Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 21:37

Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча орус-кыргыз өкмөттөр аралык келишимдин токтогонуна байланыштуу орус тарап курулушка кеткен чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылууда.

Карыздарды төлөө боюнча эки тарап бир пикирге келе албай жатканын негизги себеби эмнеде? Маселе эл аралык сотто чечилеби, өз ара эсептешүү аркылуубу? Жогорку Нарын ГЭСтеринин тагдыры кандай болот?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов, “Электрстанциялар” компаниясынын жетектөөчү инженери Каныбек Оморов жана энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов катышты.

“Азаттык”: Каныбек мырза, 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга кол коюлуп, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун орус тараптан “РусГидро”, кыргыз тараптан «Электр станциялары» компаниялары баштаганы белгилүү. Арадан төрт жыл өтпөй долбоор үзгүлтүккө учурап, токтоп калганынын негизги себеби эмнеде болду?

Каныбек Оморов: Бул келишимдин үзүлүшү, иштебей калышына Орусия тараптан курулуш иштеринин создугуп кетиши, тиешелүү каражаттардын убагында бөлүнбөгөндүгү себеп болгон. Мындан ары чыдап күтүп отура берүүгө болбой калган, орус өкмөтү, президентине чейин сүйлөшүүлөр болду. Анын үстүнө Орусиянын өзүндө да санкциялар кирип, ал дагы өз таасирин тийгизди. Ушундан улам эки тараптуу келишим токтотулган.

Орусия тарап Өзбекстандын кызыкчылыгын көздөп, каржылоону кечеңдетип туруп алды. Көрүнгөн шылтоону айтып жүрүштү.

“Азаттык”: Орусия тарап, ГЭСтердин курулушунун кечеңдешине Кыргызстан тиешелүү жерлерди убагында бөлүп, мыйзамдаштырууну кечеңдетип койду деп айтышты эле...

Каныбек Оморов: Курулуш маалында андай дооматтар, шылтоолор боло берет. Негизги маселе каржы маселесин чечмейинче курулуш жылбайт эле. Курулуштун техникалык-экономикалык негиздемелери даяр болсо да, аны орус тараптан изилдеп, бекитүү мөөнөтү да созулуп кеткен. Ошондуктан келишимдин бузулушуна жерди бөлүп берүү себеп болгон деген туура эмес.

“Азаттык”: Алманбет мырза, Орусия тарап кеткен чыгымдарды төлөп берүү боюнча талап коюп баштаганда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, иш алып бардыңыздар, анын жыйынтыгы эмне болду?

Алмамбет Шыкмаматов: Мен дагы Каныбек аксакалдын айтканына кошулам, долбоордун токтоп калышына жер бөлүп берүү себеп болгон эмес. Анткени курулуштардын баарын салып бүткөнчө жердин баары аларга өтмөк.

Бул жерде андан да маанилүү, геосаясий маселе бар. Өзбекстан ГЭСтердин курулушуна караманча каршы болуп келген. Орусия тарап Өзбекстандын кызыкчылыгын көздөп, каржылоону кечеңдетип туруп алды. Убагында акчаны берип турганда ал ГЭСтердин теңи бүтүп калмак. Көрүнгөн шылтоону айтып жүрүштү.

Дипломатиянын тилинде “Өзбекстандын кызыкчылыгын көздөп жатабыз, ГЭСти салбай калдык” деп айтпайт да. Ар кандай шылтоолор менен созо бергенден улам акыры денонсация болду.

Биздин депутаттык комиссия боюнча. Жалпы долбоордогу 700 миллион долларга төрт ГЭС салынмак. Акчаны оңду-солду чача башташат, келишимдин аягы ушундай аяктайт деп эч ким күткөн эмес. Бизден доолап жаткан 37 миллион доллар өтө жогорулатылган акча болууда, орус тарап ордуна коюп койгула деп жатат. Биз аларга төлөбөй кое албайбыз, биз аларга “адилеттүү кылалы, баалар, сумма эки-үч эсе кымбат” деп жатабыз. Күнөөлүү адамдар жоопкерчилик тартсын деп жатабыз.

Биздин өкмөт болсо орустар доолап жаткан 37 миллион долларды жаңы инвестордун мойнуна илебиз деп жатат. Дегеле, инвестор келеби, бир кудай билет. Болуптур, жаңы инвестор келип, убактылуу өзүнө алат да, кийин биздин мойнубузга илет.

Биздин депутаттык комиссия бардык чыгымдар боюнча Эсеппалатасы текшерсин, эл аралык көз каранды эмес аудиторлорду жалдайлы, чыныгы кеткен чыгымды элге ачык айткыла деп жатабыз. Азыр Эсеп палатасы "биз текшербейбиз" деп баш тартып жатышат. Өкмөт болсо Орусия тарап менен ана сүйлөшөбүз, мына сүйлөшөбүз деп отурат.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу канчалык деңгээлде Орусия тарапты кызыктырган, алар үчүн канчалык пайдалуу долбоор болмок? Дегеле, бул объект экономикалык эмес, саясий долбоор болгон дегендер да бар эмеспи...

Мындай курулуш кыргыз эли үчүн кымбатка туруп калууда. Бул ГЭСтерди куруу долбоору ачык жарыяланышы керек эле, Түркиябы, Кытайбы, Түштүк Кореябы бардык инвесторлор үчүн бирдей шарт түзүү керек болчу.

Жаныбек Оморов: Биздин өкмөт мындай ири долбоорлорду карап жатканда бир беткей эле Орусия тарап менен иштешип келген. Ошон үчүн мындай курулуш кыргыз эли үчүн кымбатка туруп калууда. Бул ГЭСтерди куруу долбоору ачык жарыяланышы керек эле, Түркиябы, Кытайбы, Түштүк Кореябы бардык инвесторлор үчүн бирдей шарт түзүү керек болчу. Орустарга гана берилип калгандыктан алар бааны бир беткей көтөрүп жиберишти.

Мынча сарптадык деген дооматтарына кыргыз тарап өз сөзүн бекем айтышы керек. Эсептеп, текшерип чыкканга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Анан жаңы инвестор таап келгенден кийин алар менен сүйлөшүү жүрөт. Алар келгенче эле “келе менин акчамды” деген туура эмес. Эл аралык мыйзамдарга да каршы келет. Эгерде долбоордун баасын кайра эсептеп чыккандан кийин бүгүнкү баадан төмөн болуп кетсе, жанагы сурап жаткан акча төлөнбөй да калышы мүмкүн...

Талкуунун толук вариантын видеодон көрүңүз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG