Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:27

Атадан кордук көргөн жигиттин жашоосу өзгөрдү


Өспүрүм кезинде өз атасынын жыныстык зомбулугуна кабылганын айтып чыккан жигиттин жашоосу өзгөрө баштады.

Быйыл январда "Азаттык" радиосунун журналисти аны "Сезим" кризистик борборуна алып барган. Аталган уюм жигитке психологиялык жана материалдык көмөк көрсөтө баштаган эле. Арадан эки ай убакыт өткөндөн кийин акыбалын сурап кайрылдык.

- "Азаттык" радиосуна жана "Сезим" кризистик борборуна чексиз ыраазымын,- деп кеп баштаган 26 жаштагы жигит "Азаттык" радиосуна келгенде өспүрүм кезинде туш болгон аянычтуу тагдырын буркурап ыйлап айтып берген. Өткөндү унута албай өз өмүрүнө кол салууга бир канча ирет аракет кылганын, жашоодон түңүлгөнүн баяндаган.

"Сезим" кризистик борбору өздөрү ишке ашырып жаткан көмөктөшүү долбоорунун алкагында ага моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп, чачтарачтын курсуна окута баштады. Жарым жылдай мөөнөткө стипендия, кийим-кече менен камсыздады.

- "Сезим" кризистик борборунун психологдору жакшы жардам беришти. Азыр да көмөктөшүп жатышат. Алар ой-пикиримди, көз карашымды өзгөртүштү. Жашоонун жакшы жагын көрө баштадым. Чачтарачтын курсунда окууну улантып жатам. Окууну бүтсөм, ушул багытта ишимди улантып кетем,- деди жигит. Анын азыркы абалы бизди кубандырды.

Жигит тагдырдын сыноосуна кабылгандар башкаларга өзү тууралуу айтып, жанын жеген көйгөйдөн арылышы керектигин белгиледи:

- Билинбегени менен мен сыяктуу жардамга муктаж кишилер көп. Мен кезинде ар кимден уялып жүрө берчүмүн. Бугумду чыгара алчу эмесмин. Акыры арманымды башкаларга айтууну туура көрүп, интернет аркылуу "Азаттыктын" журналисттерин таап, кайрылгам. Азыр менде баары жайында. Албетте, мурдагы жашоомдо болгон жаман окуяларды биротоло унута албайм. Мага жардам колун сунган бардык адамдарга алкыш!

"Сезим" кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова "тек гана милдетибизди аткарып жатабыз" деп, зарыл учурда көмөк көрсөтүү улана берерин билдирди.

"Азаттык" радиосу жигиттин алдыдагы жашоосу ийгиликтүү болушун каалайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG