Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Жазгы үзүмчүлүк: жаңы-эски тажрыйба


Жаздын келиши менен адамдын организминде витамин тартыштыгы байкала баштайт. Жазында дени сак, сергек жашоо үчүн адам өзүнө кандай кам көрүшү керек?

Жаз келгени жашылча саткан базарлардын соодасы кызый баштайт. Кышы бою сатылчу бадыраң, помидор, капуста, пияз сыяктуу жашылчанын жанына эми жазгы көк чөптөрдүн жайнаган түрү кошулду. Ош шаарындагы витамин жетишсиздигинен коргоп калууга өбөлгө болчу базарга кабарчыбыз Ыдырыс Исаков барып келди:
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00
Түз линк
Сүрөттөр сүйлөйт: Оштогу көк чөп базары

Баткендиктерде витамин тартыштыгын жоюунун өзгөчө ыкмалары бар. Жергиликтүүлөр "кара баар" деп аталган жазгы үзүмчүлүктөн кантип чыгаарына Жеңиш Айдаров кызыгып көрдү:
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00
Түз линк


Узак жана саламат жашоонун сыры - кыймыл. Бул жалпы эреже болгону менен, азыркы техника жана технология өнүккөн заманда кыймылдоого чолоосу жоктор четтен чыгат. Мындайда 70ке чыкса да эр жигиттей шайдоот Асан карыя өңдүү улуу муундун өкүлдөрүнөн үлгү алса пайда берчүдөй дейт Нарындагы кабарчыбыз Токтосун Шамбетов:
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00
Түз линк


Ысык-Көл облусунун күңгөй жээгинде кыштын кыраан чилдесинде да, чыкыроон жазда да, саратан жайда да таң атпай көлгө түшүп, ден соолугун чыңдагандар бир топ. Андайлардын бири Вера Дубовскова муздак сууга кантип түшөөрүн аймактык кабарчыбыз Мария Колесникова өз көзү менен көрүп, кеп-кеңешин угуп келди.
Чилдени тоотпогон Вера
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00


Кыргызстанда туура тамактанбагандан улам көпчүлүк жарандар ар кыл ооруларга чалдыгып, саламаттыгы начарлайт. Бул тууралуу Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчи орун басары, иммунолог Турсун Мамырбаева “Азаттыкка” маегинде билдирди. Иммунолог менен жаз күнүндө кантип ден соолук чыңдоо керектиги тууралуу кабарчыбыз Бакыт Асанов маектешти:
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG