Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Бюджетти толтуруунун жаңы аргасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт салык, бажы жыйымын жана социалдык төлөмдөрдү натыйжалуу чогултууну күчөтүүнү талап кылды.

Көмүскө экономиканын өзөгүн түзгөн, эсепке алынбаган жана аткезчилик жол менен кирген товарлардын агымын аныкташ үчүн бажы жана салык органдары онлайн видео көзөмөл жабдуу орнотуп, салык төлөөнү электрондук форматка өткөрүү боюнча жаңы фискалдык саясатты ишке ашыра башташты. Эксперттер болсо күңүрт коррупциялык чийимдердеги адам фактору толук жокко чыкмайынча мындай иш-аракеттерден натыйжа чыгарынан күмөн санап жатышат. Буга чейин айрым өкмөт мүчөлөрү салык чогултуу начарлап, бюджет толбой жаткандыктан пенсия жана жөлөк пул сыяктуу социалдык милдеттенмелерди аткарууда тартыштык болорун айтышкан. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындай божомолдорду четке кагып, социалдык маселелерди чечкенге бардык каражаттар жумшала турганын билдирген.

Бажынын иши байкоого алынат

Мамлекеттик бажы кызматынын өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында мониторинг жүргүзүш үчүн маалыматтарды онлайн берүү аркылуу видеокөзөмөлдөө тутуму киргизиле баштады. Бул иш-чара бажы тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жана товарлардын аткезчилик менен алып өтүүнү ооздуктоо боюнча өкмөттүн тапшырмасы менен аткарылып жатканы жарыяланды. Товарларды бажы көзөмөлүнөн өткөрүү боюнча тогуз бажы тариздөө жайы онлайн түрүндөгү үндү кошо жазуучу видео түзмөктөр менен камсыздалып, калган төртөөндө ошондой техникалык жабдуу орнотулуп жатканы кабарланды. Мындан сырткары «Эркечтам», «Кызыл-Кыя», «Кызыл-Бел», «Торугарт», «Кайрагач», «Жалал-Абад» жана «Шамалдысай» сыяктуу тогуз бажы өткөрмөсүндө товарларды каттоо маалыматтары электрондук түрдө берилип, бажы көзөмөлү видео менен түз алып көрсөтүлө турган болду.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов бүгүнкү күнгө карата заманбап үлгүдөгү беш жүздөй видео камера борбордук серверге түз кошулганын айтты:

- Бажы кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун арттырууга, ошондой эле бажы тутумунда коррупциялык коркунучтарды төмөндөтүүгө көмөктөшүүчү реалдуу убакыт боюнча иштей турган видео көзөмөл түзмөктөрүн орнотуп, ишке киргизүүнү быйыл 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүү жагы пландалды. 2015-жылдын 31-мартындагы Евразия Экономикалык Биримдигине кошулуу процессинин алкагында техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча бүгүнкү карата 472 видео көзөмөл жабдууларын орнотуу иштери аяктады.

Салык тармагын тартипке салуу

Мындан сырткары Мамлекеттик салык кызматы салык чогултууну жакшыртуу, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана салык салуудагы көмүскө схемаларды аныкташ үчүн электрондук документ жүгүртүүгө өтүп жатканын жарыялады. Бул жерде салык жашырган же салык төлөөдөн качкан мыйзамсыз ишкердикти ооздуктоо, чек арадан эсепке алынбаган товарлардын агымын көзөмөлдөө жана салык төлөтүү боюнча механизмдер иштелип чыкканы айтылды.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз өкүлү Эркин Сазыков салык тутумундагы жаңы башталыштар тууралуу мындай дейт:

Эркин Сазыков.
Эркин Сазыков.

- Салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 44 миң 360 адамга көбөйгөн жана быйылкы 1-октябрга карата 146 миң 71 колдонуучуну түздү. Анын ичинде 136 миң 58 салык төлөөчү отчётторун жөнөкөй электрондук кол тамгасы менен, ал эми 3 миң 257 «салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервиси аркылуу, квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшырат. Мындан тышкары, сервис операторлору аркылуу импортёрлор менен экспортёрлор салык отчётторун тапшырууда. Эсеп-фактуралар да электрондук түрдө жүргүзүлө турган болду. Соода жана кызмат көрсөтүү жайларында көзөмөл-кассалык аппаратарды иштетүү боюнча да эксперименталдык долбоор иштеп жатат. Салык төлөө отчётторун жана салык салуу документтерин электрондук түрдө жүргүзүү салык жашырууга байланыштуу көрүнүштөрдүн бетин ачууга шарт түзөт. Ошондой эле биздин салыкчылар менен Финансы полициясынын кызматкерлеринен турган көчмө топтор чек арадагы товарлардын агымына байкоо жүргүзөт. Анда салмак-өлчөмдү аныктоочу таразалар да коюлду. Бул эсепке алынбаган товарлардын киришин жана андан кошумча нарк салыгын алууда мурда болуп келген кыйынчылыктарды жөнгө салууга өбөлгө түзөт.

