Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Физиевдин өлүмү териштириле баштады


Башкы прокуратура Фирузхан Физиевдин өлүмүнүн тек-жайын иликтөөгө киришти. Физиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте каза тапканы айтылууда.

Атайын кызмат 1-августта мурунку бажы кызматкери Физиев "мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен шугулданган кылмыш топтун мүчөсү, колго түшпөй качып баратканда алган жарааттан каза тапкан" деп билдирген болчу.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, Фирузхан Физиевдин өлүмүн териштирип берүү өтүнүчү менен анын бир тууган эжеси, тажик жараны Резазафе Болоши менен адвокаты кайрылган.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев “Азаттыкка” иликтөө иштери башталганын билдирди:

- Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин тергөө боюнча башкармалыгына Тажикстандын жараны ошол каза болгон Физиевдин бир тууган эжеси менен адвокаты Айткуловдор келип, сөзсүз түрдө комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү жана кылмыш жагдайларын толугу менен калыс, адилет карап текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Азыркы күндө комиссиялык экспертиза жүргүзүү иштери башталды.

Айтмакчы, жергиликтүү comment.kg сайты Фирузхан Физиевдин бир тууган эжеси Резазафе Болоши менен маекти жарыялады. Маектин үзүндүсүн кыстара кетели:

- Аны сабап салышты. Бизде күбө бар. Аны да кошо кармап, ага басым жасап, акырында эч кандай дооматы жок айттыртып алып койо беришкен. Ал адам азыр башка мамлекетте жүрөт жана менин инимдин күнөөсү жок экенин далилдеп көрсөтмө бере алат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Физиев маңзат бизнесине тиешеси бар деп шектелип эбак эле издөөдө жүргөнүн айтууда. УКМКнын төрага орун басары Көлбай Мусаев мурунку бажы кызматкери, жеке ишкер Физиевдин Бишкекте жүргөн жерин таап, сары изине түшкөндө унаа менен качып кетүүгө далалат жасаган деп маалымдады:

- Алдын ала жыйынтыктар боюнча машинадан секирип кеткенде жаракат алган. Ал андан кийин эки кабат үйдүн үстүнө качып чыккан. Жашынып турган жеринен биздин кызматкерлер таап, кармайын дегенде секирип кеткен.

Бул Казакстандын Кордай айылында чоңойгон экен. Окуу жайын ушул жактан бүтүп, ушул жакта иштеп калган. Ал мүмкүн бизге колго түшпөй, Казакстанга качып кетем деп ойлогон. Экинчи кабаттан секиргенден кийин турбай жатып калган. Биздин кызматкерлер жатып калган жеринен УКМКга алып келишкен. Биз дароо тез жардам чыкырганбыз. Тез жардам келгенден кийин өлүп калганы анык болду.


Атайын операция маалында Физиевдин үйүн жана кеңсесин тинткен кезде ири өлчөмдө курал-жарак, тартип коргоо органдарына тиешелүү буюм-тайымдар менен кошо бажы кызматкеринин күбөлүгү чыккан.

Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев Физиев он жылдай Бажы кызматынын Маңзатка каршы күрөш башкармалыгында иштегенин, жыл жаңырганда кызматын улантуу тууралуу аны менен жаңы келишим түзүлбөй иштен кеткенин “Азаттыкка” билдирди:

- Ал күбөлүктүн болгонун тастыктай алабыз. Себеби ал жумуштан кетип жатканда 2012-жылга чейин жарамдуу деген күбөлүгүн тапшырбай, иштен кетип жаткандагы кагаздарды толтурбай кеткен экен. Эмгек китепчеси ал кагаздарды толтуруп тапшыргандан кийин берилмек. Күбөлүктү алып койгонго укугубуз жок. Өз эрки менен келип кагаздарды, күбөлүгүн тапшыргандан кийин эмгек китепчеси берилмек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1-августта Кыргызстанда мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен шугулданган топ ашкереленди деген маалымат таратып, алардын арасында милициянын эки кызматкери жана "Ислам жихады бирлиги" деп аталган уюмга катышы бар деп шектелген адам бар экенин билдирген болчу. Атайын операция маалында шектүүлөрдүн бири курман болгону кошумчаланган.

XS
SM
MD
LG