган. Божомол боюнча ал киши андан кийин өзүн өзү аткан.

Бул окуя тууралуу кабар ар кандай тарап кетти. Айрым маалымат каражаттары "министрликтин кызматкери менен ок чыгарган адамдын жубайы экөө ынак мамиледе болгон, окуя кызганычтан тутанган", - деп да жазып жиберди.

Шаардык милициянын маалымат катчысы Нургүл Нусупова мындай версияны четке какты. Алдын ала маалымат боюнча, кандуу окуя үй-бүлөлүк чырдан тутанган:

- Бул эки адамдын ортосунда эч кандай жакындык болгон эмес. Экөө көңүлдөш экен деген маалымат четке кагылат. Анткени жубайлардын ортосунда үй-бүлөлүк чыр болуп жүрүптүр. Эки күн мурун соттун чечими менен ажырашкан экен. Берки атылган адам ошол сотто күбө болуптур. Анткени бул үч адам бирге иштечү экен.

Азыр бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп, тергеп-иликтөө башталды.

Энергетика министрлиги кандуу окуяга кабылган кызматкерлери боюнча расмий комментарий берүүдөн азырынча баш тартып жатат.

Милициядан алынган маалыматка ылайык, шаарда бычак, мылтык-тапанча өңдүү курал колдонуу боюнча быйыл сегиз айда 10 факт катталды. Анда жүздөй адамдын өмүрү кыйылды. Былтыркы статистика деле ушундай эле болгон экен.

XS
SM
MD
LG