«Идея жакшы, бирок ишеним аз»

Анткен менен айрым эркин эксперттер өкмөттүн мындай иш-аракеттерин колдоого алганы менен мындай электрондук негиздеги фискалдык саясат жүргүзүүдөн жыйынтык чыгарына ишенишпейт. Эркин экономист Мейманбек Абдылдаев бул жерде салык жана бажы тармагындагы коррупциялык чийимдердин тамыры кыркылмайынча салык жана бажы жыйымдарын чогултуу жетишерлик натыйжа бербей турганын белгиледи:

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

- Эң негизги адам фактору деген бар. Ошол адам факторунун таасири жоюлмайынча бажы менен салык тармагындагы күңүрт коррупциялык чийимдерден кутулуу кыйын. Ошондуктан бул иш-аракеттер азырынча кандайдыр натыйжа бербейт. Бул мүшкүлдүн өтө терең себептери бар. Ошондуктан видео көзөмөл орнотуп, электрондук документ жүгүртүү менен эле аларды чечип салуу кыйын. Техникалык жабдуунун көзөмөлү ошол эле аткаминерлердин колунда турганда, алар бюджетти айланып өткөн «акча жасоонун» улам бир жаңы амалдарын ойлоп таба беришет. Ошондуктан бул фискалдык органдарды түп-тамырынан бери колу таза эмес аткаминерлерден тазалай турган башкаруу тутумун иштеп чыга турган саясий эрк болушу зарыл. Бул ишке ашмайынча мындан кандайдыр бир майнап чыгарынан күмөнүм бар.

Пенсия, жөлөкпул төлөөдө коркунуч барбы?

Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы мекеме-ишканалардан социалдык төлөмдөрдү жана социалдык камсыздандыруу жыйымдарын чогултуунун начардыгынан улам келерки жылы пенсия төлөөдө кыйынчылыктар болушу мүмкүн экенин эскерткен. Мыйзам боюнча социалдык төлөмдөрдү чогултуу салык органдарына берилген болчу. Андан кийин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров да өкмөт жыйынында жөлөк пул төлөөдө ошондой коркунуч бар экенин билдирген эле:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

- Мен кызматка келгенде 252 миң жөлөк пул алуучу бар болсо, азыр алардын саны 312 миңге жетти. Жаңыдан жөлөк пул алчулардын саны 60 миң адамга көбөйдү. Ал эми бериле турган акча быйылкы бюджеттен 3 пайызга аз кабыл алынып, 97 пайызды түздү. Биз сураган акчадан 1 млрд. 306 млн. сом бизге жетишпейт. Эгерде ушундай боло турган болсо биз өзүбүздүн социалдык милдеттенмелерди аткарууда коркунуч пайда болушу мүмкүн экенин Финансы министрлигине жазганбыз.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындай божомолдорду четке кагып, социалдык төлөм боюнча милдеттенмелерди аткарууда эч кандай мүчүлүштүк болушу мүмкүн эмес экенин эскерткен:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- «Коркунуч пайда болду» деген сөз - өкмөт мүчөсүнүн айта турган сөзү эмес. Кечээ Социалдык фонддун төрагасы да «2020-жылдын башында пенсия төлөй албай калуу коркунучу бар» деп айтып жатат. Азыр сиздин сөзүңүздөн да ошондой нерсени угуп жатам. Акча жетпей жатса, «жөлөк пул берүүгө жетпейт» деп айткыла, биз ошого беребиз. Эл бизди азыр угуп жатат. Мунун баарын туура айтышыбыз керек. 97% эле берилип жатса, анда 3% жөлөк пул алуучуга акча берилбей калат дегендей айтып жатасыңар. Сөздүн туурасын айтсаңар. Биз азыр социалдык маселелерге келгенде бардык каражаттарды жумшайбыз. Жөлөк пул, пенсия, маянанын бардыгы өз убагында мыйзамда көрсөтүлгөндөй, көбөйтүлгөн өлчөмдө берилет. Мында эч кандай мүчүлүштүк болушу мүмкүн эмес.

Буга чейин былтыр жыл башында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү чоң экенин белгилеп, салык чогултууну оңдош үчүн жаңы фискалдык саясат иштелип чыгарын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG