Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Айгеримдин абалына ким жоопкер?


Бакчадан табылган баш оору
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Бишкектеги №31 балдар бакчасынын тарбиялануучусу Айгерим Атамбек кызы бакча имаратынын экинчи кабатынан кулап кеткен.

7-апрелде Бишкектеги №31 балдар бакчасынын тарбиялануучусу Айгерим Атамбек кызы бакча имаратынын экинчи кабатынан кулап кеткен.

Учурда Айгерим балдар ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми анын ата-энеси кырсыктын келип чыгышына жоопкер адамдарды жоопко тарттыра албай убара.

Окуядан кийин бала бакча тарбиячылары да, же бакчадан кийин үйдө караган тарбиячысы да Тез жардам чакырткан эмес. Натыйжада, кызга беш сааттан ашык медициналык жардам көрсөтүлбөй калган. Маршруттук такси айдаган Атамбек Рахманов түнкү он эки жарымда үйүнө келгенде гана кызынын оор абалда жатканын көргөн:

- Курткасын кийгизип, алып жөнөйүн десем “ата үшүдүм” деди. Ошону менен 5 күн эсине келбей жатты. Көчөдө бирөө жыгылып калса деле жардам бересиң да. Ошондой эле жардам көрсөтүшсө болмок да. Эгер депутат, же министрдин баласы болсо ошол эле күнү аңтарылып түшмөк ал бала бакча. Менин кызымдан болсо бир айдан бери эч ким кабар алган жок. Кызымды буюрса 3-4 күндөн кийин чыгарам.

Окуядан бир жума мурда эле Айгеримдин апасы Бактыгүл Иманалиева Орусияга иштегени кеткен болчу. Ал азыр кайтып келип, кызын карап жатат:

- Операция кылган байке да өтө катуу жыгылыптыр деп аябай таң калды. Мээси сыртка чыгып кетиптир, мээге залал келтирбей калыбына келтирип тигип койдук деди. Убагы менен дарылап турсаңар жакшы болуп кетет дейт. Эки жыл реабилитация болот экен. Ар бир үч же алты ай сайын ооруканага жатышыбыз керек.

Ал эми Айгерим тарбияланган №31 балдар бакчасына барганыбызда өзүн жаңыдан бакча башчысынын милдетин аткарып жатам деп тааныштырган айым биз менен сүйлөшүүдөн баш тартты:

- Мен силерге эч нерсе айта албайм. Баарын сот чечет.

"Бирок сот болобу, же болбойбу, азырынча белгисиз. Анткени бул боюнча кылмыш иши козголо элек",- деди Биринчи май РИИБинин тергөөчүсү Талант Абдылдаев:

- Ал жерде кылмыштын курамы жок да. Бул нерсе орусча айтканда, дисциплинардык тартипте карай турган иш.

Дисциплинардык чара көрүлүп, бакча жетекчиси кызматтан алыныптыр. Бирок "Балдардын укугун коргоочулар" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова бул иш боюнча аракеттенип, окуяга тиешелүү адамдарды жоопко тарттырууну көздөп жатышкандыктарын билдирди.

Ошол эле тапта Атамбек бала бакча жетекчилиги кырсык боюнча кайра алардын өздөрүн күнөөлөп жатышканын айтты. Кызын ооруканага алып баргандын эртеси аны ооруканадан Биринчи май райондук милициясы кармап кетип, ур-тепкиге алган:

- 3-4 опер мени 5 саат бою тамагыма тепкилеп, электрошокер менен кыйнашты. Сен кызыңды өзүн зордуктагансың деп айып тагышты. Балдызым Махабат томографиясын чыгарып, кызымдын денесин текшерткен. Ал “жездемди кое бергиле” дегенден кийин гана кое беришти. Ошондо да айдоочулук күбөлүгүмдү алып, бербей коюшту.

Бул боюнча Атамбек Улуттук коопсуздук кызматына арыз менен кайрылган. Мунун чоо-жайы 15 күндүн ичинде билинерин УКМК өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми айдоочулук күбөлүгүнөн айрылган Атамбек кызынын дары-дармегине акча табыш үчүн курулушта жалданып иштеп акча табууда. Ал жогорку билим алган эмес, бийликте иштеген бир да таанышы жок. Мына ушундан улам кайра өзүмө чабуул болуп жатат деп ойлойт.

Ошентсе да “Азаттык” бул окуяга көз салып, иштин жыйынтыгы менен сиздерди тааныштырып турмакчы.

Кантсе да бул окуя өлкөдөгү бала бакча маселеси олуттуу көйгөй экенин эске салгандай. Анткени, айрым бала бакчаларда балдардын саны нормадан ашып кеткен учурлар көп. Ошондон улам баламды бакчадан чыгарып койбосун деген чочулоо менен андагы терс көрүнүштөр тууралуу ата-энелер көп ооз ача беришпейт.

XS
SM
MD
LG