Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Укук коргоочунун укугун ким коргойт?


Укук коргоочу Азиза Абдирасулова, 18-декабрь, 2007-жыл
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова, 18-декабрь, 2007-жыл

Front Line Defenders уюму кыргызстандык укук коргоочулар дагы деле бийликтин басымына кабылып келатканын жарыялады.

Уюмдун маалыматында, мындай басымды өлкөнүн түштүгүндөгү укук коргоочулар көбүрөөк сезишет. Анткен менен расмий органдар мындай маалыматты четке кагып, анын чындыкка дал келбей турганын айтышууда.

Front Line Defenders уюму дүйнөдөгү укук коргоочулардын укугун коргоо менен алектенет. Баш кеңсеси Дублинде жайгашкан бул уюм Кыргызстандагы укук коргоочулардын абалы тууралуу маалыматты өз байкоосуна таянып даярдаган. Ага ылайык, кыргызстандык укук коргоочулар дале болсо бийликтин басымына кабылып келатат.

Уюмдун өкүлү Адам Шапиронун айтымында, бул көрүнүш айрыкча 2010-жылдагы коогалаңдан кийин түштүктө көбүрөөк байкалган:

Азимжан Аскаров жана акыйкатчы Турсунбек Акун
Азимжан Аскаров жана акыйкатчы Турсунбек Акун
- Албетте Кыргызстанда укук коргоочулардын абалы мурдагыга
караганда алда канча жакшырды. Учурда Кыргызстанда укук коргоочулар коомдо эң маанилүү орунга ээ боло алышты. Бирок буга карабай бир катар кемчиликтер бар экенин белгилегим келет. Маселен, укук коргоочу Азимжан Аскаров өзүнүн укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн куугунтукка алынып, ага тагылган айып адилет тергелбей, кесилип кетти.

Ошондой эле түштүктөгү бир катар укук коргоочуларга, адвокаттарга да ар кыл формада басым жасалганын байкадык. Кээде бул физикалык күч колдонууга чейин барат экен. Балким ар дайым эле чиновниктер же укук коргоо органдары мындай басымдарды жасабайт чыгаар. Бирок укук коргоочуларга жасалган басымга чара көрбөгөнү деле көп нерседен кабар берет.


Ошондой эле эл аралык уюмдун өкүлдөрү июнь окуялары учурунда адам өлтүрүүгө катышкан делип, өмүр бою эркинен ажыратылган өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырына көз салып, аны эркиндикке чыгарууга аракет көрөөрүн билдирүүдө.

Өздөрү эмне дешет?

Өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө жакшы таасир калтырбаган бул маалыматта чындык бар экенин айрым жергиликтүү укук коргоочулар да танышпайт. “Жарандар коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова борбордук бийлик укук коргоочуларды өнөктөш санап, эсептеше баштаганы менен аймактарда алар кодулоого дагы деле туш болууда:

- Биз көйгөйлүү бир маселелерди көтөрүп чыккан учурда айрым чиновниктер мурдагы Совет мезгилинен калган бюрократтык аң-сезим жана адат менен уккулары келбейт, жооп бербей коёт. Айрымдары куугунтуктай баштайт. Ошол учурда Бишкек менен аймактар ортосунда абдан эле чоң айырма бар. Мисалы, Бишкекте бир орган көңүл бурбаса, экинчисине бара калабыз. Ал эми аймактарда укук коргоочуларды басмырлаган учурлар көп эле. Прокурор болобу же тергөөчүбү, жогорку чиновниктер куугунтуктаган, басмырлаган көрүнүштөр бар.

Бирок оштук укук коргоочу Изатулла Рахматуллаев чет өлкөлүк уюмдун маалыматтарында ашыкча айтылган сөздөр да арбын экенин белгилейт. Рахматуллаевдин айтымында, Ошто иш алпарган укук коргоочулар кысымда деле сезе элек:

- Мен эки жарым жылдан бери адам укугун коргоп жүрөм. Ошондон бери мага бирөө келип "сен өзбексиң, укук коргоочусуң" деп бир сөз да айткан жок. Албетте июнь окуяларынан соң анча-мынча окуялар болду. Бирок учурда жергиликтүү бийлик болобу же башкасыбы мага басым жасады деп айта албайм. Себеби андай факт жок.

Ошол эле учурда расмий органдар да мындай жыйынтыкка макул эмес. Маселен, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Эркинбек Алымбеков эл аралык укук коргоочулар бийлик басымында деген баасы чындыкка дал келбей турганын белгилейт:

- Башкаларга салыштырмалуу биздин абал өтө эле жакшы экенин көрүп келе жатпайбызбы. Биздин укук коргоочулар президент, өкмөт баш болуп эле прокуратура, УКМК, ИИМ сыяктуу органдарды үстүккө-бостокко сындап келе жатпайбы. Башка өлкөлөрдө мындай сындамак түгүл, айтканга шарты жок. Абал абдан эле өзгөрбөдүбү. Эгер кайсы бир укук коргоочунун укугу басмырланган факт болсо ачык айтса, парламенттеги тиешелүү комитет катары чара кабыл алабыз.

Анткен менен Front Line Defenders уюму Борбор Азия өлкөлөрү ичинен адам укугу жаатында абал жакшы делген Кыргызстанда укук коргоочуларга жасалып жаткан кысымдарга тезинен чара көрбөсө, өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркына шек келтирет деп эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG